БИР БҮРКҮМ. ПРОКУРОР АСЫНЫП КАЗА ТАПТЫ

  • Өлкөдө жалпы 2846 МЕЧИТ, 83 МЕДРЕСЕ бар. 353 мечит каттоодон өтө электигин ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.
  • Экс-депутат Аида Салянованын иниси УЛАН САЛЯНОВдун өлүмүнө шектелген үчүнчү жаран Орусияда кармалганын ИИМ жарыялады.
  • Депутат Жанар Акаев “дүйнөдөгү баңгизаттын 10 ПАЙЫЗЫ Кыргыз өлкөсү аркылуу ташылып өтөт” дейт.
  • Ош облусунун прокурорунун орун басары ТӨРӨ КОЖОШЕВ асынып каза тапты. Окуя боюнча териштирүү жүрүүдө.
  • “КООПСУЗ ШААР” долбоору боюнча сынакта жеңүүчү болгон орусиялык “ВЕГА” компаниясын өкмөт 1 айдын ичинде изилдеп чыкмакчы.
  • Мамкаттоо кызматынын алдындагы Маалыматтык кызмат көрсөтүү борбору унааларды жеңилдетилген шартта кайра каттоо акциясы учурунда эреже бузуп, өлкөгө 5 МИЛЛИОН 841 МИҢ СОМ зыян келтиргени аныкталды.
  • Бишкек шаардык соту Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча кылмышка шектелип жаткан экс-мэр КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВду 28-сентябрга чейин камакта калтырды.
  • Ошто колундагы 7 айлык баласы менен үйдүн 4-КАБАТЫНАН СЕКИРГЕН келинге “адам өлтүрүүгө аракет кылган” деп кылмыш иши ачылды. Эне-бала учурда ооруканада.
  • Таш-Көмүр шаарында аскер бөлүгүндө 24 жоокерди уктап жаткан жеринен тургузуп алып сабаган прапорщик 5 ЖЫЛГА эркинен ажыратылды.
  • Өлкөнүн жылуулук системин толук жаңылоо үчүн 500 МИЛЛИОН ДОЛЛАР керектелет. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу комитетинин төрага орун басары Айтмамат Кадырбаев билдирди.
  • Парламент депутаттары ломбарддан карыз алуунун көлөмүн 100 МИҢ СОМДОН ашырбоо жөнүндө мыйзам долбоорун даярдаганы жатышат.
  • УКМК кылмышка шектелип тергөө абагында отурган экс-премьер ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВди ооруканага чыгаруудан баш тартты.
  • Өлкөдө автоунаа САЛЫГЫН ТӨЛӨБӨЙ жүргөндөрдү аныктоо үчүн рейд жүрүп жатканын Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.
  • Ысык-Ата районунун аскер комиссарынын орун басары ПАРА АЛЫП жаткан жеринен колго түштү.

Автандил Добулбеков

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 828, 14-20-cентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан