Биз өткөн жумадагы саныбызда өлкөнүн түштүгүндөгү окуяны сырттан байкоочу катары жазганбыз. Окурмандарыбыз ММКлардын Ош окуясы боюнча материалдарында маалымат бир тараптуу берилип жатканын айтышып, тынчсызданып жатышты. Андыктан Оштогу опурталдуу окуяны жабыр тарткан элдин өз оозунан угуп-билүүнү туура көрүп, борбордон Ошту көздөй сапар алдык.
БИШКЕК-ОШ САПАРЫ
Ош-Бишкек жолунда кадимкидей эле жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар каттоодо. Бирок таксисттер кардарды алгандан кийин өз ара топтолуп алышып, жолдо кербен болуп айдап барышты. Жол катуу көзөмөлгө алынгандыктан, Ошко чейин бир канча күзөт бөлүмдөрүнөн өттүк. Биз менен кошо 20га жакын машинада Орусиядан кайткан өзбектер келе жатышты.
Сапарлашыбыз ырчы Гүлжигит Сатибеков Ош жана Жалал-Абаддагы окуяга күбө болгонун баяндап барды. Ал: "Ош-Бишкек трассасынын Жалал-Абаддагы бөлүгүндө жолду казып, аны башка жакка буруп коюшуптур. Ал эле эмес, жерге май төгүп салышкан. Андан өткөн машиналардын дөңгөлөктөрү майдан тайгаланып, андан пайдаланган көзгө атарлар ок менен машиналарды калбыр кылып салышты",- деди.
Ошентип, ордолуу Ошко жетип келип, шаардын кире беришинде жайгашкан облустар аралык оорукананын жанынан түшүп калдык.
ООРУКАНА КУРЧООДО КАЛГАН
Машинадан түшкөндөн кийин көргөн көзүбүзгө ишене албай турдук. Ооруканага жакын жайгашкан Фуркат айылындагы үйлөр, дүкөндөр бүтүндөй өрттөлгөн. Көчөлөрдө ээн баскан эл, шуулдата айдаган машина жок. Ал эми ооруканага киргенибизде куралчан аскерлер күзөттө турушуптур. Дарыгерлерден укканыбызга караганда, Ошто тополоң башталганда эле оорукананы бир канча жолу белгисиз адамдар басып алууга аракеттенишкен. Бул окуя боюнча Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору Шайирбек Сулайманов төмөнкүлөргө токтолду:
– 19-июнга чейин ооруканага 303 киши кайрылды. Анын ичинен 234ү жаткырылса, мунун 40ы ооруканада каза болду. Жарадар болгондордун 85 пайызына ок тийген, 10 пайызынын денеси күйгөн, калгандары таяк жеп, ур-токмокко алынгандар. Кан төгүү учурунда врачтарга да кол салган фактылар болду. Алсак, 16-июнда кечки саат алтыларда биздин оорукананын өлүкканасында иштеген Касым Жусупакматовду өзбектер барымтага алышкан. Бүгүнкү күнгө чейин ал жөнүндө маалымат жок.
ОНТОГОН ООРУКЧАНДАР
Андан ары палаталарды кыдырып, жарадар болгондор менен сүйлөшө баштадык. Бири бүт денеси күйүккө айланып, араң сүйлөсө, экинчиси колу-буту сынып, кейиштүү онтойт.
Жыргал Кежипов,
46 жашта, жумушчу:
– 11-июнда 10-20дай өзбек келип, арматура таяктары менен токмоктой баштады. Кийин көзүмдү ачсам, ооруканада жатыптырмын. Баш сөөк менен мурундун сөөгү сынган.
Бекболот Приев,
22 жашта, жумушчу:
– Мен Фуркат айылына бара жатсам, күндүз эле атып кетишти. Эсиме келсем, ооруканада экенмин. Дарыгерлер башымдан бир ок алып чыгышты.
Рашид Ирсалиев,
46 жашта, өрт өчүрүүчү:
– 11-июнда Фуркатка чакырып калышты. Өрттү өчүрүүгө келсек, миңге жакын өзбек топтолуп туруптур. Алар өрт өчүрүүчү машинаны талкалашып, бирөө мени артымдан балта менен чапкан. Кудай жалгап, башымда темир каска бар эле, ошол сактап калыптыр. Каскам төрткө бөлүнүп, башым жаракат алган.
Дүйшөбай Кийикбаев,
57 жашта, дыйкан:
– Ошол күнү Фуркатка пахтага дары алайын деп келгенмин. Базардан майда-чүйдө алып, Отуз-Адырга кетейин деп турсам, миңге чукул топтолгон балдар тепкилеп киришти. Лом менен чапканда эс-учумду жоготуп коюптурмун.
Шавкат Юлдашев,
44 жашта, ишкер:
– Мен Макаренко районунда турам. Короого 20-30дай киши кирип, бизди эшикке алып чыгып, колундагы таяктар менен токмоктой башташты. Көзүмдү ачсам, ооруканада жатыптырмын. Мен аларга каршылык көрсөткөн эмесмин. Мээм чайкалып, колум үч жеринен сыныптыр.
Сардор Садиков,
24 жашта, студент:
– 11-июнда түштө Фуркатта жума намаздан чыгып келе жатканмын. Көчөдө кыргыздар менен өзбектер урушуп жатышыптыр, мен ортодо калдым. Эки бутума ок тийип, минтип ооруканада жатам.
Манас уулу Искендер,
20 жашта, студент:
– Апам экөөбүз машинада бара жатканбыз. Бир мезгилде эле топтолгон балдар машинанын терезесин сындырып, ичине бензин чачып өрттөп жиберишти. Өрттөнгөн машинадан түшсөк, алар токмоктоого өтүштү. Кийин кыргыз балдар келип куткарып чыгышты. (Каармандын бети күйүп калгандыктан, сүрөткө түшкөн жок).
Ормонбек Токоев,
52 жашта, убактылуу бош:
– Урушта аялым Черёмушкада болгондуктан, барууга туура келди. Тополоңдо чуркап бара жатып, чалынып түштүм. Жыгылганда бензин чачып жиберишип, мага өрт коюшту. Шымым алоолонуп, араң чечтим.
БОШ КАЛГАН ОШ
Калаанын көркүн ачкан имараттар урандыга айланып, шаардыктардын карааны жокко эсе. Бир гана №1-троллейбус 10-15 адамды салып ташып жүрөт. Шаарга гүлдүн жыты эмес, күйүктүн, кандын жыты сиңип калгандай жагымсыз. Бизди шаар ичинде алып жүргөн Сабыр ага бир канча райондордогу абал менен тааныштырды. Ал “Ак шумкар” деген кафени көрсөтүп: “Бул кыргыз эжеге таандык болчу, имаратты өрттөмөй дал ушул жерден башталган. Ошто биринчи болуп ушул кафе өрттөндү”,- деди.
Шаардын борбордук бөлүгүндөгү маңдай-тескей турган кафе-ресторандар, дүкөндөр, аялдамалар өрттөлгөн. Андан сырткары Түштүк-Чыгыш районунда жайгашкан Хамза атындагы өзбек мектебине от коюлган.
Сабыр аганын айтымында, “шаардын 70-80 пайызы өрттөнгөн” деген туура эмес маалымат. “Ош шаары чоң. Анчалык күйүп кеткен болсо, шаардан эч нерсе калмак эмес. Шаардагы турак үйлөрдүн дээрлик бардыгы сакталып калды”,- деди. Ошту кыдырып жүрүп, филармониянын жанына токтодук.
САКТАСЫН СУУК КӨЗДӨРДӨН, САДАГАМ ОШТОЙ ЖЕРИМДИ!
Учурда Ошто кайсы машинага түшпөгүн, обону Гүлшайыр Садыбакасовага таандык “Садагам Оштой жеримди” ыры жаңырып турат. Бизди Ош филармониясынын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова тосуп чыкты. Ал окуянын башынан сөз баштап: “11-июнга караган түнү салют атылып, кийин кыйкырык менен автоматтын үндөрү чыкты. Оюма дароо филармония келип, ошол күнү күзөттө турган Хикоятка чалдым”,- деди. Өзбек улутундагы Хикоят эже сөздү улап: “Ооба, мен тополоң башталганда Гүлшайыр эжеге чала алган жокмун. Бирок мага чалганда өзүмдү кармай албай ыйлап жибердим”,- деп айтты. “Мен сурасам, Хикоят өзбек балдар көчөдө туш келди имаратты, машинаны талкалап, адамдарга кол салып жүргөндүгүн айтты. Мен ага сен өзбексиң, ал балдардан филармонияга тийбегиле, керек болсо жалдыра дедим”,- деп Гүлшайыр эже күйө сүйлөдү.
Эже кийин филармониянын имаратын айлантып, бул жерде эки күн бою төрт өлүк жаткандыгын айтты. Ошол 11-июнга караган түнү өзбектер “кыргыздар жоголушсун, кетишсин, Ош биздики!” деп кыйкырып жүрүшкөндүгүн да билдирди. “Бул окуя жеке өзүм үчүн да тиешелүү болду. Көп жылдан бери достошуп келген Айшакан деген курбумдан айрылдым. Курбумду зордуктап, кийин бычактап, аягында өрттөп жиберишиптир”,- деп көзүнө жаш алып сөзүн улады.
Биз кыргыз кыздарынын зордукталганы жөнүндө ушак сөздөрдүн чындыгын Гүлшайыр эжеден сурасак: “Өз көзүм менен көрбөсөм да, кыздарды зордуктаган окуя болгон деп ишенем. Анткени кыргыз кыздары жашаган жатакананын тосмо темири жер менен жексен болуп калган. Жакында эле Аксыда эки студент кыз көмүлүптүр”,- деди.
Ал эми филармонияны талкалоодон жана өрттөн сактап калган Хикоят эжени кийин өзбектер “кыргыздын агенти” деп атап, жемелешиптир.
ШАМАЛ БОЛБОСО, ЧӨПТҮН БАШЫ КЫЙМЫЛДАБАЙТ
Шаар тургундары менен сүйлөшө келгенде үрөй учурган сөздөрдү уктук. Окуяга күбө болгондор 11-июнга чейин эки күн бою катуу үн чыгуучу аппараттардан чакырыктар болгонун жана тополоң башталарда шаардын беш жеринде белги берүүчү салют атылганын айтышат. Ошондон көп өтпөй мас абалындагы өзбектер көчөдөн кыргыздарга кол салып, кафедеги официант кыргыз кыздарды зордуктай башташкан дешет. Муну орусиялык каналдардын маалыматы да тастыктады. Анда ооруканада жаткан жаш өзбек жигити 5000 сом алып, жатаканадагы кыргыз кыздарды зордуктаганын билдирген. Өзбектерге ачууланган шаардык кыргыздар таң ата көчөлөрдө топтоло баштаган. Бирок кыргыз жаштарынын күчү тең келген эмес.
Бул аралыкта окуяга күбө болгондордун айтымында, Алай, Кара-Кулжадан келген тоолук кыргыздар өзбектерден оштук кыргыздарды сактап калышкан. Ушул күнгө чейин өзбектер көп жашаган райондорго кирүү кооптуу. Өзбектер төрөтү жакындап калган аялдарын куралчан адамдардын коштоосунда төрөтканага алып келип төрөтүп, 2 сааттын ичинде чыгарып кетип жаткандыгын жергиликтүү тургундар билдиришти. Жогорудагы маалымат калктан алынгандыктан, окуянын чындыгын кылмыш иликтөөчүлөр аныкташат.
“ОШ МЕНЕН ОЙНОБО!”
Филармониядан чыгып, биз “Ош шамы” гезитинин редактору Тургунбай Алдакулов менен жолуктук. “Бул окуянын башталышына сөзсүз түрдө 7-апрелдеги окуялар таасир берди. Өлкөнүн түштүгүндөгү өзбек лидерлери менен саясатчылар түрдүү багыттар боюнча келишим түзүшкөн. Анда бийликке жетүү, кызмат бөлүштүрүү, аймакта таасирин күчөтүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Биз бир канча жолу “Ош менен ойнобогула!” дегенибиз менен, аягы ушул болду”,- деп кейиди.
Т.Алдакулов 11-июнга караган түнү намазга тиешеси жок мезгилде мечиттен азан чакырылып, анан салюттар атылгандыгын билдирди. “Окуянын курч жана тез болуп кеткенине караганда, “алдын ала даярдалган” дегенге негиз бар. Бул кан төгүүгө бийликке умтулган саясатчыларды күнөөлөйм. Анткени алар өз кызыкчылыгы үчүн жөнөкөй элди колдонуп коюшту”,- деп сөзүн жыйынтыктады.
“ТЕМИРДЕЙ БЕКЕМ ТАРТИПТИ ОРНОТУШ КЕРЕК”
Сапарабызды улай биз облустук администрацияга жөнөдүк. Бул жакка атайын убакытты болжоп келбесек дагы, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов журналисттерге маалымат жыйынын уюштуруп жатыптыр. Биз залга киргенибизде сүрөттөрдү кармаган 50гө жакын ата-энелерди көрдүк. Бул адамдардын жакындары Ош окуясында белгисиз жоголушкан. Мелис Мырзакматовдун айтымында, болжол менен 300-400 кишинин дайыны жок. Ал кан төгүүнүн чоо-жайына токтолуп: “Бул окуяда сырткы күчтөрдүн, анын ичинде террорчулардын да салымы болушу мүмкүн. Анткени мечиттерде куралданууга чакырыктар болгон”,- дейт.
Маалымат жыйында 10го жакын чет өлкөлүк кабарчылар суроо узатышып, бирок жергиликтүү кабарчылардын дээрлик жоктугуна күбө болдук. Биз Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов менен да кыска маек курдук.
– "Ош окуясы алдын ала даярдалган" деген маалыматтар бар. Эгер даярдалганы чын болсо, эмнеге чара көрүлгөн жок?
– “Алдын ала даярдалган” деген маалыматты тактоо үчүн иликтөөнүн жыйынтыгын күтүшүбүз керек. Ал эми “эмне үчүн чара көрүлгөн жок?” дегенге кошулбаймын. Биз күн-түн дебей бардык аракетибизди көрүп жаттык.
– Жакынкы күндөрдө кандай иштерди алып барасыз?
– Алгач кандуу окуядан чочуп калган элди тынчтандыруу керек. Анан темирдей бекем тартипти орнотуп, шаардыктардын коопсуздугун камсыздоого кам көрөбүз.
– Шаар башчысы катары баш аламандык боюнча жоопкерчиликти алууга даярсызбы?
– Жоопкерчиликтен коркпоймун. Өз элимдин алдындагы жоопкерчиликти сезип, ар бир ишти мыйзам чегинде алып баруудамын.
– Окуя мындан ары кандай өнүгөт деп ойлойсуз?
– Коркунучтан качсаң, ал кууп жүрө берет. Артка кайрылып, коркунучка бетме-бет чыксаң, ал качат. Айтайын дегеним, биз коркунучту куудук. Кудай буюрса, ынтымактуу болсок, бардык маселелер чечилет.
ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОНДОР
Маалымат жыйынында бир тууган инисинин сүрөтүн кучактаган Салкынбү Эрмекбаеваны кепке тарттык. Ал: “Иним Сапарбек келиним менен жайма базарда соода кылчу. Ошол кырсык болгон күнү ур-токмок менен инимди Жийделик деген өзбектер жашаган районго алып кирип кетишиптир. Жоголгон инимди куткарабыз деп ал жакта барымтада калган 50 кыргызды өзбектерге алмаштырдык. Бирок иним алардын арасында эмес экен”,- деди.
“ӨЗБЕКТЕР ГАНА ЭМЕС, БИЗ ДА ҮЙ-ЖАЙСЫЗ КАЛДЫК”
Мэриянын алдында топтолгон элге барып кайрылдык. Бул кыргыздардын Облустук оорукана тараптагы үйлөрү өзбектердин курчоосунда калган экен. Кээ бирлеринин үйү, дүкөнү өрттөнүп, бала-чакасын туугандарынын үйүнө жеткирип, өздөрү көчөдө калганын айтып кейишет. “Өзбектердин эле үйү өрттөндү дейсиңерби, жүргүлө, өз көзүңөр менен көргүлө, биздин үйдү алар кандай даараткана кылып коюшканын” деп наалышты.
Бул аралыкта таң эртеден бери чуркап жүрүп ачка болуп, дүкөн издей баштадык. Шаарды кыдырганда ачык дүкөн көргөн эмеспиз. Бактыга жараша, мэриянын артындагы дүкөнгө кезекке тизилип турган адамдарга көзүбүз чалдыкты. Кээ бир ММКлар Ошто тамак-аштын баасы кымбаттап кеткендигин айтышканына карабастан, бир литр сууну 15 сомго алдык. Дүкөндө нандын 12 сомдон сатылып жаткандыгына да күбө болдук.
“ӨРТТӨЛГӨНДҮН ЭЭСИ ӨЗБЕК”
Макала бир беткей болбошу үчүн “Өзбек жаштар кыймылынын” төрагасы Амир-Темур шаарчасында жашаган Дильмурод Нишанов менен байланыштык. Дильмурод бизди Он-Адыр айылына чакырды. Бул айылдын кире беришин тосуп, кыргыздарды, жергиликтүү журналисттерди киргизбей жатышыптыр. Жалаң өзбектер жашаганына байланыштуу бизге “ал жакка барбагыла” деп кооптонгондор болду. Дильмурод телефон аркылуу: “Ким баштаганын айтуу кыйын, болор иш болду. Өзбектерге тиешелүү дүкөн, кафе-ресторандар өрттөлгөн. Өзүбүз дагы түшүнбөй калдык. Калинин, Навои көчөлөрү жана Черёмушка районунда отурукташкан өзбек улутуна тиешелүү үйлөргө да өрт коюлган. Анда 400-500 өзбек улутунун өкүлдөрү өлгөн дешүүдө, бирок бул маалымат такталган эмес”,- деп билдирди.
ОШТОН ӨЗГӨНГӨ КАРАЙ
“Оштон чыгып кеткиле, аскерлер элдеги курал-жарактарды алуу боюнча иш жүргүзөт” дешкенинен күн батканда Өзгөнгө келдик. Бизди ала келген кыргыз жубайлар жолду катар Ош окуясын баяндап, айдоочунун аялы Алтынай Сатарова: “Ошол күндөн бери балдарыбыз туугандардыкында, өзүбүз достордун үйүндө түнөп жүрөбүз. Ош шаарындагы үйүбүзгө кире албай жатабыз”,- дейт.
Өзбеги да, кыргызы да байырлаган Өзгөн шаары тынч, базар кадимкидей иштөөдө. Кыргыз-өзбек дебей, кызуу турмуш көйгөйү менен жүрүшөт. Ошентип, Өзгөндөн чыгып, тоолор курчаган кең жол менен Бишкекке кайттык.
АКЫРЫНДА АЙТАРЫБЫЗ...
Мына, окурман, биз көргөн-билгенди жазып отурабыз. Бейкүнөө өлгөн наристеде, оозунан эне сүтү кете элек боз уланда, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыздарда, башы кесилип, денеси күлгө айланган жанда эмне айып? Мейли кыргыз болсун, мейли өзбек болсун, бири-бирин өлүмгө кыюудан эмне пайда? Эки улуттун ортосуна чок салып, элдештиргис душман кылууга чагымчылардын кандай акылары бар?
Өлкөбүз эң оор күндөрдү башынан өткөрүп жатканда Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева аял башы менен туруксуз абалдагы мамлекетти башкарууда. Дал ушундай мезгилде өлкө башчысына колдоо көрсөтүп, чагымчыларга берилбөө зарыл.
Кызуу кандуулукка алдырбай, акылыбыздын барында кепке-сөзгө келип элдешели, калайык.
Бурул Исмаилова, Эльвира Караева
koom@super.kg