УЧУРДАГЫ ХИТ ЫРЛАР. АЛАРДЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ

Маршруттук таксиде бара жатсам, бир бийкеч уюлдук телефонунан жаңырып жаткан музыка менен кошо "я буду, я буду..." деп эле жарышып ырдап жатты. Жанындагы дагы бир кыз болсо өзүнчө "зачем, зачем?.." деп кыңылдап баратты. Мындай көрүнүш учурда ар күнү ар жерде кездешет. Ошончо адамды арбаган ырлардын аткаруучулары ким экени кызык болду. Андыктан аткаруучулар тууралуу маалымат издеп көрдүм.

«5IVESTA»
"23:45&" жана "5ivesta" деген топтордун "Я буду" ("Мен болом") аттуу ыры радиостанцияларда хит ырга айланып, саатына эки жолудан жаңырып турганы бышык. Ыр хит болгон соң анын аткаруучусу ким экени, албетте, кызыктырбай койбойт.
Аталган эки топтун башын продюсер Олег Миронов бириктирген. Эки топ тең жаралганына үч-төрт жыл болсо да, жакшы тааныла албай келишкен. Олег "Я буду" аттуу ырды жаздырып, алгач интернет порталына жүктөп, бирок көчүрүүгө тыюу салып койгон. Колдонуучулардан "сураныч, көчүрүүгө уруксат бергиле" деген каттар тынымсыз түшө баштаган. Ошондо продюсер "демек, жаштарга сиңимдүү ыр болуптур. Эми радиостанцияларга берип көрөйүн" деген. Аз убакыт өтпөй бул ырдын рейтинги көтөрүлөт. Үч-төрт жылдан бери атактуулукка жете албай келген "23:45" жана "5ivesta" топторунун "Я буду" деген ыры заматта чоң популярдуулукка жетелеп келди.

Улуусу Валерий Ефремов
"5ivesta" тобунун улуусу – 26 жаштагы Валерий Ефремов, лакап аты – CoolB. Ал топто тамашакөй, бир да сөздү комментарийсиз калтырбайт. Сырткы келбети Голливуддун атактуу жылдыздары Шарлиз Терон же Меган Фокско окшош сулуу айымды издеп келет.

Насаатчысы Василий Косинский
Ал эми экинчи мырза – Василий Косинский, лакап аты – V-kes. 24 жаштагы Василий жаш курагы боюнча Валерийден кичүү болсо да, өз ара аны "тарбиялоочу, насаатчы" деп айтышат. Таттууну абдан жакшы көрөт. Чайга, айранга 3 чай кашык кумшекер кошот. Кара чачтуу, анан өтө арык эмес ак көңүл кыздарды жактырат.

Эркетай Лоя
Ольга Засульская – Лоя топтогу жалгыз, анан эркетай бийкеч. Анын Лоя деген лакап аты Оля деген өз ысымынын тамгаларын алмаштыргандан келип чыккан. 21 жаштагы Лоя Жулия Робертс тартылган "Татына кыз" жана "Качкын колукту" аттуу тасмаларды аябай жакшы көрөт. Бош убактысында сүрөт тартат. Депрессияга түшкөндө дүкөнгө барат да, бут кийим жана кооз жасалгаларды сатып алып, өзүн бул абалдан алып чыгууга аракеттенет.
"5ivesta" тобунун учурдагы экинчи, ошондой эле тез убакытта хитке айланган ыры "Зачем?" ("Эмнеге?") деп аталат. Топ муну менен эле токтойбуз дебейт. Буюрса, алар Европаны да багынтканы турушат.

«23:45»
Бир кезде "23:45" тобунун Гоша жана Грин аттуу жигиттерин кошуналары эле таанышчу. Күнү-түнү дебей короосунда гитарада ырдап, кошуналарына таанымал эле. Кээде "уйку бересиңерби деги?!" деп орус кемпирлер шыпыргы менен кууп үйүнө киргизишчү экен. Эми минтип бул жигиттер популярдуу инсандардын арасында.
Топ ырдап чыгуу үчүн продюсер Олег Мироновго кайрылышкан. Продюсер "силерге кыз керек" деп Анна Боронинаны алып, топту "23:45" деп аташкан. Эмне үчүн "23:45" дейсизби? "Бул – түнкү клубдарда жашоо башталган убакыт. Биздин түнүбүз клубда өткөндүктөн, бул убакытты биздин жашоонун башталганы деп билебиз" дешет. Бул топко да "Я буду" ("Мен болом") аттуу ыр чоң популярдуулук алып келди.
Учурда топтун жаңы жаралган "Друг без друга" ("Бири-бирибизсиз") деген ыры да радиостанцияларда тынбай жаңырып, хит ырга айланып баратканын сиз да байкасаңыз керек, окурман.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Kyjal
2010-07-02 21:56:29
ukkan emesmin bulardy
0
2010-07-03 01:32:43
От души песня.Я обожаю их.Недавно вышла песня "ЗАЧЕМ"тоже класс.Успехов вам.
0
zarya
2010-10-28 23:57:11
men dagi ukkan emesmin
0
№ 399, 25-июнь - 1-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан