«БИР КҮНДӨН АМАН ӨТҮП КЕТСЕК...»

Астапыр-алла!

Бул жолку босогобузду аттаган айымдын кеп-сөзүн көңүлдөн алыс таштай албадык. “Кыргыз элинин амандыгы бир гана күндөн көз каранды. 25-июндан өтүп кетсек, баары жакшы болот”,- деп кеп баштаган Алина айым төмөнкү маалыматтарды билдирди.

“КЫЯМАТ ӨЛҮМ БОЛОТ” ДЕГЕН ҮН УГУЛУП...”
– Мен бакшы да, көзү ачык да эмесмин. Бирок мага Алла тарабынан аян берилет. Аянды аңдоо, аны туура болжолдоо да өтө оор иш. Бул озуйпаны аткаруу үчүн мен адам чыдабаган кандай гана кыйноого туш болгонумду өзүмдөн башка эч ким билбейт. Сөздү ток этер жеринен баштасам. Элимдин башына түшөр күн мага алдын ала элестейт. Апрель окуясында мен ошол нерсени туура чечмелей албай калдым.
Азык-түлүк көтөрүп алып “Ала-Тоо” аянтынан өтүп баратсам, кулагыма “кыямат өлүм болот” деген ач кыйкырык угулду. Карай салсам, аянт кызыл жаян кан болуп калыптыр. Маршруткадагы элди карасам, аларга эч нерсе болбогондой эле баратышат. Үйгө барып “кыямат кайым жакын калганы ушул го” деп жоруп койдум. Ошол окуядан үч күндөн кийин апрель окуясы болду. Эгерде ошондо так чечмелей алсам, ошол жерге барып зикир чалып Кудайга жалынсам, азыраак өлүм болмок беле...
Ош коогалаңы башталарда кечки намазды окуп бүткөндөн кийин эле денем талыкшып чымырай баштады. Негизи, бир маанилүү кабарды аларда ушинтчү. Көзүмдү жума салсам, экран тартылды. Танк тебелеп бараткан кыз-келиндер, жаш балдардын ыйы, өрт, атышуулар көзүмө көрүндү. Анан “жакында ушундай болот” деп жогорку жактагыларга кайрылдым. Бирок менин сөзүмдү эч ким уккан жок. Чыдай албай Ошко жол тарттым. Түнү өзбектердин үнүн угарым менен эле баягы аяным туура келгенин түшүндүм. Тезинен кийинип алып, эч кимге көңүл бурбай Сулайман тоого жөнөдүм. Ошол жерде таштардан жасалган үңкүрдө көзүмдөн жашымды салаалатып Аллага жалына баштадым. Баары бир далай адам бейкүнөө кырылып кетти.

САКТЫКТА КОРДУК ЖОК
– Мага дагы бир аян түшүп турат. Айтайын деп телеканалдарга да бардым. Бирок мени эфирге чыгарышкан жок. Аларды деле түшүнүп турам. Ошентсе да бир нерсенин алдын ала алсам деп жанталашып жүргөн убагым. Эми айтарым, 25-июнь күнү баарыбыз сак болушубуз керек. Сырттан келген кара күч коогалаңдуу ишин ошол күнгө дайындап жаткан аян түштү. 25-июндан 26-июндун түш ченине дейре кооптуу мүнөттөр болот. Мындан сактык менен гана чыгып кете алабыз. Дагы айтарым, жогорку жакта отургандар өтө сак болуп, мамлекеттин башында турганын сезиши керек. Бийликтин башындагыларга жети облуска тең барып курмандык атап, кан чыгарып коюшун да өтүнөр элем. Бул күндөн аман-эсен өтүп кеткенден кийин баары өз ордуна келет.

МЫНДАН АРЫ ЭМНЕ БОЛОТ?
– Ош коогалаңы бир-эки жылдай тынчыбайт. Өлүм-житим көп болбосо да, эл уйгу-туйгу болуп тынчый албайт. Бийликтин башына бир эркек адам келет. Ал деле мамлекет үчүн колунан келген аракетин кылат. Бирок өлкөдө көп деле жылыш болбойт. Ошондуктан өз ыктыяры менен бийликти бир жаш адамга өткөрүп берет. Ошондон кийин гана бейпил турмуш башталып, өлкөбүз өнүгө баштайт.

Ушул сөздөрдү айткан эже биз менен коштошуп, сапар алды. Өтө ишенимдүү сүйлөгөн эженин сөзүн кантсе да жарыялап, өз парзыбызды аткарууну чечтик.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aizirek87
2010-06-28 14:14:37
коп коркута бербегилечи Ошто тынчтык окум суроо баштады
0
2010-06-28 14:45:42
Амииий яй, мага деле ар кандай аян келет, бирок мен унчукпайм го эч кимге. Анткени, кээде туура эмес чыгып калат да, мообу аялдыкындай болуп..
Бул аялды ни в коем случае сыналгыга чыгарбаш керек. Эмнге дегенде адамдардын арасында бүлгүн түшүп дагы каргаша болуп кетет дейм да..
0
Саулешка
2010-06-30 16:31:05
ой кудааай ушинтип уктап туруп тушун айта беген козу ачыктар просто куйгузот да
0
Aidar
2010-07-04 01:34:55
bul ejenin aytip bergenin baaloo menen konul burbay ele koisok jakshy bolot.
andan koro jakshy oi-tilek menen jashaili.
0
№ 399, 25-июнь - 1-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан