АКЧА КОТОРУУДА АЛДАНЫП КАЛУУДАН САК БОЛУҢУЗ!

Ар бирибиз жашообузда жок дегенде бир жолу башка шаарда жашаган кимдир бирөөгө акча жөнөтүү же өзүбүз кимдир бирөөдөн акча алуу зарылчылыгына туш келсек керек. Мындай зарылчылык келип чыккан жагдайлар, мисалы, карызды кайтаруу же тескерисинче, карызга берүү, туугандарга же жоро-жолдошторго материалдык жактан жардам жөнөтүү керек болгон учурлар көп эле кездешет. Мына ушундай учурларда, нак акчаны бир географиялык чекиттен экинчи чекитине мүмкүн болушунча тезирээк жөнөтүү муктаждыгы келип чыгат.

АКЧА КОТОРУУ ЫКМАЛАРЫ

Мурда нак акча жөнөтүүнүн 2 гана жолу бар эле, ал, почта кызматы аркылуу акча которуу же болбосо тааныш адамдар, саякатчылар аркылуу акча берип жиберүү. Бүгүнкү күндө акча которуу кыйла жөнөкөйлөшүп, акчаны которууда эң ишенимдүү жана ыкчам ыкма – акча которуулар системасы аркылуу ишке ашырыла баштады.

Бирок жаңы технологияларды пайдалануу менен алардын кандай иштешин көп ойлоно бербейбиз, ошондуктан алданып калбоо үчүн негизги эрежелерди билүү зарыл.

Акча которуу – бул акча каражаттарын алуучунун эсебине чегерүү же ага аларды нак формада берүү максатында ички мамлекеттик же эл аралык төлөм системалары аркылуу төлөм системаларынын операторлорунун жардамы менен акча каражаттарын жөнөтүүчүдөн алуучуга которуу (жылышы) болуп эсептелет. Акча которуу процессине жөнөтүүчү, алуучу жана өз кызматтары үчүн белгилүү бир төлөм алган ортомчу – төлөм системасынын оператору катышат.

Бүтүндөй маалымат коопсуздугуна арналган иштердин көптүгүнө карабастан, акча которуулардын жана аларды камсыз кылуучу системалардын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси эң эле маанилүүлөрдөн болгон, болот жана боло берет. Бул маселе кызмат көрсөтүүлөрдүн потенциалдуу пайдалануучулары катары ар бирибизди түйшөлтпөй койбойт. Биз которулган акча каражаттары алуучуларга талаптагыдай жана өз учурунда жетишин каалайбыз. Бул ошондой эле акча которууларды жүзөгө ашырууда операторлорго агент катары иш алып барган банктар үчүн дагы маанилүү.

Улуттук банк тарабынан буга чейин белгиленгендей эле акча которуу системасынын өзгөчөлүгү, бардык агенттеринин ортосундагы маалыматы жана акча эсептешүүнүн система оператору чогултулат. Биздин өлкөдө бул роль кардар менен иш алып баруу, акча кабыл алуу, которуу бланкын туура толтуруу жана аны атайын программа аркылуу операторго жөнөтүү үчүн жооптуу коммерциялык банктарга жүктөлгөн. Банктын укугу жана милдети төлөм системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдерде жана системалардын эрежелеринде макулдашылат. Мындай келишим Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системалары боюнча акча которууларды жүргүзүү эрежелерине ылайык келүүгө тийиш.

АКЧА КОТОРУУ СИСТЕМАСЫНДАГЫ КӨЗ БОЁМОЧУЛУК

Акча которуу системасынын дагы бир өзгөчөлүгү – бул анын ылдамдыгы. Анткени ал башка которууларга салыштырганда дээрлик дароо ишке ашырылат. Андыктан жөнөтүүчүлөргө көбүнесе акча которууну токтотуу кыйынга турат, ал эми которуу ишке ашырылган учурда – оператор да, банк да токтотуу чараларын көрө албайт. Шылуундар бул системалардын иштешин, жана алардын бардык өзгөчөлүктөрү тууралуу жакшы билишет. Ишендирүү жана ар кандай айла-амалдардын жардамы менен ишенчээк жарандарга акчанын белгилүү бир суммасын которууну сунуштап келишет. Интернет тармагында акча которуулар системалары менен алдамчылык ыкмалар тууралуу көптөгөн окуяларды жана талкууларды табууга болот. Мындай даттануулар Улуттук банкка да келип түшүүдө.

Шылуундар интернеттеги акысыз тематикалык жарнамалар сайттарын (автоунаа порталдары, интернет аукциондор, кыймылсыз мүлктү сатуу/ижарага алуу сайттары) жана башка жолдор аркылуу ишенчээк сатып алуучуларды же сатуучуларды сызга отургузуп келишет. Алар төмөндөгүдөй схемалардын бири боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

Сатып алуучу транспорттук каражатты же кыймылсыз мүлктү интернет аркылуу издейт. Аны кызыктырып жаткан унааны же кыймылсыз мүлктү сатуу тууралуу жарыяны жеткиликтүү баада, кээ бир учурда өтө арзан баада табат. Сатып алуучу сатуучу менен электрондук почта же уюлдук телефон номери боюнча байланышат. Сүйлөшүүлөр процессинде сатуучу башка өлкөдө экендигин белгилеп, бирок сатып алуучу сатып алуу ниетинин олуттуулугун тастыктаса, сатуу боюнча келишим жүргүзүү үчүн келип кетүүгө даяр экендигин билдирет. Ал эми сатуучу бул максаттар үчүн кепилдик катары, сатып алуучунун өзүнүн (анын тууганынын же таанышынын) атына ири суммада которуу жүргүзүүнү талап кылат. Мында сатуучу которууну өз атына же өзүнүн тууганынын же таанышынын атына жибергендиктен, которууну башка бирөө ала албайт деген ой менен которуу тууралуу бардык маалыматты жалган сатуучуга берет. Ал эми которуу тууралуу бардык маалыматты алгандан кийин жалган сатуучу жасалма документтер менен сатып алуучу которгон акчаны алган бойдон изин суутат.

Белгилей кетчү нерсе, акча которуулар системасы кандайдыр бир бизнес жүргүзүү үчүн эмес, жөн гана акча которуу үчүн каралган. Жогорудагыдай ыкма менен алдап кеткенде көп учурда акчаны кайтарып алуу мүмкүн эмес. Себеби алдамчыларды аныктоо кыйын, мисалы, алар башка өлкөлөрдүн жарандары болгон учурда, көпчүлүк учурда акча алуу үчүн жасалма документтерди колдонушуп же башка бирөөлөр аркылуу иш алып барышат. Мындай учурларда жөнөтүүчүгө өз акчасын кайтарып алуу маселесин укук коргоо органдары аркылуу гана чечүүгө туура келет.

АКЧАНЫ АЛДАТЫП ЖИБЕРҮҮДӨН АБАЙЛАҢЫЗ

Эгерде алдамчылардын жогорудагыдай айла-амалына кабылсаңыз, биринчиден, дароо аталган акча которууну жөнөткөн банкка кайрылыңыз. Эгерде которулган акча бериле элек болсо, анда аны кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүңүз бар. Эгерде которулган акча берилип кеткен болсо, анда банк системасынын операторунан зарыл маалыматтарды талап кылуу үчүн тиешелүү арыз жазууңуз зарыл. Ошол эле учурда укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууңуз ашыкча болбойт. Кандай болгон учурда да банктын кызматкерлеринен акча которуулар системалары тууралуу кеңири маалыматты сурап-билүүдөн тартынбаңыз. Банктын кызматкерлери мындай түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү. Жогорудагыларды эске алуу менен акча жөнөтүүчүлөр жана аны алуучулар акча которууларды жөнөтүүдө мүмкүн болуучу тобокелдиктерден сак болуусу зарыл.

КАРДАРЛАРДЫН АКЧА КАРАЖАТТАРЫН КОТОРУУДАГЫ УКУКТАРЫ:

• Кардар каалаган төлөм система оператору жана анын агенти болгон каалаган банк аркылуу акча каражаттарын жөнөтүүнү эркин тандай алат.

• Кардар акча которууларды жүзөгө ашыруу шарттары жана тартиби жөнүндө толук маалымат алуу укугуна жана акча каражаттарын которуу шарттарына тиешелүү толук маалыматты дайыма талап кылуу укугуна ээ. Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун жалпы шарттары ачык маалымат болуп саналат жана коммерциялык же банктык сырдын предмети боло албайт. Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштагандыгы үчүн комиссиялык сый акылар жана тарифтер тууралуу маалымат керектөөчүлөр үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш. Мындай маалымат ошондой эле банктын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн маалымат такталарында, банктын интернет баракчасында жайгаштырылат, мындан тышкары маалыматтык брошюралар чыгарылып турат.

• Кардар акча которууларды жүргүзүүгө/алууга өтүнүч каттарды толтурууда банктын операторлорунун жардамын суроо укугуна ээ.

• Эгерде система анда белгиленген эрежелерге жана шарттарга ылайык мүмкүн болгон учурда, акча которууда кандайдыр бир маалыматты өзгөртүп же жокко чыгарып берүүнү өтүнүүгө укуктуусуз. Белгилей кетсек, акча которуулар боюнча маалыматтарды өзгөртүү же которууну кайра кайтаруу талабы акча алуучуга төлөнүп берилбеген учурда гана мүмкүн. Ал эми которуулар көбүнесе эл аралык транзакциялар болгондуктан, которууну кайтарып берүү процесси ар кайсы өлкөлөрдүн мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша жүргүзүлүп, татаалдыктарды жаратышы мүмкүн.

• Кардар финансылык кызмат көрсөтүү процессинде келип чыккан керектөөчүлөрдүн кайрылууларын (даттанууларын) кароого алуу тартиби жөнүндө маалыматты алуу укугуна ээ.

АКЧА КОТОРУУЛАР СИСТЕМАСЫ АРКЫЛУУ КОТОРУУНУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУДА АЛДАМЧЫЛЫК АРАКЕТТЕРГЕ ЖОЛ БЕРБӨӨГӨ ЖАРДАМ БЕРГЕН ЭРЕЖЕЛЕР:

• Тааныбаган жана көрүп-билбеген адамдарга эч качан которуу жөнөтпөңүз.

• Чындыкка окшобогон ар кандай сунуштардан сак болуңуз.

• Акча которуулар системасын интернет аркылуу сатып алынган товарларга төлөө үчүн колдонбоңуз.

•Чет өлкөлүк лотереялардан утуп алган белектер боюнча салыктарды же жыйымдарды төлөө үчүн которууларды эч бир учурда жөнөтпөңүз.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 827, 7-13-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан