«ЗААРАМДЫ КАРМАНА АЛБАЙМ». Уролог кеңеш берет

«Супер-Инфодон» окурмандарга өзгөчө мүмкүнчүлүк. Пайдаланып калыңыз! Урология жаатындагы сизди түйшөлткөн суроолор барбы? Анда 0557 75 63 11 WhatsApp номерине жөнөтүңүз. Суроолорго Улуттук урологиялык борборунун врач-урологу, медицина илимдеринин кандидаты, 35 жылдык иш тажрыйбасы бар Жуман Мырзалиев жооп берет. Жооптор жума сайын гезит бетине жарыяланып турмакчы.

«ЗААРАМДЫ КАРМАНА АЛБАЙМ»
– 34 жаштамын. Жакындан бери катуу күлсөм, жөтөлсөм же болбосо чүчкүрсөм заарам чыгып кетип жатат. Кимге кайрылсам болот, гинекологгобу же урологгобу?

Айжан, Токмок шаары

– Заараны кармай албоо айымдарда эң көп кездешүүчү көйгөй. Анын 2 түрү бар: стресс абалында, тактап айтсак, күлгөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, жыныстык катнашка барганда жана башка учурларда. Ургенттик абал – табарсык ордунан козголуп калганда, заарага толгондо, дааратканага баргыңыз келип кармана албай калганда. Негизи аялдардын жамбаш булчуңдары эркектердикине салыштырмалуу алсыз болот. Аялдардын көпчүлүгү төрөттөн алган жаракаттардан, көп төрөө, гинекологиялык операциялардан улам жамбаш булчуңдары алсызданып, бул көйгөйгө кабылышат.

Мындан сырткары эстроген гормонунун жетишсиздиги, жаш өткөн сайын баш мээнин кабыгындагы зааранын чыгышын көзөмөлдөөчү бөлүгүнүн өзгөрүшү, инсульт, атеросклероз, кант диабетинин 2 тиби бул көйгөйдүн жаралышына себепчи болот. Заараны кармай албоодон консервативдүү жол (булчуңдарды бекемдөөчү ар кандай физикалык көнүгүүлөрдү, массаж жасоо, дары-дармектер менен дарылоо) жана операциялык жол менен арылууга болот. Ич катуунун, семирип кетүүнүн алдын алыңыз. Булар да заараны кармай албоого себепчилерден. Так диагноз коюу үчүн сөзсүз урологго же гинекологго кайрылыңыз.

«МЫРЗАЛАР УРОЛОГДУН ТЕКШЕРҮҮСҮНӨН КАЧАН ӨТҮҮСҮ КЕРЕК?»

– Жашым 28де. Буга чейин бир да жолу урологдун текшерүүсүнөн өткөн эмесмин, деним сак. Негизинен мырзалар урологдун текшерүүсүнөн кайсы убакта өтүүсү керек? Жакында үйлөнгөнү жатам. Текшерилишим керекпи?

Айбек, Бишкек шаары

– Ооба, жашыруун эмес, көпчүлүк мырзалар текшерилүүнү каалашпайт, оорусу күчөгөндө келишет. Негизинен мырзалар оорубаса дагы жылына 1 жолу урологдун текшерүүсүнөн өтүп коюшу шарт. Бул кадам көп оорулардын алдын алат. Ал эми такай жыныстык жашоодо жашагандар жана өнөктөшүн көп алмаштыргандар 3-5 айда текшерилип, тиешелүү анализдерди тапшырышы шарт. Анткени көп венерикалык оорулар билинбей өөрчүйт. Ошондой эле үйлөнөм деген жигиттер да дарыгердин текшерүүсүнөн өткөнү дурус. Айрым оорулар көп жылдар бою козголбой жүрүп, үйлөнгөндөн кийин козголушу мүмкүн жана жыныстык жактан жугуучу оору болсо келинчегиңизге жукпашы үчүн дарыланууңуз кажет.

«ГЕНИТАЛДЫК УЧУКТАН ТОЛУК АРЫЛУУГА БОЛОБУ?»

– Жыныс мүчөмө бир нерселер чыгып, урологго барсам гениталдык учук деп диагноз коюп, дарыландым. Бирок кайра чыгабы деп чочулап жатам.

Азамат, Бишкек шаары

– Гениталдык учукту – жөнөкөй учук (герпес) вирусу чакырат. Жыныс органынын сыртына, былжырына тирсектей болуп чыгып кычышат, шишийт, 3-4 күндөн кийин катып, кургайт. Ооруган адамдын дене табы көтөрүлөт, башы ооруйт. Учук оорулуу адамдан жугат жана гигиенаны туура эмес сактоодон пайда болот. Дарылоодо дары-дармектер колдонулат. Бирок дарылоо курсунан кийин денеге чыккан жаралар кеткени менен, учук вирусу өмүр бою организмде калат. Мындай адамдар жыныстык өнөктөштөрүнө инфекциянын булагы болуп кала берет. Андыктан 6 ай сайын анализ тапшырып, ошонун жыйынтыгына карата антивирустук дарылоодон өтүп турушу шарт.

«ЗААРАМ АЗ ЧЫГАТ?

– Жашым 41де. Акыркы күндөрү белим сайышып ооруп жатат. Отуруп-турганда кадимкидей кыйналам. Сууну көп эле ичкендей болом, бирок заарам аз эле чыгат. Бул эмнеси?

Бектен, Кара-Балта шаары

– Канча суу ичсе, ошончо заара бөлүнүп чыгат деген туура эмес. Зааранын өлчөмү ичкен суюктуктан сөзсүз аз болот. Анткени суюктук тер, дем аркылуу да бөлүнүп чыгып кетет. Алсак бир күндө 1200 миллилитр суюктук (чай, суу, шорпо, кофе) ичсеңиз, болжол менен 750-900 миллилитр заара бөлүнүп чыгышы шарт. Белиңиздин ооруганы боюнча айтсам, менимче, сиз куяңга кабылгансыз. Неврологго кайрылып текшерилиңиз.

«УРУКТУГУМДУН ӨҢҮ БАШКАЧА»

– Акыркы убакта уруктугумдун өңү өзгөрүп баратат, жашыл сыяктуу. Байкашымча, мурун агыш болчу. Анан да жыныс мүчөм муздап калып жатат. Бул эмнеси? Эмне кылышым керек?

Марат, Ош шаары

– Бул урук чыктагыч безинин оорусунун (простатит) белгилери. Өтүшүп кете электе урологго кайрылып, спермограммага жана жыныстык жактан жугуучу ооруларга анализ тапшырыңыз. Чыккан жыйынтыгына жараша дарыланасыз. Өз алдынча дарыланууга болбойт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Saidochka
2018-09-11 23:45:54
Урологго кайрыламбы же гинекологго бу?-деген суроого урологго же гинекологго дептир го;)))
+5
DNurgiza
2018-09-12 07:06:10
Saidochka,чын эле))
0
Nurmatova.
2018-09-14 12:26:37
Saidochka,экооно тен кайрылса боло берет да
0
Raha_83
2018-10-27 16:52:53
Жакшыы суроомо жооп таптым рахмаат
0
№ 827, 7-13-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан