Каш чийдирүү, оозду чоңойтуу, кирпик чаптатуу... Жыл сайынбы, күн сайынбы, айтор, косметологияга жаңы каражаттар, жаңы процедуралар кирип жатат. Бул жолу биз учурда Кыргызстанга жаңыдан тарай баштаган микронидлинг процедурасы жөнүндө сөз кылабыз. Бул косметикалык ыкманын оң жана терс жактарын кардарларды сулуулоочу адис Алина Султаналиева айтып бермекчи.
МИКРОНИДЛИНГ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Микронидлинг – жашартуучу, бет терисин тегиздеп, бирдей түстө көрсөтүүчү, бырыштарды жазуучу, ар кандай тырыктарды жашыруучу, териге серпилгичтик тартуулоочу косметикалык процедура, мезотерапиянын бир түрү. Териге Түштүк Кореяда жасалган ВВ Glow каражаты сүйкөлүп, ал ичке ийнелери бар атайын DermaPen аппаратынын жардамы менен теринин астына киргизилет. Микронидлинг жасала турган бет зонасына карата аппараттагы ийнелердин саны жана ийнени киргизүүнүн тереңдиги өлчөнөт.
Бул ыкма эки тарапка тең жагуучу процедура: кардар аз убакыт ичинде жашарып, сулууланып алса, косметолог үчүн микронидлинг жеңил жана коопсуз процедураларга кирет. Анткени ар бир кардарга жаңы, стерилденген ийнелер, медициналык кол каптар колдонулат.
ЖАСОО ЖОЛУ
1-этап. Бетке демакияж жасалат, тазаланат.
2-этап. Теринин түрүнө карата сары суу (сыворотка) тандалат.
3-этап. Керектүү өлчөмдү сары суу беттин көйгөйлүү жерине сүйкөлүп, массаж жасоодогу сызыктар боюнча атайын DermaPen аппаратынын жардамы менен теринин астына киргизилет.
4-этап. Дагы бир аз сары суу бетке сүйкөлүп, процедура кайталанат.
5-этап. Сары суунун калдыктары хлоргексидин каражаты менен тазаланып салынат. Процедура аягына чыкты. Жалпысынан процедура 30- 60 мүнөткө созулат. Жасалгандан кийин 12 саат мончо, саунага, солярийге барууга болбойт. Толук жыйынтыгы 2 жумадан соң даана байкалат. Сапаттуу косметикалык каражат менен жасалган бир жолку процедуранын таасири 3-4 айга чейин жетет. 2 жумадан соң кайра жасатсаңыз, анын таасири 1 жылдан ашат. 1 жолку процедуранын баасы 1500 сомдон жогору.
КИМДЕРГЕ ЖАСАТУУГА БОЛОТ?
• Бет териси одуракайлар
•Бетине сепкил, так түшкөндөр
•Мимикалык бырыштары болсо
•Кандайдыр бир себептерден улам калган тырыктары барлар
•Бет териси майлуу кишилер
•Бет териси кургак болгондор
•Жаш курактын өтүшүнөн улам жабыркаган терилерге
КИМДЕРГЕ ЖАСАЛБАЙТ?
•Кош бойлууларга жана эмчек эмизген энелерге
•Аутоиммундук жана онкологиялык оорулар менен жабыркагандарга
•Кан, жугуштуу, кант жана тери оорулары менен жабыркагандарга
•Өнөкөт оорулар курчуп турган кезде
•Купероз жана безеткиси барлардын оорусунун жеңил же оор экендигине карап чечим кабыл алабыз.
МИКРОНИДЛИНГДИН ОҢ ЖАКТАРЫ:
+ Оорутпайт
+ Бетти лазер менен тазалоого, пилингге алтернатива боло алат.
+ Аз убакыт ичинде бырыштардан, тырыктардан, сепкил, тактардан арылууга болот.
+ Аппараттын ийнелерин туура тандоо менен беттин каалаган зонасына жасоого болот.
+ Процедураны жыл мезгилинин каалаган учурунда жасатууга болот.
МИКРОНИДЛИНГДИН ТЕРС ЖАКТАРЫ:
- Процедура учурунда анча-мынча кан чыгышы мүмкүн.
- Бет терисинин кызарганы 1-2 саатка чейин созулат.
- Толук жыйынтыкка жетүү үчүн 2-3 жолу жасатуу керек.
- Стерилденбеген ийнелер менен жасалган процедура тери жана кан аркылуу жугуучу ар кандай жугуштуу ооруларды чакырышы мүмкүн. Андыктан сөзсүз аларды текшерүүнү унутпаңыз.
- Үй шартында өз алдынча жасоого болбойт.
Эскертүү! Микронидлинг процедурасын жасатарда дерматологдун, косметологдун текшерүүсүнөн өтүүнү сунуштайбыз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg