Жаныбек Абиров, жеке ишкер: “АЛМА САТЫП, 17 ЖАШЫМДА АЛГАЧКЫ УНААМДЫ АЛГАМ”

Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 22-декабрь

Туулган жери – Чүй облусу, Токмок шаары

Адистиги – Кыргыз-Орус Славян университетинде юриспруденция боюнча жана Президенттин алдындагы башкаруу академиясында менеджмент, мамлекеттик, муниципалдык башкаруу адистиги боюнча билим алган.

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы

Ишмердүүлүгү – “Абиров” коомдук фондун жетектейт, жеке компанияда коммерциялык директор. Бишкек шаардык кеңешинде КСДП фракциясынан депутат.


– Саламатсызбы, Жаныбек мырза? Жаштыгыңызга карабастан бир катар коомдук иштердин башында экенсиз. Баары кантип башталган?

– Билесизби, бала чагымда атама кеңеш сурап келген адамдарга чай куюудан тажагам. Аны карап отуруп, мен да адамдарга пайдалуу болууну кыялданчумун.

– АКШда жашап келгениңизди билебиз. Ал жактан кайтып келүүңүзгө да аталган кыялдарыңыз себеп болдубу?

– Ооба, Кыргыз-Орус Славян университетинде окуп жүргөндө тил үйрөнүү үчүн Америкага кеткем. Сан-Францискодо 1 жыл жашадым. Окуудан тышкары таксист болуп иштедим. Кантип таксист болуп калганым да кызык. Эмне менен алектенсем деп ойлонуп жүргөндө орусиялык ырчы Жасминдин Агаби аттуу аталаш агасы менен таанышып калдым. Ал мага өзүнүн Линкольн Таун үлгүсүндөгү унаасын берип, такси кызматын көрсөтүүмө макулдугун берген. 3 күн тааныш болгон адамга ишеним кат жазып берип, унаасын бере алган ак көңүл адамдар бар экенине ошондо ынандым. Айдоочулук күбөлүк алганым да кызык. Анда да жакшы адамдар жардам беришкен.

Негизи менин жашоомдо жардам берген адамдар көп. Аларга ыраазымын. Биздин качандыр бир кылган жакшы иштерибиз үчүн ушундай жардамдар келсе керек деп ойлойм. Күбөлүк алганга ошол жакта жашаган түрктөр жардам беришкен. Көчөдө кетип баратсам алар бирөөлөр менен урушуп жатышкан экен. Мен кызыгып эле карап калгам. Ошентип таанышып калганбыз. Анан алар мага тесттерге жоопторду алып келип беришти. Америкада айдоочулук күбөлүктү алууда өзүңдүн унааң менен барышың керек. Унааларын да берип турушкан. Бир жылдан кийин виза бүттү, курстарым бүттү, келдим. Калсам болмок. Бирок ал жакта калып ким болушум керек эле? Эмне кылсам да ал өлкөдө бөтөнмүн. Анан да үйдө жалгыз уулмун, 3 эжем бар. Бул баалуулуктарымдан аттап кете албай койдум. Жашоодо эмнеге жетишим керек экенин ойлонуп, анализдеп көрдүм. Өз өлкөмө кызмат кылып, мекендештериме пайдалуу болуу каалоом баарын жеңип кетти.

– Келгенден кийин эмне менен алектендиңиз?

– Келип 6 күндөн кийин үйлөндүм. Сүйлөшкөн кызым менен Америкага чогуу барып, бардык кыйынчылык-кубанычтарды бирге башыбыздан өткөргөнбүз. Мындай учурларда мамиле курчуйт экен. Ал менин жакын адамым болуп калды. Азыр экөөбүздүн 2 кыз, 1 уулубуз бар. Каражат табуу үчүн багбанчылык, мал чарбачылык, жер иштетүү менен алектендим.

– Коомду өзгөртүү максатыңызга кандай жолдор менен бара жатасыз?

– Коомду өзгөртүүнү жаш балдардан баштагым келди. Алардын ийгиликтүү, коомго пайдалуу болуусуна түрткү болгум келди. Ошол себептүү “Абиров” коомдук фондун түзгөнбүз. Бул да үй-бүлөбүздүн демилгеси. Системдүү аракет кылуу менен өлкөдөгү маселелерди чечип, бир нерсени өзгөртө алам деген оюм бар. Идеологиялык максатым – жаштарды өнүктүрүү.

– Фонд эмне иш аткарат?

– Мында 8-класстан 11-класска чейинки балдарды сынак аркылуу тандап алып, аларга кошумча бекер билим беребиз. Бул куракта балдар губка сымал маалыматтын баарын сиңирип алууга жөндөмдүү келишет. Ошол маалда аларга туура багыт берүү керек. Фондубуз 100 адамдан турган үч бөлүктү бүтүрдү. 4-бөлүктү дагы жакшыртылган таризде баштоого ниеттенип турабыз.

Мектепте өтүлгөн сабактар көпчүлүк учурда жашоого пайдасы тийбейт. Биз адамдар менен мамиле куруу, убакытты туура бөлүштүрүү, бизнес-план жазуу жана аны ишке ашыруу, жөнөкөй эле: жумушка орношуу үчүн сүйлөшүүгө эмне кийип барып, кантип сүйлөш керек экендигин үйрөтөбүз. Акылдуу адамдарды уксаң, акылдуу идеялар жаралат. Ошондуктан аты чыккан тажрыйбалуу, ийгиликтүү адамдарды чакырып, сабак өтүүсүнө шарт түзөбүз. Фонддо балдар билгендерин практикада да ишке ашыра алышат. Ал үчүн ар бир топко 15 миң сомдон акча бөлүп беребиз. Бизге келгенде балдардын 80 пайызы келечекте ким болгусу келгенин да билишпейт. Өнөрүн ачып, өзүн тапканга жардам берип, багыт беребиз. Бүтүрүү кечелеринде жаныбызга келип ыраазычылык билдирген ата-энелер да болот.

Бир окуя эсимде калган. Бир апа жаныма келип мени кучактап, “силердин курска чейин кызым депрессияга түшүп кеткен. Курстардан кийин өзгөрдү. Ачылып, назик кыз болуп калды. Мектепте да теңтуштары менен мамилеси жакшырды” деп кубандырган. Мындайда өзүбүзгө ыраазы болуп, дагы жакшы иштөөгө умтулабыз.

– Мындан башка дагы кандай иштерге салым кошуп жатасыз?

– Бир күн чыгып, таштандыны чогултуп коюу менен чектелбей, жыл сайын марттын аягынан июндун аягына чейин “Абиров” фондундагы балдар менен чогуу ишембиликтерди өткөрүп турабыз. Бул жашаган жерди таза кармаш керек экендигин үйрөтүүгө салымыбыз.

Өзүм ойногон “Карпинка” аттуу футболдук команданы да каржылайм. Жал кичи районунда дагы бир футболдук команда түзүлүптүр. Аны да каржылап баштадым. “Кызыл жарым ай” коому менен биргеликте адамдарды китеп окууга үндөө боюнча долбоор баштаганы жатабыз. Анда китепканаларда ар кандай иш-чараларды өткөрүп, китеп окугандар үчүн аянтча түзүп беребиз. Мындан башка көп пайдалуу иштерге салым кошконго аракет кылам.

– Эми булардын баарына каражаттын кайдан келип жаткандыгы баарыбызга кызык.

– Жер иштетем, мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенем, жеке компанияда иштейм.

– Ийгиликтүү адам болуш үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?

– Өзүмдү ийгиликтүүмүн деп эсептебейм. Оюмча, бардык жерде тартип, жакшы тарбия, өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн аракет болушу керек. Адам өзүн-өзү жасаш керек. Эмгектенүү гана адамды алдыга жылдырат. “Ийгиликке жетүүнүн 14 жолу” деген сыяктуу китептерди окуйбуз. Биз ошол китепте “Асанкул байке менен кезик. Ал сага туура чечим чыгаруу жолун таап берет” деп жазылуусун күтөбүз. Ал жакта эч нерсе жазылбайт. Анткени чечимди дайыма сен өзүң чыгарасың.

– Алгачкы ирет өз күчүңүз менен акча тапканыңыз эсиңиздеби?

– Албетте. Анда мен өзүмдү дүйнөнү багындыргандай сезгем. Биз алма өстүрчүбүз. Мектепти бүткөндө 16 гана жашта болчумун. Ошондо атам 18 тонна алманы жүктөп, аны сатуу үчүн Казакстандын Караганда шаарына жиберген. Атам ал жакта адамдар тосуп алып жардам беришет деген. Бирок силерге бирөө ушинтип айтса ишенбегиле. Көпчүлүк учурда андай болбойт. Базарда менин алмамды эч ким албай койду, айласыз калдым. Кеч киргенде эртең менен эле таанышкан соодагер жуптар менен кезигип, алардын үйүндө түнөп калдым. Алар мага “Бизде да башында ушундай жагдай болгон. Кейибе. Эртең алмаларыңды сорттоп, куурчактай сулуу көрсөтүп койсоң эле соода жүрүшө баштайт” деп шыктандырышты. Эртеси күнү алар айткан кеңеш менен аракет кылдым эле, соодам жүрүшө баштады. Бир күндө баарын саттым. Киреше 7,5 миң доллар болгон экен. Минтип биринчи жолу өз аракетим менен акча тапкам. Келсем, атам ал акчаны мага берди. Ошентип 17 жашымда өз аракетим менен тапкан акчага унаа сатып алгам. Мени жаштайымдан өз алдынчалыкка үйрөткөн ата-энеме ыраазымын. Азыр ал сапаттардын үзүрүн көрүп жатам.

– Ишиңизге ийгилик! Маегиңизге рахмат!

"Абиров” коомдук фондун жетектейт, жеке компанияда коммерциялык директор. Бишкек шаардык кеңешинде КСДП фракциясынан депутат".
"Коомубуздун аярлуу катмарына жардам бергенге аракет кылам. Бул күнү ден соолугунан кыйналган балдар тарбияланган бала бакчага жардам берүү үчүн баргам".

Перизат Музуратбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Cherik.777
2018-09-18 14:19:34
Сендей азамматардан уучубуз кур эместигине сыймыктанабыз....
0
aisyrga88
2018-09-19 09:31:04
Ээ бийликте мээси иштегендер эмес ушуга окшогон бизнесмендер олтуратда 17жашында алма саткан молодец бизнесмендерди анан гимин кызыктырат беле
+1
bond02
2018-09-20 19:23:38
Аа бул баягы атасын чанган балабы.
+3
Frunze2
2018-09-20 21:39:29
Ойлодум эле, бул баланы тегин жерден чыгарып жаткан жок деп. Корсо....

Мен башта айтып келгендей кадр маселелери Соке жана ага караштуу бир ууч топ тарабынан кошого артында чечилип, Соке макулдугун берген сон гана бул кадрлар акырын бийликке келет деп айтканмын... Оштун "базарком" мэри менен Бишкектин "куруучу" мэри жок жерден же каяктагы шайлоонун жыйынтыгында эмес, Сокенин макулдугу болгон сон мэрликке келди деп айтып оттум эле. Ал эми шайлоо ж.б.болгону шоу болуучу
+1
Frunze2
2018-09-20 21:45:29
Бул жигиттин да спикерлик тушоосу кошого артында кесилип, Соке макул болгон сон акырын мактап элге тааныштыра башташкан экен да корсо.

Дыйканчылык кылып мал баккан катардагы бири Бишкекке депутат боло албаса керек деп ойлодум эле, корсо комур магнатынын уулу турбайбы?!! Анын атасы Атамбаевдин айланасындагы таасирдуу адамдардын бири, ири коррупционер деп айтылып журот. Акыркы бир нече жылдан бери ТЭЦти комур менен камсыздоо тендерин Болот Абировдун ишканасы утуп келет.
0
№ 828, 14-20-cентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан