Сен экөөбүз кечээ эртең менен уруштук. Бир жакка бармак элек, сен "босоножкимди кием" дедиң. Жок "кроссовкиңди кий" дедим. Жарым саат турдук. Чоңдугума салдым, аталыгыма салдым. Кроссовкиңди кийгизип салдым. Сенин тандооңду сыйлаган жокмун. Ооба, сеникин эмес, өзүмдүкүн туура көрдүм... 3 жашта элесиң да! Кроссовки кийбесең ээрчитпейм деген ультиматумга баш ийип бердиң... А кечээ болсо кимдир бирөөнүн кызы өз оюн ич кийимчен айтып чыкты. Анын атасы болсо кызынын оюн сыйлай турганын жазып, түшүндүрүп берди. Ата жана кыз. Сен экөөбүздөй... Ал ата да өз кызын мен сени жакшы көргөндөй жакшы көрөт чыгар. Бирок ошол ата өз кызынын оюн сыйлаган сыяктуу мен сенин ойлоруңду сыйлай аламбы? Менде ошол атаныкындай ой жүгүртүү, түшүнүк барбы? Мен керек болсо сенин босоножки кийүү деген тандооңду четке какпадымбы? Бирок... Бирок эртең менен күн суук эле. Мен сенин бутуң үшүшүн каалабадым. Ооруп калышыңды каалабадым. Ансыз да жөтөлүп жаткансың... Кызым, жаным, бакытым, сен экөөбүздү алдыда далай түшүнбөстүктөр, далай конфликттер күтүп жаткандыр. Босоножки же кроссовки деген дискуссиябыз бул "алгачкы гүлдөр" эле да. Балким, алдыда сен мага "койчу, сен мени түшүнбөйсүң, ойлорумду сыйлабайсың" деп кыйкырып, күнөө коёттурсуң... Менде эмне жооп болот?.. Мен сенин үшүп калышыңды каалабайм, кызым... Ошон үчүн кээде "ата, сыртты карап койчу, суук эмес бекен? Жамгыр же кар жаап жатпаптырбы? Босоножки кие берейинби?" деп сурап койчу, ээ? Сурап эле койсоң, мен анда дароо көз айнегимди тагына калып (ал убакта тагынып каламбы дейм да) сыртка жүгүрүп чыгам да, аба ырайын билип келип берем... Же экөөлөп асманды, күндү карайттырбыз. Кеңешеттирбиз! Ай, ким билет, бирок ошондо да күн ысып турганына карабай кроссовки эле кийип алчы дешим мүмкүн. Үшүп калышыңды каалабайм. Жакшы көрөм, кызым, сени.
Атаң