«ФОРМАЧАНДАРДЫН» КАДЫРЫН БИЛГЕНДЕЙ БОЛДУМ

«Супер-Инфонун» кабарчысы бир күнүн милициянын участкалык инспектору менен өткөрдү.

Көчөдөн «кызыл шапкечен» кызматкерди көргөндө көпчүлүгүбүздө жагымсыз реакция пайда болот. Бир даарыбыз аларды байкамаксанга салып өтүүгө аракет кылабыз. Чындыгында жалпыбыздын аң-сезимибизге сиңип калгандай, участкалык милиционер элдин үрөйүн учура кооптондурган, жөн шылтоо менен коркутуп-үркүткөн адам эмес, жарандардын укугун коргоп, бейпилдигин сактоочу кызматкер болуусу шарт. Биз ушинтип кадырлабай жүргөн участкалык милиционерлердин бир эле күнүнө күбө болуп, алардын түйшүгү оор же жеңил болсо, анда аны өз терибиз менен сезип, эгер көпчүлүк айтып жүргөндөй акча иштеп тапмай болсо, ага да күбө болуу максатында алгач Свердлов райондук ИИБ башчысынын коомдук тартипти сактоо боюнча орун басары подполковник Мелис Абдрахмановго кайрылдык.

«ЖУМУШ УШУНДАЙ...»

Калктын негизги көмөкчүсүнүн жумушу таң­кы саат сегиз жарымда шаардык милиция бөлүмдөрүнүн (ГОМ) аянтчасына чогулуудан башталат. Эртең менен чогулган кызматкерлер күндүн иш тартиби менен таанышып, өздөрүнө бекитилген тапанчаларын алып ишке киришет.
Мени Мелис Токтомушевич №22-ГОМдун участкалык милиционери Тойчиев Жылкычыга кошуп берди.
Участкалык милиционерлер ар бир күнү өзүнө бекитилген аймакты кыдырып, ал жердин тургундары, үй башкармалыктын жетекчилери (орусча сүй­лөп көнгөн элибизге домкомдор десек түшүнүктүү болоор) менен жолугушуп, баш ооруткан маселелеринен, сутка ичинде болгон окуялардан кабардар болушат экен.
Ошентип, мен Жылкычы Тойчиевге кошулуп, анын аймагына караштуу «Комфорт» соода борборунун айланасындагы үйлөрдүн бирине бардык. Подъезддин кире беришинде бизди көргөн «домком» күлүп-жайнап келип учурашып, ал-жай сурап, үйүнө чакырып калды. Сыягы, экөө кызматтан улам жакшы тааныш, жакшы мамиледе көрүнөт.
– Сенин келип учурашып, байланышып тур­га­ның жакшы бизге. Денсоолук, иштериң кандай?
– Силерде баары жакшы болсо, бизде да баары жайында болот. Ошон үчүн келдик.
Мындай жылуу мамиле шеригиме түгүл мага да жага түштү.
– Өзүңөр кандайсыздар? Эмне маселе, эмне көйгөй?
– Кудайга шүгүр, баягыдай бейбаштар жок. Ызылдап музыканы бакыртып, подъезддин алдында чатакташмай азайып калды. Баягы эки күндүн биринде ичип келип үйбүлөсүн чуу түшүрүп сабап, мушташа берээр Темир да тынчып, адам боло баштады. Көргөн сайын учурашып калат.
Экөө кызуу кепке киришти. Бул үйдүн тургундары батирде тургандар, ал эле эмес үйдө жашаган чет жердиктер жөнүндө да сүйлөшүп жатышты. Таңкалыштуусу, участкалык милиционер үйдүн ар бир жашоочусу түгүл аларга тез-тез келип туруучулардан бери билет экен. Менин таңкалганымды байкап: «Эмне кыл дейсиз, жумуш ушундай» деп күлүп койду.

«КООПТУУ АЙМАКТА» КЫЛМЫШ КӨП

– Бүгүн чынында бул жакка келмек эмесмин, ырас, биздин жумуш менен таанышуу үчүн келсеңиз, бул жактарды да көрө кетиңиз. Ал жакты биздин райондун «кооптуу аймагы» деп атайбыз.
«Комфорттун» аймагындагы үйлөрдөн чыккан соң шеригим мени түз эле темир жолду көздөй ээрчитип жөнөдү. Линейная көчөсү менен темир жол кесилишкен жерге келдик.
– Бул жердин алдынан узун өткөөл өтөт. Өткөөлдө жылуулук берүүчү линия жайгашкан. Аны “катакомба” десе болчудай. Бери келсеңиз, бомждор мындай люктардын ичин кадимки үйгө айландырып жашап алышат,– менин «экскурсоводум» люктарды көрсөтүп кирди. – Кышында бомж аттуунун көбү ушундай жерлерге баш калкалап киришет. Көпчүлүгү жыл бою деле жашай беришет. Ичи ысык, тоңуп калат экенмин деп коркушпайт.
Анчалык ишенбей люктардын бирине башымды салып көрдүм. Ичи чын эле кенен, ары көздөй уланып кетет экен. Буюм-тайымдар да тургансыйт.
– Мындай жылуу-жумшак жерлерди талашып, далай жолу кырылышат. Жоош, момундарын алдуу-күчтүүлөрү кубалап чыгып ээлеп алышат. Түшүп көрүп чыгалыбы?
Ырас, чыгынып келген соң мындай сунуштан баш тартуу катуу айтканда күнөө болоор эле.
Өткөөлгө кирген эле жерден башын шылкыйта жер тиктеп отурган кишиге көзүм түштү. Суроо менен кайрылсак, угаар түрү жок. Көңүлкош гана башын көтөрүп, кайра өзүнчө күбүрөнө отуруп алды. Көкүрөгүндө жашоого болгон кызыгуу деле калбаган өңдүү. Тереңдеп басып барып көрүүдөн пайда жок өңдө­нөт. Бир аз баса түшүп, кайра тарттык. Участкалык милиционер мындай өткөөлдүн жашоочулары жөнүндө айтып кирди.
– Үй-жайы жок, туш келген жерде түнөп, көпчүлүгү бү­лөм, жакыным дегенди унутушкан бул адамдар ичишет, уурулук кылышат, айтор, сиздерге оңбогондой түйшүк алып келишсе керек?
Менин суроомо инспектор катарынан кеткен люктардын жанында туруп алып, бомж­дордун жашоосу, кылык-жоруктары, көйгөй­лөрү жөнүн­дө көп нерселерди айтып жооп бере баштады.
– Ишибиздин жарымына жакыны эле ушул бомждор, алар жасап жаткан кылмыштар менен өтөт. Кыштын кычыраган суугунда далайы жол-белде тоңуп калышат. Алардын аты-жөнүн, бүлөсү менен жакындарынын бар-жогун тактап, моргго өткөзүп дегендей, далай түйшүктү баштан өткөрөбүз. Ал эми мынабул люктардан да далай баш ооруларга туш болобуз. Көбүнчөсү бомждордун сөөгүн табабыз. Арак, самогон деген балекеттерди ичишет да, жөнөкөй сөздөн улам мушташа кетишип, көпчүлүгү биринин өлүмү менен аяктайт. Анан өлүктү мындай элге байкалбаган люктарга таштап салып, өзүлөрү башка аймактарга өтө качышат. Биздин райондо эле эмес, бомждор бардык аймактарда кооптуу топ. Уурулук, тоноочулук, ал эле эмес, киши өлтүрүүлөр да алардын арасында өтө көп.
– Өзүңүздүн аймактын жашоочуларын жакшы тааныйт экенсиз, бомждорду да жатка билсеңиздер керек?
– Билишибиз шарт. Ар бирин каттап, жоголгонун да, жаңыдан биздин аймакта пайда болгонун да тактап турабыз. Кечээ балдар (кесиптештерин ушундай аташат) Сергей деген немени каттап жатышкан. Өзү Маевкадан экен. «Балдарымды тажатып бүттүм окшойт, көп ичип, ээ-жаа бербей кетчүмүн. Азыр эч кимисинин сүйлөшкүсү жок. Жарым жылдан бери көчөдө жүрөм» дейт. «Биз аты-жөнүңдү, дайыныңды каттадык, эми тынч жашагын» деп жөнөтүп жиберишти. Ушинтип тизмелерди толуктап тазалап турабыз.

ТӨӨ КӨРДҮҢБҮ ЖОК, БЭЭ КӨРДҮҢБҮ ЖОК

«Кооптуу аймактан» эми эле ШМБга (ГОМ) келсек, көз жашына ээ боло албай ыйлаган эже кирип келди. «Комфортко» линолеум алганы келген экен, жаш эле жигит сумкасын жула качыптыр. «Акчамдын баарын алып кетти» деп ыйлаган аялды арызын жаздырып отургузуп коюп, аты аталган базарга келдик. Менимче, болгон окуяны ошол жердеги соода кылгандардын баары эле көрүшсө керек. Бирок, биринин да күбө өткүсү жок. “Унчукпаган үйдөй балээден кутулуптур” болушуп, «билбейм, мындайды байкаган жокмун» дешет. Айрымдары бизден алыс кеткиче шашышты. Улам такып сурап жатып, бир-экөөнөн маалымат алдык. Күбө өтүп, көргөн билгенин жазып берүүнү эч бири каалабайт. Баары ыргылжың. Мейли, ар бир жарандын өзүнүн эрки, болгону, «кокус тиги жабыркаган аялдын ордунда өзүлөрү болуп калышса, көрүп туруп бир ооз айтып койгонго жарабады деп капа болушаар беле?!» деген ой кетти.

ТҮН БАКЫРДЫКЫ ЭМЕС, МАСТАРДЫКЫ

Шарт боюнча участкалык милиционерлер кечки саат сегиздерге чейин иштешет. Бирок, бул кагаз жүзүндө эле калуучу регламент. Чындыгында алардын накта жумушу, түй­шүгү кечке жуук, айрыкча түн жарымында баш­талат. «Комфорттун» айланасы менен жакшылап таанышкан соң эми жаңы конуштарга кезек келди. Свердлов районунун көлө­мү башка райондордон кем калышпаса да, кылмыштуулуктун көпт­ү­гү менен айырмаланат. Райондук ички иштер бөлүмүнө келип кызматкерлер менен маектешүүгө жетишкен жокпуз. Мени өзгөчө маанилүү экскурсияга алып чыккан Ж.Тойчиевге рахматымды айтып, күзөт бөлүмүнө Актилек жаңы конушунан шашылыш келип түшкөн чакырык боюнча жөнөгөн ыкчам иликтөөчү топко кошулдум.
Ошентип, кечке жуук Актилек аталган жаңы конушка бардык. Аталган даректеги үйгө кире бериште эки-үчөө турушуптур. Ичип алып короосунда ызы-чуу салганынан улам кошуналары да чыгып калышкан экен. Алардын арасында улгайып, саамайын бубак баскан эне менен карыя да бар экен. Бул үйдөгү окуянын чоо-жайын алгач ошолордон уктук.
Жакын досу Россиядан келип, аны менен кошо жоон топ теңтуштарын коноктоп, толкунданган Руслан (атын өзгөртүп бердик) аттуу 26дагы жигит аракка болушунча тоюп алып чатак салыптыр. Бычак ала жүгүрүп, досторунун арачы түшкө­нүнө ээ бербей, көңүлүнө жакпай калган жигитти жыгып алып бычактап салыптыр. «Оң ийинин кесип кетиптир, ооруканага жөнөт­түк» дешип чогуу ичкендердин баары баштарын шылкыйтып отурушат. Чатак салган бала эки жылдан бери нашаа тартат экен.
Дале жакшы өзүнө келе албай, мастыгынанбы же кылган кылмышынан уламбы, өңү кубарган жигитти досторуна кошо бөлүмгө алып келишти.
Мындайда бир топ кагаз, документтерди толтуруу зарыл. Ушундай иштер менен алектенип жатып, бул бөлүмдүн кызматкерлери жакында эле ушул райондо болгон жагымсыз окуяны айтып киришти.
– Жашырганда эмне, бүгүнкү күндө баңгилер көп. Керектүү «дозаны» жерди чукуса да табышат. Мындан үч эле ай мурун бир кылмыштын бетин ачтык. Каза тапкан киши коомчулукка белгилүү эле спортчу. Жубайы экөө тууганынын үйлөнүү тоюна барышып, кызганычтан таарынышып кетишкен экен. Күйөөсү: «Көзүмө чөп салчу болсоң өлтүрүп салам» деп кыжыныптыр. Аялы болсо: «Андайга сенин духуң жетпейт! Меники жетет...» деп бечараны бырчалай бычактап салыптыр. Анын аялы да алты жылдан бери героин сайынып жүрүптүр.
Бул өңдүү окуялар коомубузга көнүмүш көрүнүш болуп кетпесин үчүн күрөшү­шү­бүз керек. Айрыкча жаш муунга жакшы түшүн­дү­рүү зарыл.
Кагазы менен алектенип жатып, өзүнчө сүй­лөп жаткан кызматкердин кебине кошула баш ийкеп жаттым.

ИШЕНИМ ТЕЛЕФОНУ

– Көпчүлүк жарандар күбө болгон окуяларды айтуудан коркушуп, биздин жумушту татаалдаштырышат. Дагы далайы коркутуп акча алып, салык салгандардан жабыр тартышса да айтпай жүрө беришет. Учурдан пайдаланып, бизде ишеним телефону иштээрин айта кетейин,- дейт подполковник М. Абдрахманов мени менен коштошуп жатып. – Урматтуу, жарандар, чалыңыздар, жашырбаңыздар, чочулабаңыздар, аты-жөнүңүздөр жашыруун сакталат. Номерибиз; 28-42-96, 28-26-98.
Болгону бир гана күн бул кызматкерлердин жанында жүрүп суй жыгылгыдай болдум. «Эртең тура алаар бекем?» деп коём ичимден. Мындай жыргалынан кууралы көп кесип ээлерине бир жолу эмес, ийилип кат-катынан рахмат айтсак деле жарашчудай. Ушинтип бут тарта албай калгыча түн бир оокумга чейин иштешсе да, эртеси таң заарынан жумушта болуп калуулары шарт эмеспи.

Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 228, 16-22-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан