РОУМИНГ. АР ДАЙЫМ БАЙЛАНЫШТА БОЛ

Сиз саякатка көп чыгасызбы? Балким, жумушуңузга байланыштуу чет өлкөлөргө байма-бай барууга туура келеттир? Мындай учурларда жакындарыңыз менен байланышты үзбөй, ар дайым алар менен кабарлашып турууга роуминг мүмкүнчүлүк берет. Ооба, сиз Кыргызстандын аймагында эле колдонуп жүргөн СИМ-картаңыз өлкөнүн сыртында да жарактуу. Bееline өзүнүн абоненттерине чет өлкөдөн да жакындары менен байланышты үзбөй, чалышып, жазышып, ал тургай интернет колдонуп турууга да шарт түзөт.

ЭСКИ СИМ-КАРТА. ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОР

Биз кайсы өлкөгө барсак алардын байланыш кызматын колдонууну адатка айландырып алгандайбыз. Аэропорттон чыгар замат жергиликтүү уюлдук компаниялардын СИМ-карталарын издеп, кандай баага болсо да сатып алууга даяр болобуз. Анан номерди өзүбүздүн атыбызга каттоо түйшүгүн тарта баштайбыз. Сураштырып, издеп, таап, арыз жазып жатып узакка созулган процесстен өтүп жаңы СИМ-карталуу болобуз да, бизге тааныш эмес уюлдук оператордун тарификациялары кандай экенине баш катырабыз. Айтор, тарифтик планды, андагы чыгашалардын кайда керектелгенин изилдеп, түшүнүп бүткөнчө саякат же иш сапар аягына чыгып калат.

Ушундай мүчүлүштүктөрдүн алдын алууга эмнеге болбосун? Эмнеге биз колдонуп жүргөн СИМ-карта сырттан иштебей калчудай байланыштын жаңы кызматын издей баштайбыз? Beeline’дын роуминг кызматы сиз менен бизди дүйнөнүн кайсы бурчунда болбойлу, ар дайым байланышта болушубузга шарт түзөт. Саякатта бизге тиешелүү номер жаныбызда болгону жакшы эмеспи. Анын үстүнө бизди издегендер да трубканын ары жагынан “абоненттин аппараты өчүрүлгөн” деген жооп укпай, түз эле биз менен оңой байланыша алат.

ӨЛКӨНҮН ИЧИНЕН ТУТАШЫҢЫЗ

Роумингге чет өлкөгө чыгардын алдында кошулуу керек. Анткени бул кызматка номерди өлкөнүн сыртынан туташтыруу мүмкүнчүлүгү дайыма эле боло бербейт. Номерди роумингге туташтыруу үчүн сайт аркылуу, Beeline’дын тейлөө борборуна чалып же компаниянын кеңселериндеги адистерге кайрылып коштурсаңыз болот.
  • Вeeline.kg сайтына кирип, роуминг бөлүмүн басып, бара турган мамлекетиңизди тандаңыз. Тиешелүү өлкөнү белгилесеңиз, ошого ылайык тарифтер сунушталат. Шартыңызга жана каалооңузга жараша экрандагы команданы териңиз. Болду, сиз өз алдынча роумингге кошулуп алган болосуз.
  • 0611 кардарларды тейлөө борбору же роумингге тиешелүү суроолор боюнча 0413 телефону күнү-түнү иштеп, сиздин керектүү кызматка туташууңузга жардам берет.
  • Эгер роумингге өз алдынча туташуу мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, Beeline’дын сатуу кеңселериндеги адистерге кайрылыңыз. Компаниянын кызматкерлери номериңизди роумингге туташтырып, сизге ыңгайлуу болгон тарифтик план тандап беришет.

Баса, ашыкча каражат төлөп калбаш үчүн Beeline’дын расмий сайтына кирип роумингдин шарттарына баш багып коюңуз. Анткени кыргызстандыктар көп каттаган мамлекеттерге атайын сунуштар да каралган.

Эми сиз роумингге туташкан номериңизди алып өлкөдөн чыктыңыз дейли. Мындай учурда сиздеги байланыш автоматтык түрдө роумингге которулушу керек. Эгерде телефонуңуздун экранынан “R” деген тамга чыкса, бул номериңиз роумингге туташты деген сөз. Эгер андай болбосо, телефонуңузду өчүрүп, кайра иштетиңиз. Бул кызмат сиз үйгө кайтканда, башкача айтканда, роуминг-аймактан чыкканыңызда өзү өчөт. Туташтыруу жана өчүрүү кызматы бекер.

СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ ЖҮРГҮЗҮЛСӨ ҮНӨМДҮҮРӨӨК БОЛОТ

Роумингде адаттагы байланыштан айырмаланып, чалуу жүргүзгөндө да, чалуу кабыл алганда да акча керектелет. Бул маселе операторлордон эмес, техникалык муктаждыктан улам жаралган жагдай. Ашыкча чыгымдын алдын алуу үчүн интернет колдонгонго ыңгайлуу тарифтик план тандоо сунушталат. Анткени кадимки чалууга караганда мессенжерлер аркылуу жакындар менен байланышуу кыйла арзаныраак экени баарыбызга маалым эмеспи.

ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛ КЕҢЕЙЕ БЕРЕТ
Бүгүн Beeline ЕАЭБге кирген өлкөлөр үчүн жаңы “Ыңгайлуу роуминг” кызматын ишке киргизди. Анда 1 МБ интернет үчүн баа бардык салыктарды эске алганда 90 тыйынды түзөт. Бул өткөн жылдагыга караганда 5 эсе арзан баа. Ал эми ушул айда компания туристтик өлкөлөр (Түркия, Египет, Малайзия, Таиланд, Вьетнам, Индия) үчүн атайын “Жеткиликтүү роуминг” кызматын ишке киргизет. Анда 1 МБ интернеттин баасы Таиланд менен Вьетнам өлкөсү үчүн 3 сомду түзсө, калган 4 мамлекеттин аймагында 90 гана тыйын болот.
Жакшы шарттар муну менен гана чектелип калбайт.

Сапарга чыгардын алдында номериңизди роумингге туташтырууга чейин компаниянын расмий сайтынан сизге керектүү өлкөгө тиешелүү тарифтерди алдын ала билип алганыңыз оң. Туура тандалган арзан жана ыңгайлуу тариф сиздин саякатыңызды жеңилдетет.

Компаниянын адистери роумингдин географиялык абалы ушуну менен токтоп калбасын айтып, мындан ары да өнүгө берүүнү максат кыла беребиз деп убада кылышат.

АРЗАНДАТУУЛАР АБОНЕНТТЕРДИН ЖАШООСУН ЖЕҢИЛДЕТЕТ

Роумингге туташкан номерибиздин интернетке корой турган нарктары белгилүү болду. Эми чалуунун баалары жөнүндө сөз кылсак. Beeline’дын роуминг кызматына туташканда бир мүнөттүк сүйлөшүү багытына жараша 5-25 сомдун ортосунда. Былтыр эле бул көрсөткүч 129-450 сомдун айланасында болчу. Демек, компания кардарларынын ыңгайы үчүн көрүнүктүү иштерди аткарып жатат десек болот.

Сыртта жүргөндө чалуу жүргүзүү үчүн өлкөнүн кодун кошо терүүнү унутпаңыз. Мисалы, Кыргыз Республикасынын аймагындагы уюлдук оператордун абонентине чаларда номеринин башына +996 деген кодду кошуңуз.

Айтмакчы, кызматка туташкан абоненттер үчүн эң арзан байланыш – бул Beeline өнөктөш болгон өлкөлөрдөгү түйүн ичиндеги чалуулар. Мисалы, мен Орусиянын аймагына барып Beeline’дын башка абонентине чалуу жүргүзсөм, башка абоненттерге салыштырмалуу кыйла арзаныраак болот.

ЭСЕПТИ КАНТИП ТОЛУКТАСА БОЛОТ?

  1. Банк картасы аркылуу (beeline.kg сайтында “Төлөм”, “Интернет-төлөм” деген бөлүмдөр бар);
  2. Банктын сайтындагы жеке кабинет аркылуу;
  3. Орусиянын аймагында “Евросеть” байланыш салондорунда;
  4. “Автотөлөм” жана “Ишенимдүү төлөм” кызматтары аркылуу;
  5. Бирдиктүү карта төлөмү;

Beeline роуминг – дүйнөнүн төрт бурчунда байланышта болуңуз.

Сапарыңыз байсалдуу болсун!

Алтынай Тынышова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 827, 7-13-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан