Кичинемде каштары калың, колун бооруна алып ырдаган келишимдүү байке жана ак элечек кийген кемпир, абышканы телевизордон көп көрчүмүн. Ал адамдар биздин эле эмес, бүтүндөй өлкөнүн үй-бүлө мүчөлөрүнө айланса керек. Чоңойгондо анын Жолдубай Кайыпов экенин билдим. Обончу, аткаруучу, диктор, Опера-балет театрынын солисти, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Жолдубай Кайыповдун каза болгонуна быйыл 34 жыл болсо да эл аны сыймыктануу менен эскерет. "Атам менен энеме" аттуу ырын сүйүп угат. Анын сүйүктүү жубайы болгон Жумабүбү айым бирге өткөргөн күндөрүн эскерди.
“ЖАШЫНМАК ОЮНДА БИЗДИ ЭЧ КИМ ИЗДЕЧҮ ЭМЕС”
– Жолдубай Ат-Башынын Жаңы-Күч айылынан, мен болсо Казыбек айылынан болом. Айылдарыбыз жакын болгондуктан бири-бирибизди көрүп эле жүрчүбүз, алар биздин мектепке келип концерт берип кетишчү. Каман-Суу деген жайлообуз бар, ошол жерде менин ата-энем да, Жолдубайдын ата-энеси да топоз багышчу. Мен анда 8-класста болчумун, Жолдубай менден 3 жаш улуу. Мен бээ саайм, ал кулун кармап берет, эртең менен ар дайым биздикине эркектер келип кымыз ичип кетишчү. Ошентип жүрүп эле аябай жакын болуп кеттик. Жаштар жыргап селкинчек тебебиз, ак чөлмөк ойнойбуз. Түн ичинде жашынмак ойночубуз да, Жолдубай экөөбүздү эмнегедир эч ким издечү эмес. Сүйлөшө эле берчүбүз. Ал заман башка эле, жигиттер кыздардын колун да кармашчу эмес, кучакташчу да эмес. Сүйүү назиктиги ошол экен да. Азыркылар бүгүн таанышып, эртеси кучакташып, өпкүлөшүп жатып эле 5 мүнөттүк сүйүүгө айланып кетип жатпайбы. Кийин ал сүйүүбүз чоң сүйүүгө айланып, баш коштук.
“17 ЖАШЫМДА ТУРМУШКА ЧЫККАМ”
– 10-классты бүтүп жаткан учурум болчу. Жолдубай болсо Караколдогу окуусун бүтүп, зоотехник болуп иштеп жүргөн. Биздин заманда кол сурамай, шакек салмай деген нерселер жок болчу. Борборго окууга тапшырганы агам экөөбүз документ тапшырып келе жатканбыз. Айылдагы эки таажеңеси күтүп туруптур. “Кайда баратасыңар?” десек, “малчыларга акча таратканы баратабыз. Кел сен машинеге түшүп ал, Сагынаалы менен Жокем экөө башка машине тозуп барышат” деп калышты. Ошентип ала качып кетишти. Биз сүйлөшүп жүрдүк да, эч кандай каршылыксыз эле отуруп калдым. Сүйлөшүп жүргөнүбүздү билгендер экөөбүздүн чогуу болушубузду каалашар эле. "Ушу экөө баш кошуп калса экен" деп тилек кылышчу.
Мен келгенде кайненемдин ай-күнүнө жетип турган кези экен. Азыр ошол кайним Нарындын губернатору Аманбай Кайыпов. Илгери кайда жүрсө ошол жактын атын коё беришчү эле го. Менин апам киндигин кесип, “Каман-Сууда төрөлдү, атын Каманбай коёлу” дептир. Бала түндө төрөлүптүр, биз укпаптырбыз. Эртең менен турсам эле кайненем жоолугун бекем бууп алыптыр, жанында кичинекей бала жатат. “Ий, апа, төрөдүңүзбү?” десем, “ооба, түндө төрөп, кудагый киндигин кести” деди. Мурун эч кандай ооруканасыз эле тыптынч төрөп коюшчу (күлүп). Мен “апа, балдар кийин атын шылдыңдашат, андан көрө Аманбай коёлу” десем макул болуп, атын өзгөрттүк.
Мен бул үй-бүлөгө келгениме 50 жыл болду. Жолдубай 10 бир тууган, азыр кайненем, кайнатам күүлүү-күчтүү. Жакында борборго келишет.
“ЖАРКЫЛДАГАН, АДАМГЕРЧИЛИКТҮҮ, БООРУКЕР БОЛЧУ”
– Жолдубай адамгерчиликтүү, анан шайыр жүргөн келбеттүү жигит болчу. Кызганганга деле шылтоо жок эле. Оюма деле келбептир. “Жолуксак болобу, сизди сүйөм” деген каттар үйгө чейин келчү. Аны окуп “келгенде сүйлөшпөсөм” дечүмүн. Үйгө киргенде жаркылдап жайдары болуп кирсе эле ичим түтпөй “маанайы жакшы болуп турат, тамак ичип жатканда айтайын” дейм. Анда да маңызын чыгара сүйлөп тамакты аппетит менен жечү. Ичимден “мейли эми, анан жатарда айтайын” деп артка жылдырам. Идиш-аягымды жууп, эми баштайын деп келе жатсам балдары менен шарактап ойноп жаткан болот. “Ээ, мейличи, жазса жаза берсин” деп кол шилтеп коём. Ошол боюнча көп нерсе айтылбай кетти. Ушу таптакыр эсимде жок, экөөбүз бетибиз ачылып урушканыбыз. Таарынышсак да эч кимге билгизбей таарынчубуз.
Айылдан борборго келгендердин баары биздин үйгө келчү. Баарын коноктоп кабагым-кашым дебей узатып койчубуз. Экөөбүздүн стипендиябызды кошкондо 58 рубль болчу, ошол акчаны эле баарына жеткирчүбүз. Ынтымактуу, бактылуу, жакшы жашадык. 1 кыз, 2 уулдуу болдук. Жолдубай балдары дегенде ичкен ашын жерге койчу. Ата-энесине да ошондой аяр мамиле жасачу. Азыркыга чейин “Атам менен энеме” деген ыры ырдалып жүрбөйбү. Аны биринчи чыккан клиптерден десек болсо керек. Элечек кийген менин апам, жетелеп жүргөн бала небереси болчу, конокко келип калганда тарткан элек. Абышка кошунабыз эле. Ошол ырга ырас эле клип тартып койгон экен деп көп ойлоном.
Мага көбүнчө сирень гүлүн белекке берчү. Жаздын келиши менен ошол гүл гүлдөйт да, кайдан көрсө ошол жактан бир кучак кылып үзүп келер эле. Өзү да сирень жыттанып жатып калчу. Андан кийин жоогазын гүлдөгөн маалда ал гүлдү белекке берчү. Ошентип ар бир убактын гүлүн белекке берер эле.
“КЫЛМЫШКЕРЛЕР АТУУГА КЕТТИ ДЕГЕН КАГАЗ КЕЛДИ”
– Каргашалуу күн. Жолдубай 37 жашында киши колдуу болду. Ошол күнү мага жумушка келип, экөөбүз чогуу түштөнгөн элек. Ал балдарды алып циркке киргизип коюп, анан “записим бар, ошону бүтүрүп, кайра балдарды алып үйгө барам” деди. Мен жумуштан чыгарда телефон чалдым, “балдарды алып кеттиңби?” десем, “ооба” деди. Келип тамак жасап жатсам эле балдар жалгыз кирип келишти. “Папам эмнеге бизге келген жок?” деп калышты. “Бошобой калган го” деп койдум. Балдарды жаткырып коюп күтүп отурам, жок. Бир болду, эки болду, таң атты. Таңды эптеп атырып эле жаңылыктарды чогуу окуган Светлана деген дикторго жөнөдүм. “Жолдубай жок” десем, анын жүрөгү түшүп калды. Ошол күнү баары менен тамашалашып, ичтери ооругуча күлдүрүп, анан балдарына кеткен экен. Барган жерин шаңга бөлөй турган адам эле. Светлананын апасы чыга калып “милицияга же моргго телефон чалгыла” деди. Менин буттарым калтырап болбой калгам. Светлана экөөбүз чыгып, ал телефон чалды. Ыйлап жиберди. Мен үйгө барып, кайним бар эле, ага айттым. Ошентип суук кабарды уктук.
Кылмышкерлер өз жазасын алышты. Баланча жерде, баланча убакта, сааты, мүнөтүнө чейин жазып, "үч кылмышкер тең атылды" деген кагаз келди...
Албетте, оор болду. Үч баланы жалгыз чоңойткон андан бетер оор, алардын атасын сагынгандарын, ордун жоктоп жатышканын көрүү мындан да оор болду. Бирок балдарыма билдиргим келчү эмес. Ансыз да сагынып жүрүшсө буларды кыйнабайын деп ичимден эле бушайман боло берчү элем. Айла жок, тагдыр да бул.
Азыр үч балам өз кесиптери менен алек. 11 неберем бар. Чоң атасынын жолун бир гана небере кызым жолдойт окшойт. Музыка жолуна түшүп жүрөт, кыл кыякчы. Жолдубай биздин эле эмес, кыргыз элинин жүрөгүндө жашайт. Ошол мага кубат берет.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg