(Башталышы өткөн сандарда)
– Омей, эй, чын эле сенби?- Айбектин көздөрү тептегерек боло түштү. Азаматтын кабарын бул да уккан. “Кайран жигиттин тагдыры бир акылсыз кыздын айынан талкаланды. Жоголуп кетти. Ошол Айсулуу менен тааныштырбай эле койбой” деп кейип жүрчү. Азыр көрүп кубанып кетти.
– Кандайсың?- катуу кучактап алды.
– Бул сүйлөбөйт экен,- деди Эркин Азаматты актагандай.
– Аа... -Айбек ыңгайсыз болуп кетти. Эмне деп сүйлөөрүн билбейт.
– Бирок угасың да, ээ?- Азамат башын ийкеди.
– Ошол,- Айбек толкунданып эле сүйлөп жатты...- мен болсо жүрөм баягыдай эле. Назик экөөбүз үйлөнгөнбүз. 2 уулдуу болдук. Сенчи? Баары жакшыбы? Көп нерсе уктум сен жөнүндө. Киши уурдады деп камалып кетти дешкен акыркы жолу. Баягы Айсулуунун азабын тарткан экенсиң да? Эми болору болду. Ошону бекер эле сага алып бериптирбиз. Назик экөөбүз канча өкүнүп жүрдүк.
Азамат жылмайып койду. Ал эч эле жашоодон запкы көрбөгөн адамдай болуп турду. Көп нерсени айткысы келди, бирок азыр бир сөз айтты дегенче айланадагылар анын дүйнөсүн казып башташат, максаттарыңдан артка кайт дешет, анын жакшы күндөргө болгон ишенимин жоготушат. Кереги жок.
– Жүр. Сен биздикине конок бол бүгүн. Качан келдиң эле?
“Бүгүн” деп түшүндүрдү Азамат.
– Аа, анда бара турган деле жериң жок болсо керек? Сен меникинде жүрө бер кааласаң? Мына, Эркин байкеде сага даяр жумуш бар. Cен кеткенден кийин “Азаматтай иштерман сонун жигитти көрбөдүм” деп канча айтып жүрдү. Туурабы, Эркин байке, жумуш бар да?
– Ооба, иштейм десе кантип жок дейин? Эртең эле келе берсин.
– Жылмаят да турат. Чын эле сонун кишисиң, Азаке. Жүр эми басалы. Сени Назик көрсө ыйлап жиберет го.
ххх
Назик чын эле Азаматты көргөндө ыйлап жиберди. Бирок Азаматтын сырткы кейпинде ыйлата турган деле эч нерсе жок болчу. Көп деле өзгөрбөптүр. Жадакалса өз курагынан жаш көрүнөт. Болгону көздөрүндө сагыныч толуп турганы даана байкалат. Назик неге көрүп ыйлады болду экен? Азаматтын азыркы тагдырга кептелишине себепкер болгону үчүн өзүн күнөөлөп ыйладыбы? Же ушинтип кечирим сурадыбы? Балким, аяп жаткандыр. Азамат биле алган жок.
– Сени ойлоп алып эле Айбек экөөбүз кыжалат болуп жүрдүк. "Айсулууну сен алып бергенсиң" деп бул мени урушат. Мен... Мен болгону сенин мыкты адам экениңди билгем. Кош бойлуу болуп алып, ата-энесинин төрүнө батпай калчудай болуп турган кыздын тагдырын сага тапшырып жакшы иш кылайын деп эле ойлогом. Кайдан билиптирмин анын тескери басып кетерин? Акмак кыз десе. Айназикти алып кеткен турбайбы, ээ? Сени соттотуп. Ай, байкушум, ай. Кайдан сени алып барып ошого жабыштырдым экен?
– Болду эми. Карачы, бир кызыктай болуп кетти. Болор иш болду. Андан көрө тамагыңды алып кел,- Айбек ортодо жаралган ыңгайсыздыкты жоготуунун амалын издеди.
ххх
– Ошондо Москвага иштейин деп келдиңби?- дасторкон үстүндө Назик сурады. Азамат баш чайкады. Кийин капчыгын алып чыгып, андагы бир кезде апасы, кызы, өзү болуп түшкөн сүрөттөн Айназикти көрсөттү.
– Кызыңа келдиңби? Алып кеткениби? Кайра соттотуп жиберсечи?
– Жинди го могу. Эй, ал деген сенин кызың эмес да? Бирөөнүн баласы. Эмне кыласың аны?- Айбек чебелектеп жиберди.
“Менин кызым” деп айтып жибергиси келди. Бирок өзүн токтотту.
– Эл өз баласын бакпай качып жүрсө, бул бирөөнүн баласын издеп жүрөт. Болмок беле ушундай? Анын өз ата-энеси бар. Сен чынында ага эч ким эмессиң да.
– Ооба, Азамат, ал кыз сеники эмес да. Эмне кыласың аны? Же кызды дагы уурдап кетип, Айсулуудан ошентип өч алайын дейсиңби?- Назик түшүнбөгөндөй сурады. Азамат үндөгөн жок. Бирок ичинде сүйлөп жатты. Сыртынан кашыкты кармап алып чайына салынган шекерди жай аралаштырып жаткандай көрүнгөнү менен, ичинде буркан-шаркан түшүп калды.
“Менин кызым. Башында эле менин кызым болчу. Атасы башка деп... Каны бөлөк болсо эмне экен? Ал бала да. Балада эмне күнөө. Аны кантип каны бөлөк деп чанасың? Бул акмакчылык. Бала деген дүйнөгө толтура сүйүү көтөрүп алып, анан өзү сүйүү күтүп келет. Анан кантип ага чыккынчылык кылууга болот? Билем мен атасы башка экенин. Бирок мен да атасымын. Мен да өз атасынан кем эмес жакшы көрөм. Мендеги жакшы нерсенин баарын бергим келет. Бир убакта ушундай Айназик деген бирөө бар эле. Кийин өз ата-энеси алып кетип, анан ошол боюнча көргөн жокмун. Азыр баланчага чыгып калды болушу керек деп божомолдоп отурайынбы? Ал эмне талаада жоголгон малбы, буюмбу? Кантип аны көрбөй коём? Кантип жөн эле унутуп коём? Ал мени ата дечү. Мен кызым дегем. Жан дилим менен жакшы көргөм. Апасы мени каматып жиберди деп кызыма таарынамбы? Жо-ок! Менин жашоомо толтура бакыт алып келип, ата деп кубанычка бөлөгөнү үчүн мен ыраазы болушум керек. Ата деп мени жөлөк тутканы үчүн мен аны издейм, табам. Эгер менде адамдык сапат, ыйыктык калган болсо, ал ошол Айназикке болгон аталык сезимден улам деп билгиле. Ошол аталык сезимди тепсеп кетсем мен анда киммин? Ата деген сөздү тепсеп, эч себепсиз эле мени жакшы көрө алган кызымды үмүтсүз калтырсам, дүйнөдө аны дагы бир адам жанынан артык жакшы көрөрүн билдире албасам мен киммин анда? Темселеп, өмүрүн бекерге өткөрүп, өлбөчүдөй жашаган, өзүмчүлдөнүп бирөөгө сүйүү бере албай, өзү да сүйүү ала албай жүрүп өлүп кеткен акмактан менин эмнем артык болот анда? Каны бөлөк болсо да ата болууга болот. Ата боло аласыңбы? Кептин баары ошондо. Аталык жоопкерчиликти алып жүрүү кандай бакыт экенин жок дегенде сен билсең керек, Айбек? Эркектин жашоосуна маңыз берген дал ошол аталык жоопкерчилик эмеспи. Аталык жоопкерчилик болбосо биз кимбиз, айтчы? Анда бизди эмне кыймылга келтирет? Сен билесиң го, Айбек, 2 уулуң бар экен. Ата болуу кандай бакыт экенин билеттирсиң. Анан кантип издебе деп жатасың? Кантип мени ошол бакытты издебе деп жатасың?”
Айбек, албетте, Азаматтын бул ойлорун уга алган жок. Бирок аны телмире тиктеп турган көздөрүнөн “кана айтчы, балдарың башка жакта болсо аларды көп жыл көрбөсөң, сен аларды издейт белең? Сагынат белең?” деген суроону окугандай болду. Бир кезде эми төрөлөт деп жаткан башка бирөөнүн канынан жаралчу наристе үчүн күлгүн түстөгү кичине бут кийим сатып алган Азаматтын жоругун эстеди Айбек.
– Э-эх, Аза, сендей жакшы адамдарды эч ким баалабайт. Тескерисинче, силерди көп пайдаланышат, силерге көп чыккынчылык кылышат. Азыр ал, жул, кач деген бөрү заман. А сен болсо. Деги жоголуп кетпесең экен.
– Айсулуу азыр кайда болду экен?- Назик өзүнчө күбүрөнүп койду. А Азамат болсо ошол сурооңдун жообун тап дегендей аны суроолуу тиктеп калды.
– Жо-ок, мени антип караба, мен билбейм анын кайда экенин,- Азамат ага карап “суранам, жашаган жерин таап бер” деп жаңсап түшүндүрдү.
ххх
Азамат эртеси эле базарга жумушка чыкты. Кечкисин Айбектикине келди. Ашканада өзүнчө алаксып тамак жасап жүргөн Назикти бир нерсе айтып жибереби дегендей улам-улам карап коёт. Акыры Назик стол үстүнө тамакты койду.
– Келгиле, алгыла,- Азамат аны суроолуу карап турганын байкады Назик.
– Ал мурунку жашаган жеринен көчүп кетиптир. Кызың мектепке барып баштаган турбайбы. Ошонун окуусуна жакын деп бул жакка көчүп барыптыр,- Назик дарек жазылган кичине кагазды сунду. “Ушул даректи таап бергим келген эмес. Деги дагы бир балээнин ичинен чыкпасак болду” деп Назик үшкүрдү. Азаматтын көздөрү күлүңдөп кубанып кетти. Анын жүрөгүнүн түрсүлдөгөнү жанында отургандарга да угулуп жаткандай болду...
(Уландысы кийинки санда)