«УНААНЫ ИШЕНИМ КАТ МЕНЕН АЙДАП ЖҮРГӨНДӨРГӨ АЙЫП ПУЛ САЛЫНАБЫ?» Адис кеңеш берет

Унааны кайра каттоо боюнча окурмандардан келген суроолорго Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары Адылбек Рыскелдиев жооп берет.


– Менин унаамдын ээси учурда Орусияда. Күздүн аягында келип унааны мага каттатып бергени жатат. Сурайын дегеним, унааны ишеним кат менен айдап жүргөндөргө айып пул салынабы?

Талгат, Бишкек шаары

– Жарандардын транспорт каражаттарын милдеттүү түрдө кайра каттоодон өткөрүү жөнүндөгү талаптар эч жерде коюлган эмес. Бүгүнкү күндө, автоунааларын кайра каттоодон өткөрбөй ишеним кат менен айдап жүргөндөргө эч кандай айып пул салынбайт. Бирок, айта кетчү нерсе, ишеним кат менен айдап жүрүүнүн терс жактары көп:

  • Транспорт каражатынын юридикалык жоопкерчилиги;
  • Мамлекеттик салык жоопкерчилиги (транспорт каражатынын салык төлөмдөрү ээсинин дарегине келет) унаанын ээсинде болот;
  • Транспорт каражатынын жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузуудагы айып пулдарды төлөө кабары ээсинин дарегине келет;
  • Укук бузуучулук жоопкерчилиги же жол кырсыктарына кабылуу. Бул учурларда транспорт каражатын издөө иштерин жүргүзүүдө, биринчи кезекте ээсинин дарегине келет;
  • Транспорт каражатынын ээсинин дүйнө салышы Мындай учурда ишеним кат өзүнүн күчүн жоготот дагы, транспорт каражаты анын мураскерлерине өтөт;
  • Ишеним кат менен айдап жүргөн жаран транспорт каражаты жөнүндөгү маалыматты алууга акысыз;

Ошондуктан биздин департамент жарандардын транспорт каражатын сатып алууда, ишеним кат менен албай өздөрүнүн наамдарына каттатып алууларын сунуштайт.

«УНААМ ОРУСИЯНЫН КАТТООСУНАН ЧЫГА ЭЛЕК»

– Унаам Орусиянын мамлекеттик номеринде, каттоодон чыга элек. Менде техникалык паспорту жана унаанын ээсинен ишеним кат гана бар. Кантип өзүмө каттата алам? Азырынча үйдө эле токтоп турат. Айдасам айып пул салынабы?

Бакыт, Кара-Балта шаары

– Автоунаа Орусия Федерациясынын каттоосунда турса жана каттоодон чыга элек болсо, бизге каттоого коюу үчүн ал жактын каттоосунан Кыргыз Республикасынын жаранынын наамына чыгарып келүүсү шарт. Эгерде ошол эле ишеним кат менен айдап жүрөм десе биздин аймактык бөлүмдөргө кайрылып, алты айга чейинки убактылуу каттоого туруп анан айдоого болот.

«УНААНЫН ЭЭСИН ТАППАЙ КАЛДЫМ»

– Мен 1 жыл мурун Мерседес үлүгүсүндөгү унаа сатып алган элем. Ал бир фирмага катталган экен. Мага саткан бала "жолдомо алып берип турам" деген, 3 ай алып берди. Кийинки айларда аны таппай калдым. Сураштырсам ал фирма жоюлуп кетиптир. Документтеги дарек менен барып ал кишини таппадым. Өзүмө кандай жол менен өткөрүп алсам болот?

Жамалбек, Бишкек шаары

– Жарандар транспорт каражатын сатып алууда өздөрүнүн наамдарына каттатып алуулары керек, себеби сатып алуу жана сатуу келишимин жүргүзүүдө кээ бир биздин жарандар ушундай көйгөйлөргө кабылып калышы ыктымал.

Бул учурда соттун чечими менен гана өзүнүн наамына өткөзүп ала алышат.

«АВТОУНААЛАРДЫ КАЙРА КАТТОО УЗАРТЫЛДЫБЫ?

– Автоунааларды каттоо узартылды деп уктум. Кайсы убакытка чейин узартылды? Жарыяланган кампания учурунда жалпысынан канча унаа кайра каттоодон өттү? Толук маалымат алгым келет.

Жыпара, Бишкек шаары

– 2018-жылдын 2-апрелинен 2018-жылдын 2-июлуна чейин улуттук кампания өткөрүү учурунда республика боюнча – 124 192 автоунаа, анын ичинен Бишкек шаары – 22 146, Ош облусу – 30 250, Баткен облусу – 9973, Жалал-Абад облусу – 15 763, Нарын облусу – 6010, Талас облусу – 4118, Чүй облусу – 25 082 жана Ысык-Көл облусу боюнча – 10 850 автоунаа кайра каттоодон өткөн. Улуттук кампания өткөрүү учурунда транспорт каражатын өздөрүнө кайра каттоого жетишпей калган жарандар үчүн 2018-жылдын аягына чейин унааны кайра каттоону узартты. Каттоодо алынуучу төлөм 1 пайыздан 3 эсе арзандап, 0,3 пайыздык өлчөмдү түзөт.

Окурман, сизде кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк каттоо боюнча сурооңуз барбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз!

Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756319 WhatsApp номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
fanatka19
2018-09-11 10:33:48
Унаанын ээси орус болчу ал Россияга кочуп кетиптир дайынсыз сотко кайрылсак ээсинен кат алып келгиле дейт кана эми айткылачы кантебиз мындай жагдайда
0
jamal1957
2018-09-18 02:27:24
саламатсыздарбы! менде мындайча суроо бар эле.мен транспорттук департаменттен мага катталган автоунааларын билуу учун кайрылган элем ,ощондо сатылып кеткен бир канча машиналар менин атымда журуптур .Эми ошолорду кандай жол менен озумдон каттодон чыгарышым керек?
0
№ 827, 7-13-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан