КЫРГЫЗСТАНДЫН ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ЖАГЫМСЫЗДЫГЫ

Эки айдан бери Кыргызстандын экономикасы төмөндөөдө – ички дүң продуктусу (ИДП) августтун жыйынтыгы боюнча 0,3 пайызга төмөндөгөн. Мунун себеби өндүрүштүн төмөндөшүндө: темир казып алуу 6,2 пайызга, ал эми асыл кен байлыктарын казып алуу 18 пайызга түшүп кетти. Былтыр ушул эле айларда (январь-август) өндүрүш, “Кумтөрдү” эсепке албаганда, 121,7 пайызга өскөн, ал эми быйыл болсо ал сан дээрлик 20 пайызга төмөн болуп жатат. Күйүүчү майдын кымбатташы да буга өбөлгө болду, ал айыл чарба азыктарынын өз баасына жана жалпы сектордун рентабилдүүлүгүнө таасир тийгизүүдө.

Өкмөт жыйынында экономика министри Олег Панкратов өндүрүш секторунда эмне үчүн ушундай кырдаал түзүлгөнүн түшүндүрүп берди. Анын айтымында, биринчиден, улуттук экономика бир гана ишкана – «Кумтөрдөн» көз каранды. Ишканадагы өндүрүш көрсөткүчтөрү учурда руданын курамында алтын жогору, же тескерисинче, төмөн өлчөмдө чыкканына байланыштуу.

“Мындай көз карандылыктан арылыш керек. Бул көйгөй өкмөт алдында биринчи жолу пайда болгону жок”,- деди министр. “Дагы бир маселе – темир кен байлыгын өндүрүү кыскарды, бул Иштамбердидеги кенди байытуучу фабриканын иши убактылуу токтогонуна байланышуу. Мындан тышкары иштебей турган ишканалардын саны азайбай койду, 7 айдын жыйынтыгы боюнча 38 ишкана токтоп турат. Өнөр жайдын негизги көйгөйү – ал бир органга баш ийбегендигинде, бул маселени чечүү жолу эмдигиче табыла элек»,- деди ал.

Эртели-кечтир “Кумтөрдөгү” алтын бир күнү түгөнөт, ошондо республика эмне кылат? Бул суроого жооп анык – жаңы өндүрүш, завод, ишкана ачуу керек. Бирок иш жүзүндө өлкөнүн ага каражаты жок. Ошондуктан өндүрүш, завод, фабрикаларын куруп, аларды иштетип, жаңы жумуш орундарын түзүп, бюджетке салык төлөөгө кудурети жеткен жаңы инвесторлорду тартуу керек. Кыргызстанда инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөр арбын экенин моюнубузга алалы – бул жаратылыш ресурстары, арзан эмгек күчү, арзан электр энергиясы жана ыңгайлуу салык тартиби.

Кыргызстан “Кумтөрдөн” экономикалык гана эмес, имидж жагынан да көз каранды. Өлкөдөгү эң ири инвестициялык долбоор ири чет өлкөлүк бизнес үчүн лакмус кагазындай. “Кумтөрдү” иштеткен канадалык инвесторлор менен түзүлгөн жагдайды Кыргызстанга келүү керекпи, биздин өлкөгө каражат салуу керекпи деп эл аралык ишкерлер чөйрөсү талдап жаткан учуру. Инвестициялардын абалы кандай, алтын түгөнгүчө өлкөнүн “Кумтөргө” болгон көз карандылыгынан арыла алабы?

Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулук деңгээлин бир нече көрсөткүчтөрдөн улам билсе болот. Бул өкмөт сунуштап жаткан инвестициялык долбоорлор жана мамлекет сатууга аракет кылып жаткан ишканалар, инвесторлордун жардамы менен кайра жанданып, профилин өзгөртүүгө мүмкүн болгон, бирок иштебей турган заводдор. Мисалга «Альфа Телеком» жабык акционердик коомун алалы, бул баарыбызга белгилүү «Мегаком» уюлдук оператору. Мамлекет компанияны камсыздоого алы келбегендиктен, аны сатууну чечти. 2011-жылдан бери «Мегаком» сатууга коюлган, бирок эмдигиче аны эч кимдин алгысы жок. Ушул жылдар бою компанияны төрт жолу баалашты. Ага 22,5 миллион сом сарпталды. Үстүбүздөгү жылдын жаз айлары Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду «Альфа Телеком»
ЖАКын баалоо боюнча кезектеги сынагын жарыялаган эле. Бирок тендер жокко чыгарылган. Компанияны баалоочуларды аныктоо боюнча сынак кайрадан жарыяланары али белгисиз. Киреше берүүчү компанияны канча жылдан бери эч ким сатып алгысы келбей турат, тендерге бир да табыштама түшө элек, түшкөн күндө да тайкы, башка бирөөнүн атынан иштеген адамдардан түшүүдө.

Эми Союз мезгилинен бери иштебей, токтоп турган ишканаларды эске салалы. Булардын айрымдары модернизацияны талап кылууда, айрымдары такыр эле банкрот болгон. Мамлекеттин бул ишканаларга сала турган каражаты жок, ал эми салымсыз бул ишканалар Совет мезгилинин чыгымдуу эстеликтери. Эки жыл мурун Экономика министрлиги инвесторлорго сунуштоо үчүн ушундай 44 ишкананын тизмесин түзгөн. Ага «Бишкек машина куруу заводу», «Дастан» ТНК, «Кайыңды кабель заводу», «ОРЭМИ» ААКы кирген эле. Андан бери эмне болду? Жымжырттык. Инвесторлорго алар жакпай калды окшойт.

Мындан тышкары Инвестицияларды алдыга жылдыруу жана коргоо агенттигинин сайтында болочок инвесторлорго сунушталган долбоорлордун тизмесин тапса болот. Ага энергетика, айыл чарба, туризм, өнөр жай, тоо кен чөйрөлөрү кирген. Жалпы жолунан 80 долбоордон ашуун! Долбоорлордун саны мындан да арбын болушуна күмөн жок, себеби өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү буга жол берет. Бирок андан майнап чыгабы?

Улуттук статистикалык комитети берген маалыматтар тынчсыздандырат: өлкөгө болгон чет өлкөлүк инвестициялардын агымы азаюуда. 2018-жылдын биринчи жарымында ал 247 миллион долларды түзгөн, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 33,2 пайызга аз. Жыл башында инвестициялардын кайтышы да көбөйүп, үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде бул көрсөткүч 23 пайызга өскөн. Бул түздөн-түз экономиканын абалына таасир этүүдө.

Эми “Кумтөргө” кайталы. Канчалаган саясатчылар анын эсебинен өзүнө упай алгысы келди. Парламентте бул теманы талкуулап жатып тешип салышты го. Жыл сайын Кыргызстан аны сотко берип, келишимди кайтадан карап чыгууну талап кылып же төлөмдөрдү жогорулатууну талап кылууда. Мына эми өкмөт былтыр кол коюлган келишимди кайтадан карап чыккысы келип жатат. Баса, былтыр сентябрь айында кол коюлган, көптөн-көп күткөн келишимди тарыхый документ деп да атап жатышты. Ошол келишим Кыргызстанда иштесе болорун көрсөтүшү керек эле. Бирок жарым жыл өтүп, өтпөй баары таз кейпине келди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 830, 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан