КАТТАМА ЖЕГИҢ КЕЛСЕ ЧОЛОККО БАР

Боом капчыгайына жете бербей трасса боюнда жайгашкан Чолок айылын (Кемин району) өлкөбүздүн айрым жарандары гана эмес, чет өлкөлүк туристтер да биле баштады. Анткени эс алууга Ысык-Көлгө бараткандар ал жерден каттама жеп, самоордун сүттөгөн чайын ичип анан сапарын улашат. Тамактануучу жайлар гана бардай көрүнгөн бул жерде Чолок айылы бар. Үйлөр чоң жолдун ары жак-бери жагында чачкын жайгашкан. Айылда 13 түтүн болсо, тамактануучу жайлардын саны 22. Ошондо айыл тургундарынын дээрлик бардыгы каттама, сүттөгөн чай сатып жанын багат десек туура болчудай.


«КАРДАРЛАР СООДАГЕРЛЕР БОЛЧУ»

Союз тарап, эл жумушсуз калганда, 1989-жылы Чолок айылынын тургуну Анара Ниязалиева дал ушул жерге майда-чүйдө сатып, жүргүнчүлөрдүн көңүлүн бурган.

– Бул жерде башында сагыз, ширеңке, тамеки, суусундук сыяктуу майда-чүйдө сатып баштагам. Мени туурап кошуналарым да чыкты. Ошол жылдары Ысык-Көл, Нарынга товар ташыган соодагерлер көп болчу. Негизги кардарларыбыз ошолор болду. Жаңы келгенибизде бул жерде суу жок болчу, аны чыгардык. Башында самоорго чай коюп, оромо жасадык. Оромо жегиси келбегендерге эмне берсек болот деп ойлонуп каттамага токтолдум да, нак каймак менен каттама жасап сата баштадым. Мени көрүп жанымдагылар дагы каттамага өттү. Анан Бурулкан деген апа боз үйүн алып келди. Ал кезде баарыбыз жайма столдо соода кылчу элек. Кээде соодага чыкпай да калчубуз. Бурулкан апа такай чайын кайнатып, каттамасын жасап, кардарлары менен таанышып кобурашып отурчу. Анда каттама 5 эле сом болчу.

Бул жерге атайын каттама жейм деп келген кардарларыбыз көбөйүүдө. Буга Бурулкан апанын салымы чоң. Мен ал ортодо жашоо шартка жараша башка жумушка кетип калдым. Бурулкан апанын көзү өтүп кеткени ишин уул-келини улантып кетти.

«АПАМ УШУНДАЙ ИШТИ БИЗГЕ КАЛТЫРЫП КЕТКЕНИНЕ ЫРААЗЫМЫН»

Бурулкан апанын ишин улантып жаткан келини Гүлзат Койгелдиева өзү жаңыдан иштете баштаганда каттама 20 сом болгонун баяндап отурду.

– Апам 2011-жылы 76 жашында каза болду. Ал каттама жасаганды бизге үйрөтүп, ишин бизге калтырып кеткенине ыраазымын. Мен жасаган каттама апамдыкына жетпейт, аны апамдын кардарлары айтып калат. Ошентсе да апамдыкына окшоштурганга аракет кылып, жумшак, камырын ичиндеги жүсай көрүнгүдөй жука кылып жасайм.

Мурда кардарларга чайды самоордон чыныларга куюп берчүбүз. Бир учурда 5-6 столго чынылап чай ташуу кыйын болуп калат экен. Ошондуктан азыр сүт чайды чайнек менен берип калдык. Бирок апамдын мурунку кардарлары келгенде чынылап чай сунабыз. Алар ошого көнүп алышкан. Апам каттаманы көтөрүп кетүүгө уруксат берчү эмес. Кардарын маңдайына отургузуп алып кобурашып, столго каттама менен каймагын коюп, самоордун чайын берчү. Учурда каттама менен чай ичкен кардарларыбыз көп болгондуктан башка тамак жасабайбыз.

Бир сезондо чыгымдардан сырткары 5000-6000 доллар табабыз. Былтыр улуу балама 5 миң долларга машина алып бердик.

«БУЛ ЖАЙГА ЭЛ КАТТАМА ҮЧҮН ГАНА КЕЛСЕ ДЕЙМ»

Эрмек Зарылбеков, тамактануучу жайлардын биринин кожоюну. Ал бул жайга төбөсү көрүнгөндөр да көп келерин айтат.

– Каттама үчүн токтогондордун арасында көптөгөн аттуу-баштуулар бар. Менин ашканамдан Аида Салянова, Съездбек Искеналиев, Сыймык Бейшекеев, Күмөндөр Абылов тамактанып кетишет. Бул жайга эл атайын каттама жеш үчүн гана келсе дейм. Ошондуктан башка тамактарды кошпой, каттама, сүт чай менен кардарлардын эсинде калгыбыз келет. Башка тамактарды кафелерден деле жеп алышат да. Столдун үстүнө каттаманы, жумуртканы санабай эле коюп коёбуз. Каалашынча жешет да, ошончонун акчасын төлөп кетишет.

«ДААРАТКАНАЛАРДА ШАРТ ЖОК»

Бишкектен Ысык-Көлгө товар ташып бара жатып, атайын токтогон жеке ишкер Кудурет Кенжеев бул жердин 10 жылдан берки дайымкы кардары.

– Мен бул жердин он жылдан берки кардарымын. Бишкектен Ысык-Көлгө товар ташыйм. Жаңыдан тамак иче баштаганда бастырмасы да жок болчу. Жаңы жол салынса деле атайын каттама үчүн эски жол менен өтүп, токтоп чай ичип кетем. Бир жигит иштечү, биз машинадан түшөрүбүз менен чуркап чыгып тосуп алчу, акыркы жылдары көрүнбөй калды. Бул жерде каттамасынан мурун самоордун чайы жакшы. Ысык, сүттөп чай беришет. Ачыгын айтыш керек, каттамасы кээде начар болуп калат. Азыр сонун, ысыгын алып келишти. Тейлөө жагына токтолсом, жылдан жылга кардарды тейлөө жакшырып келе жатат. Бир гана дааратканасы адамдын маанайын түшүрөт. Киргениң 10 сом, ичинде кол жууган самыны, кол кургаткычы жок. Дагы бири 5 сом, ага кирип чыккан адам жарым саат даараткана жыттанып жүрөт.

КАТТАМАНЫН ДАЯРДАЛЫШЫ

  • Алгач туз кошулган жылуу сууга унду кошуп жумшак жууруп, тыныктырылат.
  • Бир каттамага 212 граммдан камыр кетет. Жуурулган камырды таразага тартып бөлүп алып, тоголоктоп, 10 мүнөттөй тыныктырат.
  • Жупжука кылып жайып, бетине аралашкан майды (каймакты, маргаринди, өсүмдүк майын) сүйкөп, жусайды себелеп, камырды ороп дагы тыныктырат.
  • Калыңдыгын 1 сантиметрдей жайып, көмөч казанда жай отто бир бетин бышырып, экинчи бетине алмаштырганда тегиз бышышы үчүн үстүнө банка коюлат.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Татымы таңдайдан кетпеген "апамдын каттамасын" жедиңиз беле?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Baiana2017
2018-09-11 11:47:43
Суттоп чай берет дегени кандай
-3
Pandora
2018-09-11 12:31:16
Baiana2017,Кадимки эле чайга сут кошуп берет дегени
+6
sabirdinovich
2018-09-11 13:05:47
Жолдон жегенбиз, абдан даамдуу.
+4
Urmat7055
2018-09-11 22:52:12
Колго барган сайын жейбиз сонун чайы да
+2
aliya-leyla
2018-09-12 10:02:00
Туура, ушу даараткана маселелерин чечип коюшса. Жакшы эле пайда тушуп атыптыр. Ошодон кичине туалеттерин ондоп коюшса болот да. Ысык-Колго кетип атканда да, Ош-Бишкек жолунда да ушул акыбал. Анан ал дааратканасы бекер эмес.
+5
Kroxa
2018-09-12 18:11:10
Самоордун суттогон чайы каймагы соонун каттамасына деле кайыл чайы учун токтосо болот..жумуртканы бышырып койуп койушат 1 даанасы 15 сом кымбатыраак сатышат..5сомдук чийки жумуртка бышырса 10сомдон деле сатышса болот го
+2
zzari-83
2018-09-13 00:39:17
Жасалышы ,анан каттаманын калыңдыгы биздеги каттамалардан айырмаланып ,биздин "пөшкальдарга"окшойт экен.Пөшкальга ошентип арасына фарш кошсо болотго.
-4
SMS Aroma
2018-09-13 14:22:54
Колдон самап келатып жебей отуп кетиптирбиз, дагы да даамы ооздон кетпейт.
0
ursus
2018-09-14 04:24:02
Эх менин чон энем жасаган каттамага жетпейтко.
0
PROS
2018-09-16 18:11:59
Жашыруун реклама го бул жагы)))
0
muni.98-98
2018-09-17 21:43:22
PROS, Ачык эле реклама болуп туратго. Каттама жегин келсе Чолокко бар.
0
ashuular_plus
2018-09-16 22:24:46
Чынында ушул жер бизге абдаан жагат, жолдошум экөөбүз жыл сайын Көлгө баратканда же келатканда дайым токтойбуз, кийинчерээк балдарыбыз да эс тартып калганы "каттамага жеттикпи, ачка болуп кеттик" деп чыйпыйы чыгып эсти оодарышат. Андан чыгып жүгөрү жейбиз. Рахмат силерге, дасторконуңарга береке!!!
0
№ 827, 7-13-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан