МУНДИАЛЬ АФРИКАДА ДА МУНДИАЛЬ

11-июнда ЮАРда башталган футбол боюнча 19-Дүйнө чемпиондугунда тайпадан чыгуу үчүн айыгышкан күрөш жүрүп жаткан кез. 1-турдан айырмаланып, 2-турдан тарта командалар күйөрмандардын купулуна толгон оюндарды көрсөтө башташты. Биз бүгүн Африкада өтүп жаткан мундиалдын соңку натыйжаларын жана жаңылыктарын сунуштайбыз.

АНГЛИЯЛЫК КҮЙӨРМАНДАРГА АЙЛА ЖОК
18-июнда англиялыктар Алжирдин командасын жеңе албай күйөрмандарын капа кылышты. Оюндун тыныгуу учурунда ашыккан бир күйөрман англиялыктардын чечинүүчү жайына чейин кирип кеткен. Анын кантип күзөтчүлөрдөн өтүп кеткени таң калтырат. Эмнеси болсо да, ал жининин баарын Бекхэмден чыгарып алган. Ал күйөрман англиялыктардын чечинүүчү жайына келген жалгыз конок эмес эле. Андан бир аз мурда Англия ханышасынын жакындары футболчулар менен сүйлөшүп кетишкен эле.
Айта кетсек, мелдеш учурунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында ЮАР менен Англия өз ара макулдашууга кол коюшту. Ал боюнча англиялыктар 3 миңден ашуун ашынган фанаттарынын паспортторун алып коюшкан. Мындай чечим алардын ЮАРга барбашы үчүн чыгарылган. Бирок паспорттору жоктугуна карабастан, айрым фанаттардын ЮАРга жетип баргандыктары кызык.

БИРӨӨГӨ ЖЕҢИШ, А БИРӨӨГӨ ЭРКИНДИК
15-июнда Бразилия-Түндүк Корея беттешинин алдынан кореялык 4 футболчу: Ан Чхоль-Хёк, Ким Мён-Вон, Ким Кён-Иль жана Пак Сун-Хёктун жоголуп кеткендиги аныкталган. Арадан 3 күн өткөндөн кийин футболчулардын табылгандыгы тууралуу кабарланды. Бирок алардын жоголуусуна байланышкан маалымат жыйыны эмнегедир болбой, төртөөнүн качуусунун себеби сыр бойдон калды.
Маалыматтар боюнча, эркиндикти самаган 4 корей өлкөсүндөгү коммунисттик режимден тажап, башка өлкөдөн баш паанек суроо үчүн из жашырган. Кореяны мундиалда ийгилик коштобогондой эле, алардын качуусу да ишке ашпаган көрүнөт.

САНИ КАЙТА КЕЗЕКТЕГИ КУРМАНДЫКПЫ?
17-июндагы Греция-Нигерия беттешинен кийин нигериялыктардын жарым коргоочусу Сани Кайтанын (1) өмүрүнө коркутуулар келип түшүүдө. Ошол оюнда футболчу командасы 1:0 эсебинде жеңип жатканда эрежени одоно бузуп, майдандан четтетилген. Курамы 1 оюнчуга азайган Нигерия 2:1 эсебинде жеңишти тарттырып жиберген. Кайтанын мындай аракетин күйөрмандар кечирбей, аны жеңилүүгө башкы күнөөкөр деп айыпташууда. Жадакалса ага “Сени колумбиялык Андрес Эскобардын (2) тагдыры күтүп турат” деген коркутуулар келүүдө.
Эске салсак, 1994-жылкы АКШдагы мундиалда «АКШ-Колумбия» беттешинде Эскобар өз дарбазасына кокусунан гол киргизип алат. Ошол голдун айынан Колумбия АКШга жеңилип, мелдештен чыгып калат. Натыйжада Эскобар Муньос аттуу ызаланган күйөрмандын колунан 16 жолу ок жеп өлгөн. Ошондо Муньос ар бир октун артынан “Го-ол!” деп кыйкырып турган.

ГОЛДУ МАЙРАМДОО ИСКУССТВО ГАНА ЭМЕС...
“Coca-Cola” компаниясы оюнда гол киргизгенди өзгөчө бий менен белгилегендерге сыйлык жарыялады. Өзгөчө бийлердин баары ФИФАнын расмий сайтында добушка коюлуп, жеңүүчүлөр сыйлыкка ээ болушат. Ошондой эле аталган компания, эгер ар бир голду майрамдоо катталса, “Мектептерге суу” африкалык программасынын фондуна 1,5 миң доллардан төлөп турарын билдирди.

БААРЫНА КАСИЛЬЯСТЫН СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫ КҮНӨӨЛҮҮБҮ?
Чемпиондукка башкы талапкер Испания Швейцарияга жеңилгенден кийин испаниялыктар күнөөлүүнү тез эле таап чыгышты. Ал – дарбазачы Икер Касильястын сүйлөшкөн кызы, “FHM” басылмасынын версиясы боюнча эң сексуалдуу телерепортёр айым Сара Карбонеро. Сара ошол оюн учурунда Икер коргогон дарбазанын артында эле. Көпчүлүктүн пикиринде, Сара Икерди алаксытып, натыйжада ал гол өткөрүп жиберген. Кызыгы, оюн бүтөрү менен Сара Касильяска микрофон сунуп: “Эмнеге жеңилип калдыңар?”- деп сураганда: “Эмне дешти да билбей турам”,- деген жооп уккан.

АНРИНИН КОЛУ ҮЧҮН КАРГЫШ
18-июндагы Франция-Мексика беттешиндеги натыйжанын (0:2) арты менен жүздөгөн ирландиялыктар бекер пиццага ээ болушту. Ирландияда “Анринин топту колу менен ойногону эсиңиздеби? Андай болсо, Франциянын дарбазасына кирген ар бир гол үчүн бирден пицца сунуштайбыз!” акциясы жүргөн.
Эске салсак, былтыр “ЮАР-2010дун” жолдомосу үчүн Франция Ирландия менен беттешип, Анринин топту колу менен токтотуп узатуусу француздарга жеңишти алып берген. Ызаланган ирландиялыктардын ФИФАга кайра ойноо арызы кабыл алынбай, мундиалдан куру калышкан. Эми минтип ирландиялыктар француздардын жеңилишине кубанып турган чактары.


ЮАР-2010

ВУВУЗЕЛАЛАРДАН КОРКПОГОНДОР
ЮАРда кызуу уланып жаткан Дүйнө чемпиондугунда тайпалык оюндар аяктап калды. Азырынча тайпалык баскычтын башкы сенсациясы Франциянын мелдештен шылдың менен учуп кетиши болуп турат. Гезитибиз басууга берилерде алдыңкы 4 тайпада группалык баскыч аяктады. Алардын натыйжалары төмөндө берилди.

24-ИЮНГА КАРАТА НАТЫЙЖАЛАР

“А” тайпасы

2-тур
ЮАР-Уругвай – 0:3
Франция-Мексика – 0:2

3-тур
Мексика-Уругвай – 0:1
Франция-ЮАР – 1:2

“В” тайпасы

2-тур
Аргентина-Түштүк Корея – 4:1
Греция-Нигерия – 2:1

3-тур
Греция-Аргентина – 0:2
Нигерия-Түштүк Корея – 2:2

“С” тайпасы

2-тур
Англия-Алжир – 0:0
Словения-АКШ – 2:2

3-тур
АКШ-Алжир – 1:0
Словения-Англия – 0:1

“D” тайпасы

2-тур
Германия-Сербия – 0:1
Гана-Австралия – 1:1

3-тур
Австралия-Сербия – 2:1
Гана-Германия – 0:1

ЖАРЫМ ЧЕЙРЕК ФИНАЛДЫН
АЛГАЧКЫ ЖУПТУКТАРЫ:

26-июнь, 20:00
Уругвай-Түштүк Корея

27-июнь, 00:30
АКШ-Гана

27-июнь, 20:00
Германия-Англия

28-июнь, 00:30
Аргентина-Мексика

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
chingiz
2010-06-28 16:47:36
Germania - Angliya 4 : 1
Argentina - Mexico 3 : 1
3 july 20:00 ARGENTINA - GERMANY
GERMANIANY KOLDOIM!!!
0
Шаиста Шатманова
2010-06-30 09:24:30
Тиги Сарага боорум ооруп кетти. Фанаттар эми бул кызды соо коюшпайт да.
0
№ 399, 25-июнь - 1-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан