БИШКЕКТЕ ЛОГОПЕД МЕКТЕБИ АЧЫЛДЫ. “МЕНИН ЖАКШЫ ОКУГУМ КЕЛЕТ”

Жакында Бишкекте өзгөчө балдар үчүн инклюзивдүү мектеп ачылып жатат. Эгер балаңыз мектепте жакшы окуй албай жатса, анда адис издеп отурбай, бардык шарты бар орто мектепке кайрылыңыз. Балаңыз жакшы да окуйт, сиздин да көңүлүңүз да тынч болот.

– Саламатсызбы, Гүлнара Жеңишбековна, жакында Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жекече орто мектеп ачып жатыптырсыздар. Мектеп кандай шартта иш алып барат?

– Өзүңүздөр билгендей, буга чейин бизде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен атайын адистер иш алып барышчу. Кулагы укпаган же начар уккан, кекеч же тили кеч чыккан балдар менен иштешип, аларды мектепке даярдайбыз. Мектеп жашына келгенде балдар өзүбүздүн атайын адистешкен мектепте 1-класстан 4-класска чейин окушат. Андан соң гана орто мектептерге узатабыз. Айрым балдар мектеп программасын өздөштүрүп кетсе, айрымдары алып кете албайт. Ошол себептен ата-энелердин суранычын эске алып тил жагынан болобу, акыл-эси жагынанбы, жардамга муктаж балдар үчүн инклюзивдүү мектеп ачып жатабыз. Инклюзивдүү мектеп деген кемчиликтери бар, өзгөчө балдарды өзү курактууларга кошууга багытталган орто мектеп.

Негизи окуу жайды 14 балага ыңгайлаштырганбыз, азырынча жыйынтык жакшы болсун деп 8 бала алып жатабыз. Мектеп программасынан тышкары балдар менен жеке сабактар өтүлүп, логопед, сурдопедагог, дефектолог, клиникалык психологдор иш алып барышат, эки маал тамак ичишет. Ата-энелер ар кайсы адисти издеп шаардын бир бурчунан экинчи бурчуна чуркашпайт. Балдар бир эле мектептен керектүү адистерден сабак алышат. Сабак эртең менен саат 8де башталат.

– Бишкекте мындай багыттагы башка мектептер бар беле?

– Республикалык деңгээлде адистер иш алып барган мектеп Сокулук районунда гана бар. Ал жакка бала менен күндө катташ, албетте, көп кыйынчылыктарды жаратат. Ошондуктан Бишкекте жашаган ата-эне үчүн ыңгайлуу болсун деп 10-12-кичи районунда мектеп куруп жатабыз. Буюрса, 20-сентябрда ачууну көздөп турабыз.

– Бизде кеч сүйлөп же кекечтенип сүйлөгөн балдарды логопеди бар бала бакчага берип коюшат эмеспи. Логопед канчалык жардам бере алат?

– Бала өсүү жагынан курдаштарынан кечигип жатса атайын адистерге көрсөткөн оң. Тилекке каршы, сиз айткандай, ата-эне аны жакшы түшүнбөй эле менчик бала бакчага же мектепке берип коёт. Логопед бар экен, ошол жардам берет деп ойлошот. Эгер бала кекеч болсо аны менен кошумча клиникалык психологдор иштеши керек. Айрымдарына баланын акыл-эс, ой жүгүртүүсүн жакшырткан адис олигофренопедагогдун жардамы зарыл болушу мүмкүн.

– Балдардын кеч калыптанышынын алдын алса болобу?

– Албетте, канчалык ата-эне эрте кайрылса, ошончолук жакшы. Көп ата-энелер баланын тили кечигип жатса “мына чыгып калды, кичине сүйлөп калды” деп өздөрүн алдап убакытты өткөрүп жиберишет. Мектеп жашына келгенде гана алдастап адис издеп жөнөшөт. Бала сабакты өздөштүрө албай кыйналып, стресске учурайт. Айрымдар "40 бала билгенди сен эмнеге билбейсиң?" деп ага басым жасашы мүмкүн. Окуучу ого бетер корунуп калат. Андыктан балаңыз окуу программасынан артта калып жатса, тыбыштарды так айта албаса, окуп, оюн жеткире айта албаса, туура жаза албаса, үйрөнүп кетет деп көңүл кош карабай, адистерге кайрылыңыздар. Анткени эне кош бойлуу кезинде кыйналып, баланын баш мээсинин кайсы бир жерине доо кеткен болушу ыктымал. Ал эми адистер кылдаттык менен мамиле жасап, маселени жоюшат.

– Маегиңизге рахмат.

www.logoped.kg

Гүлжамал Абылкасымова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
korea
2018-09-11 22:40:49
Саламатсызбы Админ! Гульнара Женишбековна менен кантип байланышсак болот? Сураныч билип берип коёсуздарбы?
0
Kyialkech
2018-09-12 22:46:55
Саламатсыздарбы админ. Гульнара Женишбекова менен кантип байланышабыз жана бул мектепке кайсы документтер аркылуу кандай жолдор менен киргизе алат экенбиз. Рахмат.
0
admin_media
2018-09-13 11:15:41
Kyialkech, korea, саламатсыздарбы! Кабардын астында (кабарчынын аты жөнүнүн үстүндө) көрсөтүлгөн шилтемеге кирип, ал жакта жазылган байланыш номерлерге чалсаңыздар болот.
0
№ 827, 7-13-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан