ТФҮ-ТФҮ... КӨЗ ТИЙБЕСИН!

Көпчүлүк “ушунун жолдошу же жубайы кандай болду экен?” деп эл көзүндө жүргөн адамдарга кызыгары бышык. Алар деле урушчу жерден урушуп, эркелетчү жерден эркелетишип жашоо кечирип келишет. Кайсы жерде болбосун ынтымактуу жүрүшкөн айрым таттуу жубайлар менен тааныштырабыз.

ШЫБЫРАШКАНДЫ ЖАКТЫРЫШАТ
2005-жылдын жаз айлары. Токтобек мырза жакындарынын биринин үйүнө конокко барып калат. Анан комузун колго алган ырчыдан бир кыз «Сүйүүмдүн формуласын» ырдап коёсузбу?» деп суранып калат. «Опей, бул кайдагы кыз?» деп жалт караган Токо мырзанын жүрөгү бир силкинип алат.
Бул силкинүүдөн көп өтпөй ырчынын туулган күнү келет. Кафеге досторуна кошуп баягы көзү түшүп калган сулуусу Саадатты да чакырат. Элдин көзүнчө “баш кошсок кандай болот? Ооба же жок деген эки сөздүн бирин айт” деп маселени кабыргасынан коёт. Анда кыз “эки ай убакыт бер” дейт. “Жок, 10 мүнөт” деп саатын чекчейип карап отуруп алат. Жанына басып барып “10 мүнөт өттү, жообун бересизби?” десе, тигил кыз унчукпайт. Анда жанындагы курбулары “кайсы кыз макул деп айтмак эле, унчукпаганы макул болгону” деп салышат. Саадат ал кезде Токтобек мырзаны эмес, биринчи жубайы Кенже Кубатованын ырдаганын жакшы көрчү. “Анын аткаруусундагы «Алымканды» апам экөөбүз тең жата калып укчубуз. Кийин үйлөнгөн соң Кенже Токонун мурунку аялы экенин билдим”,- дейт Саадат. Мына ушинтип үйлөнгөн түгөйлөр азыр бири-бирин кечинде үйүнө уктаганы барганда эле көрүшөт. Анткени Саадаттын тигүү цехи бар. Машинасы менен бирде кездеме алганы барса, бирде заказ алганы жөнөйт. Кыскасы, эс алууга бир да мүнөтү жок. Ал эми ырчы дайыма чыгармачылык үстүндө. Бир нерсени талкуулайлы дешкендери менен, убакыттын тардыгынан ал маселе бир топко артка жылып кала берген учурлар да бар.
Саадат кызганчаак, өзүнүкүн бербеген кежир. Кызганганда тултуюп сүйлөбөй калат. Ушул мүнөттөрдү күтүп жаткансыган ырчы келинчегинин кулагына сырдуу сөздөрдү шыбырай баштайт. Бул сөздөрдү ушуга чейин бир да жандын кулагы чалган эмес. Сырдуу сөздөр угулганда эле Саадат айым жарк дей түшөт.

СТАБИЛДҮҮ ТҮГӨЙЛӨР
Актан мырза менен Гузаль айымдын чогуу түтүн булатып келе жаткандарына беш жылга аяк басты. Ортолорунда төрт жашар Аяра жана бир жаштагы Арнел аттуу кыздары бар. Тукумунда ар улуттун каны бар жеңебиз жолдошун бир күнү манты жасаса, бир күнү шорпо жасап багат. Кыскасы, балдарынын да, жолдошунун да курсагын дайыма кампайтып турат.
Чынын айтыш керек, акыркы учурда Актан мырза шарияттын негизинде жашайын деп ниет кылып жүрөт. Ошондон улам жаш болгондору менен, заман агымы менен жуурулушкан түгөйлөрдөй болуп бири-бирин чектен аша да эркелетишпейт. Кичине гана күңкүлдөшкөндөрү болбосо, катуу да урушушпайт. Кыскасы, бул түтүндө жашоо-турмуш стабилдүү. Жакында намаз окуганга ниеттенип жаткан ырчы үй-бүлөсү тууралуу көп ачыла берген жок. Буга “шариятта үй-бүлө темасы жабык” деген сөз түрткү болду окшойт.

БИЙЛЕЙБИЗ ДЕП ЖҮРҮП СҮЙҮШКӨНДӨР
Бакыт менен Наргизанын баш кошкондоруна эки жыл болду. “Сентябрдын башында ата-эне болобуз” деген жубайлар УЗИден кыздуу болорун билип алышкан. Кантип таанышышкан? Бакыт борбордогу спорттук клубдардын биринде бий боюнча сабак берчү. Наргиза дагы чыгыш бийин үйрөтүү үчүн дал ушул клубга келип калат. Бийчи жигит эркектик кылып таанышары менен “менин сүйлөшкөн кызым болосуңбу?” дей салган. Ал кезде Бакыттын да, Наргизанын да сүйгөнү бар болчу. Мерседес менен күнүгө алып кетчү жигитин бийчи кыз бир жылдай кыя албай жүрүп, анан Бакытка макул болгон.
Бакыт сегизде келем деп кетип түнкү 11-12де босогодон баш бакканда, Наргиза жаңжал салат. Буга тамадалык кылган Бакыттын кафеден чыгып алып кальян чеккени кетип калган адаты түрткү. Баса, бийчи жигит кайсы тойду алпарбасын, бийлей албаганын көрүп бир шылдыңдайын дейби, айтор, өтө арык адамды да, семизди да ортого чыгарып ой-да бир бийлетип оюн өткөрмөйү бар.
Көпчүлүк болгон жерде Бакытка кыздар тийишпей койбойт. Ошондон улам той-топурда Наргиза Бакыттын жанынан эч чыкпайт. Андай учурда да ыңгайын тапкан кыздар Бакыт менен сүйлөшө коюшат. Анда Наргиза “тиги менен эмне жөнүндө сүйлөштүң?” деп кыртышы сүйбөй калат.
Бийчи айым азыр жолдошуна борщ, окрошка жасап берип арыктатып жатат. Күзүндө банкеттер башталса, келишимдүү тамада болушу керек да. Бул түгөйлөрдөн тууган-туушкандар “эмне мынча ынтымактуусуңар?” деп сурай беришет. Көз тийбесин деген негизде Бакыт жубайын элдин көзүнчө урушуп коймой жайы бар.

МЕКТЕП ПАРТАСЫНАН ЖАРАЛГАН ҮЙ-БҮЛӨ
Асылбек мырза менен Сүйүн айым 10 жыл чогуу окуган классташтар. Мектепти бүтөрү менен үйлөнүүгө ашыгып, кол кармашышкан. 35 жылдан бери эмне деген гана окуяларды баштан кечиришпеди. Асылбек мырза: “Арыдан-бери жакалашкан да күндөр болду. Анда менин 25-27деги кутуруп турган убагым. Урушканда “кандай сөз айтсам?” деп тандап отурбайсың да, ооздон ак ит кирип, кара ит чыгат. Бирок жеңең бир да жолу төркүнүнө кеткен жок”,- деп эскерет жаш кезин.
Асылбек байкени Сүйүн эже Асыке деп эркелетсе, Асыке мырза жубайын Сүкүбай, Сүкүля деп чакырат. Ырчы бир таарынса, көк беттигин карматып катуу таарынат. Күнөө кимден кеткени менен деле иши жок. Уруштун 70 пайызына актёр өзү себеп болот. Андай учурда түгөйлөр бала-бакырадан жашынып күпүлдөшкөнгө аракет кылышат.
Сүйүн эже спирт ичимдигин өмүрү ууртаган эмес. Анын ордуна Асылбек мырза ичет көрүнөт. Өзү тамадалык кылбаган тойлордо актёр анча-мынча кызып да калган учурлар кездешет. Анда Сүйүн эже чалын урушпастан, алдап-соолап үйгө алып келип жаткырат. Чынында, ырчынын ичип алганда эч кимге деле зыяны жок.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
elif
2010-06-27 20:05:33
Baardigi baktiluu bolushsun,baktiluu uy buloodon baktiluu,tuura mamleket kuralat.
Birok surotko kg kozmonchogun da populyarduu kilip korsotsonor bolot ele
0
Адам
2010-06-28 14:37:30
Ал көз мончок эмес го!??
Кыргыздардын көз мончогу башкача..
0
info
2010-06-28 20:32:02
zaki, сөздөрдү байкап жазыңыз.Адепсиз сөздөрдү жазганыңыз үчүн 24 саатка банга кеттиңиз!
0
selvita
2010-07-01 10:26:49
Aktan Isabaevdi kichekeydenle suychuum :) shaardin perekrestogunda bir jiptin ichinde Aktan Isabaev otup baratiptir.Men jaldiraple karap kalsam mashinasin toktotup chong kiz Shayirgul Kasimalievaga okshosh ekensiz taaniship alsak bolovu klipke chikirsam tushosuzbu deveybi.Men bolso kokton izdegenim jerden tavilip OOVVVAAA dep joop berip taaniship atpaymbi.Korso al Jonokoy ele bir bayke,kara toru sunan kelgen kara koz aynegin kiyipalsa Aktan baykenin kopyasi bolup kalat eken,okshoshtugunan ushin
0
selvita
2010-07-01 10:28:29
tip koldonot eken.Aktan Isabaevdey ele patriottuk sezimduu tarbiya jana jakshi jakka uguttogon irlardi jazaip ozuncho irdap kalat eken.Ne demekchimin Aktan baykenin ozun korbosokda dvoynigin korduk :) Alga Aktan Isabaev!!Ehh Kirgizimda silerdey jigittter koboyoversin
0
maradona
2010-07-03 13:42:00
эх Кыргызым Кыргызым эвропа элин туурабай ушундай уйбулого туруктуу бактылуу болсонор экен
0
№ 399, 25-июнь - 1-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан