"Супер сулуу - 2010"
сынагынын №397-сандын жыйынтыгы боюнча
Назгүл 149 добуш алып финалга чыкты.
Ал эми Айтурган 32 добушка ээ болду.
СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ ЖӨПЖӨНӨКӨЙ
“Супер сулуу - 2010” сынагына 17ден 25 жашка чейинки, бою 165 сантиметрден жогору, турмушка чыга элек кыздар катыша алышат. Жыл аягына чейин ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү чыгып, окурмандардын сынына коюлат. Окурмандар кимисин сулуу деп эсептешсе, 1050 кыска номуру аркылуу добуш берип тандап алышат. 1-турдан өткөн кыздар финалга аттанышат. Алгач финалга чыккандардын купальникчен сүрөттөрү гезит бетине жарыяланат. Андан соң алардын ичинен шоу сынактын негизинде баш байге ээси аныкталат.
СУЛУУЛАРДАН ДОБУШУҢУЗДУ АЯБАҢЫЗ!
Добуш берүү үчүн өзүңүзгө жаккан сулуунун катар номурун терип, 1050 кыска номуруна SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Добуштар сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9.00дөн баштап кийинки аптанын бейшемби күнү саат 10.00гө чейин кабыл алынат. Добуш берүү сынак соңуна чыккыча ушундай тартипте өтөт. Ал эми катышкан сулуулардын рейтингин INFO сөзүн 1050 номуруна жөнөтүү аркылуу билсеңиздер болот.
Эскертүү:
Кызмат Мегаком, Кател, Билайн, Фонекс, О!, Некси уюлдук операторлорунун абоненттери үчүн жарамдуу. SMS баасы – 25 сом. Бардык салык төлөмдөрүн эске алганда.
Урматтуу бийкечтер,
жеңүүчү болуу сиздин гана колуңузда!
“Супер сулуу - 2010” сынагы старт алды. Сулуулардын ичинен жеңип чыкканы, албетте, адаттагыдай эле кыш чилдесинде ысык өлкөлөрдүн бирине эс алууга сапар алат. Сизде дагы жагымдуу өң-келбет барбы, анда биз менен байланышыңыз. Балким, кыялданып жүргөн өлкөңүздө эс алуу сиздин маңдайыңызга жазылгандыр.
Ойлонбостон тезирээк (0312) 32-33-28 телефонуна чалыңыз.