ЖОГОЛГОНДОР

Өткөн саныбызда жарыяланган “Кино дүйнөсүндө” аттуу рубрикабызда 2006-жылдын “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты фильми” деген наамына “Жоголгондор” аттуу тасма ээ болгондугун билдирген элек. Аталган фильм “Оскар” үчүн жарышка түшкөн көптөгөн тасмалардан эмнеси менен айырмаланат? Алардан артыкчылыгы эмнеде? Эгер фильмди өз көзүңүз менен көргөн болсоңуз, жогорудагы суроолордун жообун билесиз. Билбесеңиз, бул тасма тууралуу маалыматты биздин гезиттен окуп алыңыз.

Режисёру – Мартин Скорсеез
Сценарийин жазган – Уильям Монахэн
Ролдордо:Метт Деймон, Леонардо Дикаприо, Джек Николсон, Вера Фармига, Алек Болдуин

КЫСКА МАЗМУНУ
Кандуу триллер жанрында тартылган фильм АКШнын Бостон шаарындагы ири мафиялардын бири менен полиция кызматкерлеринин ортосундагы чыр тууралуу баяндайт. Мафия тобунун “атасы” Костелло (Жэк Николсон) керектүү маалыматтарга ээ болуу үчүн өзүнүн жигиттеринин мыктысын тандап, аны укук коргоо органдарынын катарына иштөөгө жиберет. Тыңчы Коллин Салливан (Мэтт Деймон) полицияда кызмат өтөмүш болуп, мафияны баалуу маалыматтар менен камсыз кылат. Ал тургай, бир нече айдан кийин эле кадыр-барктуу полиция кызматкерлеринин катарына кирип, ички тергөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалат. Көп өтпөй полиция кызматкерлеринин арасында тыңчы-ушакчы пайда болгону билинет. Бирок, эч ким Коллинден шектенбейт. Тескерисинче, чоңдору “тыңчыны дароо табуу керек” деп, ишти ага тапшырышат.
Бирок, мафия тайпасынын ичинде да тыңчылар жок эмес. Тажрыйбалуу полиция кызматкери Билли Костиган (Лео ДиКаприо) эчак эле мафия башчысы Костеллонун ишеничине кирип, өз адамы болуп калган. Костелло Биллини өз адамындай көрүп, ага тайпанын бардык сырларын ачып берген.
Ошентип, ким душман, ким өз экени билинбей, полиция менен мафиянын ортосунда чаташкан маселе пайда болот. Бирок, ал көпкө созулбайт. Баары бир эки сааттык фильмдин соңунда бардык сырлар ачылат. Согушуу, атышуу, өлтүрүү сыяктуу кандуу эпизоддордон кийин Билли менен Коллиндин анык жүздөрү көрүнөт. Ошондон улам алардын өмүрү коркунучка кабылат. Тасма акыры эмне болуп бүтөөрүн өзүңүз көрүп, билгениңиз оң.

КАЙТАЛАП ТАРТУУ
“Жоголгондор” 2002-жылы Гонконгдо тартылган “Куру мамилелер” аттуу фильмди кайра иштеп чыгуу менен, башкача айтканда, “римейк” (англисчеден – “кайра жасоо”) жолу менен тартылган. Бирок, режиссёр Мартин Скорсезе биздеги чет элдик ырларды которуп ырдаган кээ бир эстрада ырчыларына окшоп тасманы бүт бойдон көчүргөн эмес. Анча белгилүү болбогон кытай фильминин сценарийин сатып алгандан кийин аны толук өзгөрткөн. Азиялык табышмактарды америкалык юморго, жөнөкөй ууруларды ири мафияга алмаштырып, каардуулук менен канды көбүрөөк кошуп, оригиналынан да мыкты, жандуу жана сапаттуу фильм тартты. Кыскасы, бекеринен “Оскарга” татыбаган шедевр!

АКТЁРЛОР ТОБУ
Жаш актёрлор бул тасмага тартылышып, чоң ийгиликке жетишишти. Буга чейин Лео ДиКаприо көптөгөн фильмдерге тартылса да, көрүүчүлөрдүн эсинде дайыма “Титаниктеги” Жек болуп кала берген. Лео Скорсезенин тасмасында жаңы образ жараткандан кийин күйөрмандарынын көз алдында мыкты полиция болуп көпкө чейин сакталат.
Мэтт Деймондун жүзү адатынча эч кыймылсыз, эмоциясыз. Бирок, Скорсезеге так ушундай актёр керек болгондуктан, Мэттин эмгеги бааланды десек болот. Көптөгөн алдыңкы журналдар белгилегендей, “Жоголгондор” фильминин эң маанилүү бөлүгү, кульминациясы – бул Мэттин, башкача айтканда, анын каарманы Коллиндин өлүмү.
Тажрыйбалуу жана кадырлуу Жек Николсон улгайып баратса да, анын актёрлук өнөрү мурункудай эле таң калтырбай койбойт. Дайыма каракчылардын, зөөкүрлөрдүн, өлтүргүч­төрдүн ролун аткарып жүргөн актёр бул тасмада да мафия атасынын образын “бешке” жараткан.
Фильмге тартылган актёрлордун бири да жогоруда айтылган кытай фильмин көрүшкөн эмес. “Мен эч нерсеге алагды болбой, Скорсезенин жеке оюн аткарууга аракеттендим. Өзүбүз тарткан тасма кандай болуп чыгаары кызык болду” дейт Жек Николсон.

КЫЗЫК...
Фильмдин эки аталышы бар. Дүйнөлүк прокатка “Жоголгондор” деп таратылса, алгачкы сценарий боюнча тасма “Маркумдар” деп аталган.
Сценарий боюнча тасмадагы окуялар АКШдагы эң криминалдуу шаар Бостондо өткөн. Бирок, акча жана убакытты көп сарптабоо максаты менен фильм Нью-Йоркто тартылган.
Ролун жакшы аткарып берүү үчүн Мэтт Дэймон бир нече ай массачусеттик полиция бөлүмүн­дө иштеген.
Алгач Жек Николсон фильмге тартылуудан баш тартканда Костеллонун ролуна Роберт де Ниро чакырылган. Бирок, тасманын режиссёру ким экенин билген соң Николсон дароо келишимге кол койгон.
Фильмдин кеңешчиси Том Даффи 30 жыл полицияда эмгектенип, белгилүү бостондук мафиоз Балгерди туткунга түшүрүүгө жетишкен. Так ошол Балгердин мүнөзү фильмдеги Костеллонун образынын өзөгүн түзөт.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 229, 17-29-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан