Чыр маек
“Кыз-Бурактын” жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова Ош жергесинде инсандык парзын өтөп жүрсө, бул жакта анын атын каралаган макала гезит бетине жарыяланганын айтып, редакциябызга баш бакты.
– Эже, катуу ачууңуз келип калган экен. Кепти башынан баштасаңыз...
– Элибиз оор күндөрдү башынан өткөрдү. Ал жактагы төбө чачты тик тургузган окуяларды айта берсем сөз жетпейт. Албууттанган өзбек жаштары филармонияны талкалап баштаганын укканда мен үйдө элем. Түнү менен уктабай чыгып, эртең менен өзбектердин үйлөрүндө батирде жашаган улан-кыздарды түгөлдөй баштадык. Кудайга шүгүр, көбү аман экен. “Кыз-Бурак” тобунун эки машинасы күйүп кетти. Бир нече күн ошентип корголоп отурдук. Бизди коргоп турган кошуундагы жоокерлер мага кайрылышып: “Эже, эки күндөн бери бир сындырым нан жей элекпиз. Ачкалыктан көзүбүз тунарып жатат”,- деп калышты. Ошол замат үйгө барып, болгон ундан камыр жууруп, нан жаптырып, ысык боюнча өзүм кыдырып тарата баштадым. Антпеске аргам да жок болчу. Анткени ачкачылыкка чыдабаган кошуун тарап кетсе, бейкүнөө жаш балдар менен кыз-келиндердин каны дагы төгүлмөк. Ошентип жүрсөм, бул жакта минтип каралап жазып жатпайбы.
– Ким эмне деп жазыптыр?
– Ошто жүргөндө Бишкектен бир таанышым телефон чалып: “Гүлшайыр, “Аптага” сени эмне деп жазып коюшкан?”- деп калды. Гезитти алдырсам, сүрөтүм менен макала жүрөт. Макаланын кыскача мазмуну мындай экен: Гүлшайыр Садыбакасова Ош шаарында мародёрлук кылып жүрөт имиш. Газель машинасына уурдалган азыктарды салып, “эмне кылып жатасыз?” деп сурагандарга “алайлыктарга жардам керек, ошол жакка алып барам” деп айтыптырмын. Менин бул кылыгымды көргөндөр баш чайкап тим болушуптур...
Аябай капа болдум. Элим үчүн окко да, чокко да карабай колумдан эмне келсе, ошонун баарын кылып жүргөнүмө Кудай күбө. Алтургай “сүтү жок калды” дегенди угуп, кичинекей бөбөктөр үчүн сүт ташыган күндөрүм болду. Ошонун баарын көрүп турган адам кантип ушул чагымчылыкка барды?! Машинам менен уурдамак тургай ал ошол түнү эле өрттөлүп кеткен. “Саат алтыдан кийин чыгып алып мародёрлук кылды” дегендин өзү күлкү келтирерлик нерсе болуп жатат. Мародёрлук эмес, жаныбыздын айласын таппай жаттык.
– Аталган гезитке чара көрдүңүзбү?
– Бардым. Бардыгы качып кетишти. Андан кийин башкы редактору баш болуп кечирим сурашты. “Бизге бирөө телефон аркылуу ушул маалыматты айткан эле” дешти. Чын-төгүнүн текшербей туруп жаза беришкени кандай? Эгерде чындыкты, маалыматты ким бергенин айтпаса, укук коргоочулар аркылуу сүйлөшөрүмдү эскертип келдим. Бул нерсени мени көрө албагандар кылды деп ойлоп жатам.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg