АЛТЫН ПАЙЫЗДАР. МАМЛЕКЕТТИН ЭКОНОМИКАСЫНДА ЖОГОЛГОН ДИНАМИКАНЫ “КУМТӨР” КАЙТАРА АЛАБЫ?

Кыргызстанда жаңы саясий сезон кооптонуу менен ачылууда. Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнө жакын арада парламент алдында көңүлгө толбогон статистикалар тууралуу жооп бергенге убакыт келет. Негизги доомат – экономика көрсөткүчтөрүнүн төмөндөөсү. Евразия союзуна мүчө өлкөлөрдүн көбүн ИДПнын жана өнөр жай тармагынын өсүшү жаатында алдыга салдырбаган Кыргызстан мындай көрсөткүчкө бир нече жылдан бери кабыла элек болчу.

Өкмөт экономика тармагындагы кооптуу абалды жашырган жок жана жарандарды кийинки жылы үнөмдүүлүккө чакырууда. Бул болжолдуу коомдук жана саламаттыкты сактоо программаларынын кыскарышына байланыштуу. Аткаминерлер бардык керектөөлөрдү эки эсе, ал эми медициналык керектөөлөрдү үч эсеге чейин кыскартууга даяр. Себеби республика экономикалык көрсөткүчтөрдү азырынча жогорулата албай, жетиштүү сандагы жаңы ишканаларды ишке киргизип, жарандарыбызга керектүү жумуш орундарын түзүп бере алган жок.

 

- Иштебеген өндүрүштөрдүн саны кыскарган жок. Учурда 38 ишкана токтоп турат. Бирок экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөөсүнө карабастан, алдын ала пландалган бардык социалдык милдеттер толук түрдө каржыланды,- дейт Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов.

 

Эксперттердин берген баасына таянсак, Кыргыз экономикасы дагы эле капиталдык салымга муктаж. Бирок ички булактар табылбаган соң чет элдик инвесторлордун салымына гана таянууга туура келүүдө. Мамлекеттин тышкы карыз деңгээли жогору болгондуктан, насыя же карызга эмес, жеке жактардын инвестициясына үмүт артылат. Бирок бул чөйрөдөгү кырдаал да көңүл сүйүнтөрлүк эмес.

Республиканын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери чет элдик түз инвестициялардын көлөмү кескин кыскарган: 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле 33,2 пайызга. Мындай төмөн көрсөткүчтөр Кыргызстан инвестициялык коомчулуктун ишенимин жоготуп алгандыгы менен түшүндүрүлөт. Анткени аткаминерлердин убадасына карабастан мамлекетте тынч жана ачык-айкын бизнес шарттары түзүлгөн жок.

Бул ири инвестициялык долбоор болгон алтын кен иштетип жаткан “Кумтөр Голд” компаниясынын айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу. Акыркы жыйырма жыл аралыгында алтын кени Кыргызстандын аймагындагы эң маанилүү өндүрүштүк объекти болуп келет. 2017-жылдын эле жыйынтыгына көз чаптырсак экономикага кошкон салымы: ИДПга 9,7 пайыз, түздөн-түз бюджетке салык жана милдеттүү төлөм иретинде 9 миллиард сомго жакын. “Кумтөр” менен байланышкан бизнес уюмдарын жана ишканаларды эсепке албаганда, республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн 21 пайыздан көбү компаниянын үлүшүнө туура келет.

“Кумтөрдүн” экономикага кошкон олуттуу салымына карабастан, компаниянын ишмердүүлүгү ар кайсы саясий топтордун сынына кабылып келет. Негизинен сындагандар – ыйгарым бийликте тургандардын бийлигин алсыратуу максатында иш алып барган оппозициялык каршылаштар. Ошол эле сынчылар бийлик түзүмүнө келген соң компания боюнча ою өзгөрүп, бирок алардын мурдагы ордуна жаңы жүздөр отурушат.

Узак убакыт бою сынга кабылуунун негизги себеби – экологияга тиешелүү дооматтар. “Кендин ишмердүүлүгү бийик тоолуу жаратылышка терс таасирин тийгизүүдө” деп айтылып келет. Ошол эле учурда бийлик долбоордун жабылышын талап кылган эмес. Жогоруда айтылган дооматтар төлөмдөрдү көбөйтүү үчүн себеп болуп, бул кадам инвестиция коомчулугунда тынчсыздануу жараткан. Бир четинен чиновниктердин “аппетити” дайыма өсүп, компенсация өндүрүү үчүн айрым учурда соттор курал катары кызмат кылып калышат. Ал эми соттордун көз карандысыздыгы шек жаратарын президент Сооронбай Жээнбеков өзү бир нече ирет билдирген. Президенттин ишкерлер менен жолугушуусунда, ишкерлер мамлекет тарабынан жеке менчик укугун коргоо кепилдиги жоктугу тынчсыздандырарын билдиришти. Азыркыга чейин бизнести коргоо маселесинде көпчүлүк талаш-тартыштар мамлекеттин пайдасына чечилиши боюнча суроо жараткан учурлар бар.

Мурдагы жылы бийлик менен инвестор бир пикирге келгендей болгон. Инвестор кошумча каржылык милдеттенмелерди алууга даярдыгын билдирсе, өз кезегинде мамлекет козголгон соттук кампанияларды токтотууга кепилдик берген. Эки тарап ортосундагы “түшүнбөстүктөр” ушуну менен жабылат деп күтүлгөн. Жаңы келишимдерди түзүүнү башка ири компаниялар да колдоого алган эле. Бирок бир нече айдан кийин келишим түзгөн өкмөт отставкага кетип, анын ишмердүүлүгү текшерүүгө алынды.

Жаңы премьер келишимди кайра карап чыгуу керектигин билдирди. Мухаммедкалый Абылгазиевдин билдиришинче, айлана-чөйрөнү коргоо иш-чараларын каржылоо маселеси толук чечиле элек. Ал эми парламенттин спикери Дастан Жумабеков инвестор төлөмдөрдү көбөйтүшү керектигин түз эле айтты. Башкача айтканда, оюндун шарттары кайрадан өзгөрдү.

Буга карабастан өкмөт “Кумтөрдүн” мамлекет үчүн канчалык маанилүү экендигин билет. Бул долбоор уникалдуу жана аны азырынча алмаштырчу эч нерсе жок. Бирок мындай пландар көп айтылат. Олег Панкратовдун версиясы боюнча, “Кумтөргө” көз карандысыз болуу үчүн жергиликтүү бизнестерди өнүктүрүү керек. Бирок Кыргызстанда кенге көлөмү жагынан тең келчү өндүрүш жок жана али жарала да элек. Өкмөттүн дагы бир мүчөсү, Мамлекеттик өнөр-жай, энергетика жана кен иштетүү комитетинин башчысы Улан Рыскуловдун оюнча, “Кумтөрдү” өлкөдөгү башка кендер алмаштыра алат.

 

- Бүгүнкү күндө жалпы запасы 250 тоннаны түзгөн 7 кен бар. 3 жыл аралыгында ал кендерди ишке киргизип, “Кумтөргө” караганда көбүрөөк жумуш орундарын түзүүгө мүмкүн,- дейт ал.

 

Өкмөттүн акыркы жыйындарынын биринде Рыскулов “Кумтөргө” атаандаш боло алчу кендерди атап өттү. Анын сөзү боюнча, жакынкы аралыкта запасы 39 тонна болгон Жалал-Абад облусундагы Куру-Тегерек кени ишке кириши мүмкүн. Келерки жылы болсо өкмөт запасы 105 тоннаны түзгөн Жер-Үй кенин иштетүүгө ниет кылууда.

 

- 2020-2021-жылдары калган кендер: 80 тонна запастуу - Чаарат кени, 3 тонна - Шыралжын, 17 тонна - Терек-Сай, 12 тонна - Бучук, 7 тонна - Шандесай ишке кирет,- деп сөз берди Рыскулов.

 

Бирок алдын ала божомолдор тууралуу сөз болуп жатканын дароо айта кетти. Жер-Үй кенин иштетүүгө бир нече жылдан бери аракет кылып келишет, ал эми Шандесайдагы кенди ишке киргизүү толук чечиле элек, анткени жергиликтүү калк каршы. Мындай көрүнүш башка кен аймактарында да кайталанууда.

Башкача айтканда, жакынкы аралыкта “Кумтөрдү” алмаштыруучу эч нерсе жок. Андыктан өкмөт экономиканын абалын ири алтын кендин призмасы аркылуу баалап, анын эксперттеринин божомолдоруна карап багыт алат. Алар болсо өз кезегинде министрлер кабинетине келечекке оптимизм менен кароого үмүт берип келишет.

“Кумтөр” компаниясынын божомолуна ылайык, жылдын экинчи жарымында кенде өндүрүш көлөмү кыйла жогоруламакчы. 2018-жыл ичинде 14-15,5 тонна алтын өндүрүү планы бар. Негизги бөлүгү – күтүлүүчү көлөмдүн жалпы санынын кеминде үчтөн экиси жылдын акыркы айларында казып алынат. Муну менен катар бюджетке берилүүчү төлөмдөр көбөйөт.

 

- Улуттук экономика кендин ишмердүүлүгүнөн өтө көз каранды, азыр кырдаал маанилүү өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Биз сентябрь айы экономиканын төмөндөшүнүн акыркы айы болсо экен дейбиз. Кийинки айдан баштап өсүү башталат. Бул “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгү менен байланыштуу. Казып алуунун жана алтын өндүрүүнүн өсүшү 2018-жылдын IV чейрегинде башталат. ИДПнын көлөмү жыл жыйынтыгы менен 2,5-3 пайызды түзүшү ыктымал,- деген Олег Панкратов бекем оптимизмде.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан