Оор жүк ташуучу унааны айдаган кыз-келиндерди көрдүңүз беле? Биздин өлкөдө мындай сейрек кездешсе керек. Ал эми Америка кошмо штаттарында кыргыз кызы Айзаада Асакеева так ушундай ары кызыктуу, ары оор жумушту аркалап келет. Эмесе, каарманыбыз океандын ары жагындагы жашоосун, кесибин баяндап берсин.
«БУЛ ИШ КЫЗ-КЕЛИНДЕР ҮЧҮН УБАКТЫЛУУ»
- Өзүм 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөм. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык байланыш факультетин аяктагам. Андан соң АКШга 2009-жылы май айында келдим. Башында ресторандарда, мейманканаларда тейлөө кызматкери, бала багуучу болуп иштеп жүрдүм. Англис тилин Кыргыз жеринен эле үйрөнгөм, ал жакта гид болуп да иштеп жүрчүмүн, бул жакка келгени дагы өнүктүрдүм. Келгенден бери Огайо штатынын Цинциннати деген шаарында жашайм.
1 жылдан бери «трак», кыргызча айтканда, оор жүк ташуучу унаа айдап, жүк ташуучу болуп эмгектенем. Бул жакта оор жүк ташуучу унааларды айдаганды үйрөткөн атайын окуу жайлар бар. Ошол жакта окуп, сынакты жакшы деңгээлде тапшырып, узак жолдо жүк ташуучу унааны айдай аларыма көзүм жеткенде гана бул жумушту тандагам. Унаам менчик. Ичинде бардык шарттары бар. Муздаткыч, кийим салган шкаф бар, айтор, жашаганга мүмкүнчүлүк абдан жакшы. Унаа өзү жүгү жок 16 тонна, узундугу 20 метр. 22 тоннадан 25 тоннага чейин аманат жүктөрдү алабыз. Менин негизги кызматым, милдетим – жүктү кечикпей, өз убагында дарегине жеткирүү. Жумасына 5 күн жолдо жүрөм, дем алыш күндөрү гана үйгө келмей. Жүктү дарегине өзүм жалгыз унааны айдап жеткирем, өнөгүм жок.
Мындай унааны кыздар айдаганы көпчүлүк үчүн өөн учурашы мүмкүн, көргөндөр таң калышат, бирок мен үчүн бул иш оорчулук жаратпайт. Мен билгенден АКШда 20дан ашуун кыргыз, казак кыз-келиндери бул кесипти аркалашат. Бул иш кыз-келиндер үчүн убактылуу деп ойлойм. Саякаттаганды аябай жакшы көрөм. Качан саякаттоого болгон кызыгуум тараганда бул жумушум да токтошу мүмкүн.
«ЖУМУШ УЧУРУНДА КЫЗЫКТАР КӨП БОЛОТ»
- Жумуш учурунда көптөгөн кызыктуу окуялар, адамдар кездешет. Мен үчүн эң негизгиси АКШнын ар бир штатын көрүп, жаратылышы, жашоочулары, маданияты, экономикасы менен таанышуу кызык. Жумушум аркылуу бул өлкөнүн 45ке жакын штатын көрүп чыктым. Бир жолу жаңы иштеп жүргөн кезде кызыктуу окуяга дуушар болдум. Нью-Йорк штатына жүк алып барышым керек эле. Дарекке жетүү үчүн Нью-Йорк шаарынын четиндеги чоң жол менен өтүү керек болчу. Тажрыйбамдын аздыгынан улам шаар ичин аралап өтүүгө багыт алыптырмын. Ал жакка чоң жүк ташуучу унаалар кирүүгө тыюу салынган экен. Аны элдин көз карашынан байкадым. Жөө баратканы деле, унаа ичиндеги шоопуру деле «артка кайрылып кет» деген ишарат кылып, колдорун жаңсап жатышты. Ансайын корко баштадым. Акыры көчөдө чоң тыгын жараттым. Артымда унаалар тизилип токтоп калган, унаамдын күзгүсүнөн карасам тыгындын аягы көрүнбөйт. Эмне кыларымды билбей айлам кетип, бурула албай бир орунда туруп калдым.
Акыры полиция кызматкерлери келип жардам берип, чоң жолго чейин жол көрсөтүп келишти. Бул мен үчүн жумушумдагы эң оор, айламды таппай кыйналган күн болду. Азыр жолдордун баарын жаттап, көнүп калдым.
«ӨНҮККӨН ӨЛКӨДӨ ЖҮРСӨМ ДА, ӨЗ ӨЛКӨМӨ ЖЕТПЕЙТ»
-Жолдо унаанын бузулуп калуусу сейрек кездешет. Эгер орто жолдо бузулуп калчу болсо атайын тейлөө кызматкерлери келип, оңдоп кетишет. Жол эрежелери жөнөкөй. Жолдо бардык белгилер бар. Көрсөтүлгөн белгилерди туура колдонсоң жол жүрүү жеңил эле. Жол эрежесин бузуп айып пул төлөгөн эмесмин.
Каражат жагына токтолсок, Кудайга шүгүр, буюрганын табам. Азырынча батирде турабыз, буюрса, үй алалы деп иштеп жатабыз. Бул ишти баштаганда башында үйдөгүлөр каршы болушкан, азыр каршы эмес. Быйылкы жылдын февраль айынан май айына чейин ата-энем АКШга келип, конок болуп кетишти. Бул жакты аябай жактырышты. Аларды унаама салып, жумушумду да көрсөттүм. Өлкөмө баруу пландарым бар. Мекениме каалаган учурда барып-келип жатам. Үй-бүлөм, 1 кызым бар. Кызым Илиана Миллер быйыл 4 жашка толду. Англисче так сүйлөйт. Кыргызчаны түшүнөт, бир аз сүйлөйт. Орусчаны бир аз түшүнөт. Кичинесинде Кыргызстанга барып жашап келгенбиз.
АКШда агрардык өнөр жай тармагы абдан өнүккөн. Эгер айыл чарба техникаларына өзгөртүү киргизсек, Кыргыз өлкөсү да келечекте сөзсүз өнүгөт деп ишенем. Кыргызстан – менин мекеним. Өнүккөн өлкөдө жүрсөм дагы, өз өлкөмө жетпейт. Төрөлүп-өскөн өлкөмө эч бир өлкөнү салыштыра албайм. Алдыда мекениме барып иш жүзүнө ашырсам деген көптөгөн тилектерим, кыялдарым бар. Аларды сөз менен эмес, иш менен далилдегим келет.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg