(Башталышы өткөн сандарда)
– Эмне болду сизге?- деген Элина аялды колтуктап тургузууга эңкейе берди. Аялдын мурдуна тааныш жыт урду. Жыйырма жыл көрбөсө да, жакындабаса да бул жыт мурдунда калган экен. Эне перзентин ар убакта тааныйт, жытынан, баскан-турганынан, тиктегенинен тааныйт. Эмне кыларын билбей дал боло тиктеди. Мына алдында турат, кучактаса, өпсө, жүрөгүндөгү эч ким билбеген сырын айтса болот...
– Эмнеге ыйлап жатасыз?- деди Элина. Үнүндө ушунчалык боорукерлик бар.
– Сумкамды уурдап кетишти,- деди акырын күбүрөгөн ал. Ордунан тургузуп скамейкага жеткирди Элина. Көз жашын сүртүп жаткан аялга боору ооруп карады.
– Атыңыз ким?
– Седеп...- оюна келген атты айта салды.
– Кызык ат экен, ким койгон?
– Билбейм.
– Менин атым Элина. Апам койгон экен.
Аялдын жүрөгү зырп этти. Көз алдына наристесин алгач кучагына алган күндү эстеди. Атасы ат коймок түгүл, наристесинин жүзүн көргөнгө чамасы жок эле. Адатта балалуу болгонун уккан эркектер төрөткананын жанында кыйкырышып майрамдашат эмеспи, бирок анын күйөөсү булардын арасында жок эле. Кайненеси келип, уулунун болумсуз жоруктарын жашырып-жаап, эмнеге келе албай калганын айткан.
– Дагы кеттиби?
Көзүн ала качкан кайненесинин эмнени жашырып жатканын билди. Ызасын ичине жута алып келген тамактарын алып кирип, керебетине кулап түшүп өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлаган. Көпкө чейин ыйлап жатып жанындагы аялдар “болду эми, эмчегиңе сүт келбей калат, ыйлаба” дешкенде араң токтогон. Кыбырап жаткан кызын колуна алып, Элина деп атын койгон эле. Мына ушулардын баарын эстеди.
Кайненеси байма-бай түрмөгө сүрөт салар эле. Кийин ал каза болгондон бери кызынын сүрөтүн көрө элек болчу. Акыркы жолу Аман менен түшкөн сүрөтүн көргөн. Андан бери өзгөрүптүр. Элинанын ар бир көз ирмемин эсинде калгандай тиктеди.
– Мен кетейин...- деди бир аздан кийин улутуна.
– Бара турган жериңиз барбы?
– Ооба, тааныштарым бар.
– Жакшы барыңыз.
Аял узады. Сүйүнүп, коркуп, апкаарып, дендароо болуп кетип бара жатты. Бир ыйлап, бир күлүп бара жаткан бул аялдын абалын көчөдөгүлөр түшүнбөй тиктеп калышты. Алар кайдан түшүнсүн?
Элинанын бөлмөсүнө баш баккан Зуля акырын сүйлөдү.
– Балдарды, сени айланчыктап калды, таанышыңбы?
– Ким?
– Азыркы жаныңдан кеткен аял.
– Кандайча?
– Кечээ балдардын жанынан көргөм. Бүгүн дагы... Сени менен да сүйлөшүп жатыптыр го.
Элина таң кала түштү. Ким болушу мүмкүн? “Тумановдор коркунучтуу. Кандай адамдар менен күрөшкөн жатасың, билип турасыңбы?” деген Жаныбекти эстеди. Жүрөгү шуу дей түштү. Жакын арада кайрадан сот болмок...
ххх
– Наку, сен кандайсың?
Атасынын камкор үнү. Терезени тиктеп отурган Нуриза кайдыгер үн катты.
– Жакшымын.
– Сүрөт тартканды баштаган окшойсуң, ээ?
Бөлмөдөгү баш аламан жаткан сүрөттөрдү карады.
– Ооба. Аманды тарттым...
Экөөнүн диалогу ушуну менен үзүлдү. Атасы үн-сөзсүз барактарды тиктеп отурду. Элестер лентадай чубала берди.
Аман Нуризага жакканын атасы дароо сезген. Экөөнүн ортосун байланыштырган көп нерсе бар эле. Мисалы, дүйнө таанымы. Нуриза кайсы сүрөттү кеп кылбасын Аман илип кетчү. Микеланджело Буонарроти, Пабло Пикассо, Сальвадор Далинин эмгектерин ийне-жибине чейин билер эле. Аны менен кайсы бир сүрөттү кызуу талкуулап, ойлорун угуу да кызыктуу болчу. Аманчалык эч бир адам аны кызыктырган эмес.
Аманды кызыктырдыбы? Балким. Сүйдүбү? Жок. Ал үй-бүлө үчүн жактыруу болсо болот деп ойлочу. “Сүйүү кана, мага көрсөтчү, ал кээ бир адамдар бекерчиликтен чыгарып алган нерсе” деген адамдардын бири эле. Аман так ошондой ойлончу. Анын таянганы акылы жана күчү эле.
Бирок жашоо ал ойлогондой болгон жок. Үйлөнгөндөн кийин гана бирин капканга салам деп жатып, өзү капканга белчесинен чабылганын түшүндү.
Жаңы үйлөнгөн эле. Жумуштан үйгө келип, ваннадан жартысынан калган вискини көрдү. Таң кала түштү.
– Нуриза, сен кайдасың?
Үн жок. Жүрөккө коркунуч толо берди. Ал күнү келген жок. Телефону өчүк эле. Уктабай чыкты. Таңга маал гана эшикти шылдыратып жатканда ойгонуп кетти.
Босогодо теңселе буттан тура албай Нуриза турган экен.
– Жа-аным, сен бу-ул жактасыңбы? А мен бүгүн... бүгүн майрам...
Чачтары саксайган, көздөрү коркунучтуу жылтыраган колуктусун таң кала тиктеп турду.
– Сага эмне болгон?
– Хм, бул мен! Мен ке-лдим!
– Сен ичтиңби?- деди күбүрөгөн Аман дагы деле көргөн көзүнө ишене албай.
– Да, зайка. Но не будем ссориться, макулбу?
Жыгыла жаздаган Нуризаны алып кирип жаткырды. Билектерин көрүп жүрөгү токтоп кала жаздады. Ийне сайыла берип кан тамырлары жешилип кетиптир. Өңү купкуу. Башын мыкчый берди. Жумушка да барган жок. Эс алып ойгонгондон кийин гана сүйлөшүүгө отурду.
– Эмнеге жашырдың?
– Корктум.
– Канча убакыт болду?
– Эмнеге?
– Баарына, мына буларга,- Аман ачуулана бакырып жиберди да, таштанды челектен тапкан ийнелерди, бош бөтөлкөнү көрсөттү.
– Аа, көп болду.
– Тагыраагы?
– 5 жыл.
Үн катпай отуруп калды. Эмне дейт?
– Бир жыл тааныш болуп жүрүп кантип мага билгизбедиң?- деди акырында.
– Экөөбүз аз жолуктук. Мен бул абалда экенимде атам телефондорумду алып катып койчу. Же үйгө камап коюшчу. Мен сага айтайын дедим, бирок кантип айтарымды билбедим. Экөөбүз үйлөнөргө бир ай калганда 10 миң долларга Назаралиевдин клиникасына жатып чыктым. Баарыбыздын үмүтүбүз бар болчу. “Ушуну менен токтоп калса Аман билбесин” деди атам. Бирок ал дарынын күчү мага 2 айга араң жетти. Өткөндө чыдабай калдым. Кечир мени!
– Кантип башталды баары?
– Чөйрөбүздөн. Кыздар-балдар менен көңүл ачып отуруп калчубуз. Бир күнү ичип отуруп, баңгини да колдонуп көрүүнү сунушташты. Башында “чыгып кетем, бат эле го” деп ойлогом. Көрсө, бай, колунда бар адамдардын балдар-кыздарына атайын ушундай тузак курулат экен. Азыр баарына башым жетет. Болгону токтото албай жатам.
– Менин жашоом эми эмне болот?
– Мен аракет кылам. Сөз берем, бул акыркысы.
Нуриза акырын жылып келип кучактап калды. Аман же кучактай албады, же түртүп сала албады. Жаралуу куштай алсыз эле, өзүнө баш паанек сурап тургандай, боор ооруй тургандай абалда болчу. Кээде адамды боор оору да кармайт тура. “Акыркы жолу...” Бул сөз көп жолу кайталанды. Башында чыдап өзүн кармачу. Кийин такыр ээ бербей калды. Аман качан командировкага кетсе дароо баштайт. Түнү менен жоголуп кетет. Жүрөктү ээлеген коркунуч менен жашачу. Ким эмне кылып салат, сайып кеттиби? Бирөө таанып калдыбы? Элита чөйрөдө башы көрүнүп калган учуру эле, өзүнүн репутациясы үчүн болсо да Нуризаны жашырышы керек болчу. Аркасынан киши коюп, үйгө камап кетип көрдү. Бир жолу кол да көтөрдү.
– Коё бер мени, Аман, билесиң, мен баары бир чыгып кетем.
– Отур, эсиңе келмейинче чыкпайсың.
(Уландысы кийинки санда)