(Башталышы өткөн сандарда)
– Кандайсың, Тимур? Мен Айсулуу.
– Аа, кандай?
– Сен бүгүн үйгө келе аласыңбы? Эртерээк. Байэл ооруп калыптыр, дене табы көтөрүлүп таң атканча ыйлап чыкты. Айназикти мектепке алып барыш керек. Сен келип баланы карап берип турсаң...
– Аа, мейли,- телефонду коюп эле шашып ордунан туруп кийине баштады.
– Аялыңбы?- Нуржан таарынгандай үн катты.
– Мурунку аялым, менин жубайым сенсиң да. Балам ооруп калыптыр. Барбасам болбойт го,- актана сүйлөдү.
– Мм, барагой.
– Сага түшүнбөй турам. Сен эмне, мага балдарыма баратканым үчүн таарынып жатасыңбы ошондо?
– Ал жакта эмне, балдарың элеби? Аялың да бар го.
– Менин жубайым сенсиң. Ал мурунку аялым. Суранам, Нуржан, ушинтпечи. Сен баарын сопсонун эле билип турасың го. Балдарга барышым керек да.
– Барышың керек, албетте. Биротоло ошол жакта калып калсаң да болот. Каршылык жок. Келбей деле кой кайра.
– Таптакыр туура эмес ойлонуп жатканыңды билип жатсаң керек, ээ?
– Тимур, ойлосоң, экөөбүз дагы эле мыйзамдуу үйлөнө элекпиз. Чогуу эле жашап жатабыз. Ал жөнүндө ооз ачкың келбейт. А мен кайсы бир күнү сени кайра ошол балдарыңа, ошол мурунку аялыңа кетип каларыңды билбейм. Анан айтчы, мен эмнени туура ойлонушум керек?
– Кечинде келип сүйлөшөлү. Мен шашып жатам...
– Келбей эле кой дебедимби.
– Мен баягы жароокер Нуржанды тааныбай жатам.
– Ошол жароокер Нуржандан ажаан аялды жасап жаткан сенсиң, эгер билсең.
– Уфф, мен кеттим,- Нуржанды маңдайынан өөп чыгып кетти.
ххх
Такси тосту. Арткы орундуктан жай табары менен терезени тиктеди. “Эмнеге минтет? Балдарымды таштап ошол үчүн келгенимди унуттубу? Кайра кетип калат деп коркот окшойт. Эх, Нуржан, кантип кетем? Бүттү, эми сенсиз жашоонун кызыгы жок мага. Куусаң да кетпейм. Бирок балдарымдан кантип биротоло кол үзөм? Болбой калат го андай. Балада эмне күнөө? Анын үстүнө канчадан бери көрө элекмин аларды. Сагынып да калышкандыр...” Ойго батып келе берди.
"Жеттик" деди айдоочу артка кайрылып.
Унаадан түшүп эле көп кабаттуу үйлөрдү аралай Айсулуу менен балдары жашаган үйгө бет алды. Кызы мектепке кийчү кийимин кийип алып босогодо турган экен. Кирип барганда эле Айназик кадимкидей бой тартып чоңоё түшкөнүн байкады.
– Кандай, кызым?
– Жакшы. Бол эртерээк, мен мектептен кечигип жатам,- кыз шаштырды.
– Байэл. Ии, жаным, эмне болду? Ыпысык го,- аркы бөлмөдөн баласын көтөрүп чыккан Айсулуу менен учурашпастан эле уулун эркелетип анын абалын сураганга өттү.
– Ооба, түнү менен жөтөлүп, дене табы көтөрүлдү. Сен баланы ала тур. Мен Айназикти жеткире калайын,- шаша-буша бут кийимин кийип кызын жетелеп чыгып кетти Айсулуу.
Чыкты да, лифтке кирери менен оозун басып ыйлап жиберди. Эмнеге ыйлаганын өзү деле түшүнгөн жок. Тимур аны көңүл сыртында калтырганына таарынгандыр, балким, акыркы кезде кызын мектепке, баласын бакчага таштап, шашкан бойдон жумушуна барып жанталашып жүгүрө берип чарчагандан чыккандыр ал көз жаш. Ыйлай турганга көп эле себептер бар болчу. Бир чети баласы ооруп калганына өзүн да күнөөлөп жатты. Дайыма бакчадан кеч алып кетет. Жумуштан келгенче ошол болот. Айназикти түнкү убакта иштеген коңшу кыз, таң эрте келип уктап алып, анан түштөн кийин барып мектептен алып келет. Ошол коңшу кыз көп жардам берет. Болбосо эмне кылмак? Тимур болсо көңүлү кааласа келет, болбосо жок. Ага ушунун баарын айтып даттанайын дейт. Бирок эрдин бек тиштеп унчукпайт. Анын алдында байкуш көрүнүүнүн кажети жок. Намысы жол бербейт ага.
Айназик апасынын колунан өөп койду. Ыйлап жаткан апасын сооротууга башка жол таппады.
– Алтыным десе,- элжиреп кызын карады.
– Ыйлабаңыз, мен бүгүн да "5" алып келем.
ххх
– Чурка, кызым,- мектептин жанына келгенде кызынын ак бантигин түздөп жатып бетинен сүйдү.
– Түштө өзүм алып кетем, ээ? Бүгүн жумушка барбайм.
– Окей,- кыз тепилдеп чуркап кетти. Айсулуу аны артынан саамга карап турду. Дал ушул учурда мектептин жанында токтоп турган унаадан аларды Азамат карап турган болчу. Таң атпай ал Айбекти айдатып алып ушул жерге келген эле. Көпкө күттү. Ак бантик тагынган, апасы жетелеп келе жаткан кичине кыздардын улам бирин үмүттүү карап “Айназик эмеспи?” деп
4 жашында ажыраган кызынын көздөрүн, жылмайганда пайда боло калчу жүзүндөгү уячаларын издеп жатты. Ал азыр өзгөргөндүр. Чачы өссө керек, сүйкүмдүүлүгү арткандыр, бирок кантип аны Азамат тааныбай калсын? Жо- ок, жүз жыл өтүп жолугушса да кызын жазбай тааныйт. Каректер жүгүрүп Айназикти издеп жатты. Анан капыстан... Мына, баягы бакырайган күнөөсүз көздөр. Айназик апасына бир нерселерди көңүлдүү божурап сүйлөп келе жатыптыр. Жылмайып алган. “Ээ-э” деп кыйкырып жиберчүдөй ордунан обдулуп, унааны ачмакчы болуп жатканда Айбек токтотуп калды.
– Эй-эй, токто! Токто, жанында Айсулуу бар экен. Жолотпойт сени. Ызы-чуу чыгат.
Көздөрү алайып каректеринен “эмнеге, жанына барсам болбойбу? Кантип барбайм?” деген суроо дапдаана окулуп, бүркөлгөн кабагы, болор-болбос ачылып калган оозу айласы кетип калганынан кабар берип турду. Мына, 20 кадам аттаса кызына жетмек, кучагына бек кысмак, чачынан шуу жыттамак. Жүрөктөгү сагыныч толкун болуп буркан-шаркан түшүп келип, акыл-эстин аскасына карс урунуп токтоп калды. Тамагы буула түштү. Сезимдердин баары кекиртекке келип такалып калгандай. Көздөрү жашылданып кетти. Оор-оор дем тартып алды.
– Түшүнөм, дос. Бирок түшпө. Айсулуу кетсин, коё тур,- Айбек билегинен тартып, Азаматты жооткотуп жатты. Жашка толгон көздөр тыпылдап чуркап бара жаткан кызды узата карап калды. Жүрөк эзилип, көкүрөк толкуп, андагы сагыныч камалып айласы кеткенде көз жаш болуп каректерге миң сан ирет “жаным, кызым, жаным, кызым” деп ичинен кайталаган сөздөргө айласыз айланып жатты.
ххх
– Аза, өзүңдү колго ал, макулбу? Кызың сени тааныбай калган болсочу? Азыр барып жанына туруп калсаң эмне деп ойлошот? Ал тааныбай кыйкырып качса анда чатак чыкты дей бер. Мектептин жанында жүргөн дудук гастарбайтер тууралуу жакшы ой келет дейсиңби? Түшүнөм, сагыныпсың. Бирок...- Айбек сөзүн аяктай электе Азамат рюкзагынан эскирген күрөң мамалакты алып чыкты да, эстейт дегендей ишарат кыла досуна көргөздү.
– Аза, мектепке жакындаба. Сени көрө тургандай аралыкта эле туруп тур, макулбу?
Баш ийкеди да, унаадан түшүп кетти. Балдар мектептен чыга башташкан. Азамат бир колуна мамалакты жетелеп алгандай кармап, кандайдыр бир түпөйүл коркунуч менен демин ичине ката күтө баштады.
Кыз мектептен чыга берип, балдар ойноочу аянтчада турган кишини көрүп токтоп калды. Ал адам кызга абдан тааныш учурады. А колундагы мамалакчы? Бул мамалак да абдан тааныш.
– Атам?- ишенбегендей көздөрүн бат-бат ирмегилеп жиберди.
– Ата-а!- кыз кыйкырып чуркап жөнөдү. Ал бир да жолу мынчалык катуу чуркап көргөн эмес. Атасы алыста тургандай эле сезиле берди. Сагындырган, жоголду деген, таштап кетти деген атасы болчу. Ал да кызды утурлай чуркады. Бир убакта тизелей отура калып, чуркап келген кызды кучагына бекем кысып алды. “Ата-а” деп Азаматтын моюнунан бекем кучактаары менен ыйлап жиберди.
– Кызым!
3 жылдан бери үн-сөздөн калган, таптакыр сүйлөбөй жүргөн Азаматтын биринчи сөзү ушул болду. Ушул бир эле сөздө нечен жылдар ичинде буркан-шаркан түшкөн сагыныч бар болчу. Азаптарга сынбас, майтарылбас аталык сүйүү бар болчу ал сөздө. "Кызым" кайра-кайра кайталап жатты. Кучагындагы кызы да, өзү да мурундарын шыр тартып ыйлап жатышты. Ал камалып кеткенде кыз 4 эле жашта эмес беле. Бирок унутпаптыр атасын. Унутмак эмес, бул экөөндө бири-бирине болгон чексиз сүйүү бар болчу...
(Уландысы кийинки санда)