“Бул жылы наам берилүүдө адилеттик бар экен” деп жатышкан замандаштарымды көп уктум. Быйыл Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алуу бактысына туш келген ырчы, чебер устат Токтобек Асаналиев менен маектештик.
– Агай, сыйлыгыңыз кут болсун!
– Рахмат.
– Гезитибиздин Толик сынчысы сизди “адилеттик болсо Токтобек эмдигиче эки жолу Эмгек сиңирген артистти алмак” деген эле. Сиздин оюуңузча, наам кечпи же убагында элеби?
– Толик сынчы туурасын эле айтса керек деп ойлойм. Наам эрте же кеч деген нерсе болбойт го. Турмушта наамда деле, башкада деле өйдө-ылдый боло берет экен. Негизгиси колго тийди. Ийгиликтин эрте-кечи жок, ал жөн эле ийгилик.
– Кыргыздын жердигин сурайт эмеспизби, сиз Ат-Башыдансыз. Кызыкканым, бул жерден байы да, ырчысы да, төкмөсү да көп чыгат, бул абасынанбы же суусунанбы?
– Бул жер суунун башталышы эмеспи. Кыргызды кырк жакка чачыратып жибергенде Кошой атабыз ошол жакта калган экен. Бул тарыхта айтылып калган. Манас атабыз Алтайдан Ат-Башыга келип Кошой атабыздан бата алып, кийизге салып хан көтөрүлгөн экен. Ал иш Чеч-Дөбө деген жерде болуптур. Азыр деле хан болом, бек болом дегендин баары ошол жакка барып кан чыгарып келишет. Жаман болбойт. Ошол касиетүү жерден анан төкмөсү төгүлүп, акыны, ырчысы, байы да чыгып жатпайбы.
– Кырчын жайлоосуна кеткени жатыптырсыз, кийинки Көчмөндөр оюндарын Түркия өткөрөрү белгилүү болду. Бизде эле өткөрүлгөнү туризмге жакшы болбойт беле?
– Эми бизде өткөнү жакшы болмок. Кыргыздардын, көчмөн экенин, көчмөндөрдүн да ана башында турганын далилдеп турат. Башка өлкөгө өткөргөнү да туура. Анткени биз жараткан нерсе дүйнөгө таанылып, таралып бизге аброй алып келет. Башка мамлекет өткөрсө өзүнүн оюндары салт-санаасы менен өткөрөт. Кызыгы артып дагы улана берсе, дүйнө көчмөндөр аркылуу бизди тааныса – жакшы нерсе.
– Музыка жаатында көп окуган инсан катары азыркы ырчыларга кандай баа бересиз?
– Эми азыркы ырчылар жакшы эле колдон келгенин кылып жатышат. Ичинен өтө талантуусу да бар, таланты азыраак эмгеги көбүрөөктөрү да бар. Бир нерсе бар, ошону айта кетейин. Ырчылар билимин жогорулатышы керек, акчага, тойлорго, тиричиликке кызыгып жүрө берсе өспөйт. Элдин атынан чет жерге чыгып калса, бир музыкант келип нотаны таштап койсо, мисалы, “окуп көрчү, кандай ыр экен?” десе анан тиги ийнин куушуруп отурса уят болбойбу. Шарт алып окуп “бул мындай экен, тигиндей экен” десе “ии, билет” деп каласың да. Ошондуктан сөзсүз окушу керек.
– Ырчылар топтон суурулуп чыгышы үчүн эмгек үстөмдүк кылышы керекпи же талантпы?
– Чыгармачыл адамдын тагдырында аны элге тааныткан бир чыгармасы болот. Ал ырчыбы, комузчубу айырмасы жок, бир чыгарма багын ачат. Калганы ошонун тегерегинде өнүгүп жүрүп отурат. Ошол нерсени сактап өнүктүрүп кеткенге эмгек, акыл керек. Мындайча айтканда, 99 пайыз эмгек 1 пайыз талант болсо ал ийгиликке жетишет. Адамда тубаса жана жасалма талант болот. Көкүрөгүндө данеги болсо эмгек менен өөрчүтүп кетсе болот. Кээде ноталарды жаттап алып эле элдин кандай кабыл алары менен иши жок даң салып жүргөндөр бар, алар жасалма таланттуулар.
– Кыргызстанда эң аз маяна алган адамдардын сап башында маданият өкүлдөрү турат. Бул нерсе сизди кейитеби?
– Атка минерлердин миллиондорду чөнтөгүнө солоп жатканын көрүп жүрөгүң түшөт. Кудайга тобо деп жакаңды кармайсың. Маданият өкүлдөрүнүн маянасы 5-6 миң. Ошол үчүн 2-3 жерде иштегенге аргасыз. Жыл башында, жыл аягында мамлекет министрлик боюнча акча бөлүштүргөндө эң азы Маданият министрлигине бөлүнөт. Бул эмне деген акмакчылык, билбейм. Чет жактан бирөөлөр келсе ошолор тосуп, ошолор узатат. Мына, азыр деле Көчмөндөр оюндарына театр артисттери, каскадёрлор, комузчулар, ырчылар келишти. Булар эки айдан бери Кырчында даярданып жатышат. Атка минерлер келип чыпалагы менен тишин чукуп, чыйт түкүрүп четте туруп басып кетишет. Кара терге түшүп, үй-жайдан безип, ысык-суукта талаада жатып иштеп жаткандар – маданият өкүлдөрү.
– Канча музыкалык аспапта ойнойсуз, кайсынысы жан дүйнөңүзгө жакын?
– Фортепиано, домбра, чопо чоор, аккордеон, комузда ойнойм. Кыйратып жиберем деп айта албайм, бирок кимдин кандай ойноп жатканын талдай алам. Жүрөгүмө жакыны – комуз. Комуз менен элге таанылгам, бул аспапты жанымдай көрөм.
– Инсанда узун жолдор бар. Тандоо бар. Сиз ушу жолуңузда туура эмес тандоо кылган же өкүнгөн учуруңуз болду беле?
– Эч качан аркага кылчайып өкүнбөш керек. Кудай деп колдон келишинче алдыга эле умтулган жакшы деп билем.
– Уулуңуз Канаттын дүйнө салышы сизге орду толгус жоготуу болду...
– Ата-эне үчүн баланын көзү өтүп кетиши тирүүнүн тозогу. Алтынга алмашкыс бала эле, суу төгүлбөс жорго комузчу болот деп үмүт кылчу элем. Үмүтүм ташка тийди. Башка эч нерсе деп айта албайм.
– Уулуңуздун апасы, мурунку жубайыңыз Кенже Кубатова менен байланышыңыз барбы?
– Ал киши менен байланышым жок, байланышкым да келбейт.
– Айыга элек жаратты козгодук окшойт, кечириңиз. Алдыда жакшылыктар көп болсун.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg