ОШКО СУКТАНУУДАН ЖАРАЛГАН – “МАЖҮРҮМ ТАЛ ОШТУН СИМВОЛУ”

Кыргыздын кооз жаратылыштуу шаарларынын бири Ошту даңазалаган, анын гимнине айланган “Мажүрүм тал Оштун символу” ырын укпаган адам чанда болсо керек. Элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгарманын артында сөзүн, обонун жазган таланттуу адамдар турат. Биз аталган ырдын обонун жазган Аманкул Төлөшев менен маектешип, ырдын жаралуу тарыхын сурадык.

Аманкул Төлөшев, обончу: “МАЖҮРҮМ ТАЛДЫ” АЛГАЧ МЕНИН ОКУУЧУЛАРЫМ ЫРДАП ЧЫГЫШКАН”

– Мен өзүм Ош педагогикалык институттун музыкалык факультетин бүтүргөм. 1978-жылы окуумду бүткөндөн кийин 1982-жылга чейин ошол эле окуу жайда мугалим болуп иштеп калдым. Ош өзү ушунчалык берекелүү, адам суктанарлык шаар. Студент кезимден эле Ош тууралуу ыр чыгаргым келе берчү. Кийин Аксы районундагы бир нече мектепте мугалим болуп 20 жылдан ашуун эмгектендим. Материалдарды карап, Ош тууралуу жакшы жазылган текст издейт элем.

Бир жолу колума 1978-жылы чыккан Акбар Рыскуловдун “Көч” деген китеби тийип калды. Аны барактап, 2 куплеттен турган “Оштун символу” деген ырын окуп, дароо көңүлүмө жага түштү. Китепти төш чөнтөккө салып алдым. Ырга ылайыктуу обон издеп, бир-эки вариантта чыгарып көрдүм, бирок жүрөккө жаккан обон 1989-жылы жаралды. Мектептеги майрамдык иш-чараларда окуучулар менен концерт коёр элек. Окуучуларга үйрөтүп койгон элем, биринчи алар ырдап жүрүштү. Бир жолу айылга Атайбек Бөдөшов менен Каныкей Эралиева келип концерт коюп калышты. Атын так эстей албай турам, Амираев деген музыканты бар эле, ал ырды угуп жактырып “нотага түшүрүп бериңиз” деп алып кеткен.

Арадан убакыт өтүп, Оштун 3000 жылдыгына арналган берүүдө Роза Аманова менин ырымды ырдап чыгыптыр. Аны мага окуучуларым сүйүнчүлөп келишти. Кийин өзүм уктум, өзүңдүн чыгармаңды бирөө ырдап жатса ырахаттанбай коё албайт экенсиң. Роза Амановага баягы музыкант Амираев аркылуу жеткен экен.

Кийин ырды “Кыз-Бурак” тобу ырдап чыкты, менимче, алардын суранычы менен Акбар Рыскулов ырга дагы 2 куплет кошуп берген окшойт. Алар Бишкекке концерт койгону келишкенде атайын барып, Гүлшайыр Садыбакасова менен жолугуп таанышып кеткем. Кийин бир телевидение атайын берүү даярдап, ал жакка Акбар Рыскуловду да чакырыптыр. Ошондо жолугуп сүйлөшкөнбүз. Акбар агай Ошко иш сапары менен келип, анын кооздугуна суктанып бүтпөй бир нече ыр жазган экен. Ырдын алгачкы аталышы “Оштун символу” болчу, кийин “Мажүрүм тал Оштун символу” болуп өзгөрдү.

“ОШ БАЗАРЫНДА” ТАКСИСТ БОЛУП ИШТЕЙМ”

– Союз тарагандан кийин мектепте саат азайып, айлык акы жокко эсе болуп калды. 3 кыз, 1 уулумду багыш керек да, анан мугалимдиктен шоопурлукка өтүп кеттим. Азыр Бишкекте “Ош базарында” таксист болуп иштейм. Эргүү келгенде обон чыгарып, сөз жазып калам. “Кыйналып жүрөм сүйүүдөн” деген ырымдын сөзүн да, обонун да өзүм жазгам. Аны Гүлзат Батырканова жактырып, аткарып жүргөн. Клибин тартууга жетишпей калбадыбы. Андан сырткары Токтобек Асаналиев “Апама таазим”, “Сулууга” деген ырларымды майына чыгара аткарып жүрөт. Даяр 10 чакты ырым бар, төртөө элге тарап, ырдалып жүрөт.

Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “БУЛ ЫР АЗЫР ДА ЭЛДИН СУРОО-ТАЛАБЫНА ЭЭ”

“Кыз-Бурак” тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова ырды бир угуп жактырганын айтат:

– Өзүм Ошто төрөлүп-өскөндүктөн “Мажүрүм тал Оштун символун” бир укканда эле жактыргам. Роза Аманованын аткаруусунда укчу элек. Сөзүнө обону төп келген сонун ыр. 2008-2009-жылдар болсо керек эле, мен топтогу кыздарга сунуштап, анан жаңы аранжировка жаздырдык. Бирок ырдын обонун ким жазганын билбей, издеп убара боло бердим. Бир күнү Бишкекке жумуштарым менен келип, “Ош базарына” баруу үчүн такси тосуп жатсам бир жигит келип таанышып калды. “Эже, атым Аманкул Төлөшев, мен сиздер ырдап жүргөн “Мажүрүм тал Оштун символу” деген ырдын авторумун” деп. Экөөбүз таанышып, телефондорубузду алыштык. Ошко баргандан кийин бул баланы ким тааныйт деп сураштырсам, аны менен чогуу окуган балдар табылып, тастыктап беришти. Ошол күндөн баштап ырдын обонунун автору катары Аманкул Төлөшевди айтып келебиз, ал эми сөзүн жазган Акбар Рыскулов.

Бул чыгарма дагы да болсо популярдуулугун жоготпой, “ошол ырды аткарып бериңизчи” деп сурангандар көп. Андыктан жаңыланган “Кыз-Бурак” тобуна кайра жаздырып, клип тарттырганы жатабыз.

"МАЖҮРҮМ ТАЛ"

Бажырайган жаздын күнүндөй,

Баргансызбы Ошко бир жолу?

Башын ийип назик жүгүнөт,

Мажүрүм тал Оштун символу.

Көктөп келген көрктүү убакта,

Көргөнсүзбү Ошту бир жолу?

Кырк өрүм чач кыздай кылактайт,

Мажүрүм тал Оштун символу.

Күн нуруна назик таранып,

Кылыктанат кыздай миң жолу.

Көлөкөсүн сылайт эрте-кеч,

Мажүрүм тал Оштун символу.

Сагынамын Ошту ар дайым,

Сагынамын жапкан ак нанын.

Ак-Буурага турат жанашып,

Сулайман тоо Оштун символу.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Asman...
2018-09-25 11:42:07
Берекелуу Ошумдан айланайын.
+6
aliya-leyla
2018-09-25 12:17:40
Оой сонун ыр да. Окуучу кезди эске салат. Уч кыз мектептеги иш чараларда ырдап, озунчо Кыз- Бурак болот элек.
+2
dobrajelatel
2018-09-25 20:06:21
Ош мага берекелуу, мээримдуу шаардай сезилет.
+2
Feijipiao
2018-09-26 12:15:16
Ош шаарым сени сагындым коздорумдон молт молт жаштар актыго ушул ырды укканда(((
+1
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан