КЫРГЫЗ ЛОТО 2018-ЖЫЛКЫ TOYOTA CAMRY 70 ЭЭСИН ОШТОН ТАПТЫ. КИЙИНКИ ТИРАЖДА 2 ДААНА KIA RIO X-LINE АВТОУНААСЫ ОЙНОТУЛАТ



«Кыргыз лото» футболду колдоо менен «Ала-Тоо» тираждык лотереясынын экинчи айлампасын өткөрөт. Оюн 6-октябрда борбор калаанын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда ойнотулуп, аны ЭлТР телеканалы аркылуу саат 19:45те түз эфирде көрө аласыз. Экинчи тираждын байге фондун 2 даана Kia Rio X-Line автоунаасы жана жалпы көлөмү 1 миллион сомдон ашык көлөмдөгү акчалай утуштар түзөт.

"ОЙНОГУЛА, УТКУЛА!"

«IPhone X» 256 гб. үлгүсүндөгү смартфонунун жеңүүчүлөрү:

Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын уюштуруу жана эл аралык бөлүмүнүн башчысы Сарпек Эшалиев смартфон утуп алган:

– Мендеги 5 билеттин арасынан бирөөсү бактылуу чыгып, IPhone X 256 гб смартфонун утуп алдым. Буга чейин лотерея көп ойногом, бирок бул алгачкы утушум. Утушка ээ болгон билетти ЦУМдун астынан алдым эле. Эми дагы барып, ошол жактан билет алып, ойносом деп жатам, ак жолтой жер окшойт. Ойногула жана байгелерди уткула!

Базар-Коргон социалдык фондунун жетектөөчү адиси Айжигит Абдыкадыров да IPhone X 256 гб смартфонун утуп алган:

– Жумушка сатып келгенде бир билет алгам, ал байгелүү болуп чыкты. Башында утуп алганыма ишенген эмесмин, анткени бул убакытка чейин оюнду аягына чыгарбаган же байгелерди бербей койгон учурларды көп көргөм. «Кыргыз лото» менен ишенимдүү лотерея ойноого болорун айткым келет.

Бишкек шаарынын тургуну Турсунбек Малаев, ширетүүчү:

– Жумуштан келе жатып ЦУМдагы өтмөктөн 3 лотерея билетин сатып алгам. Үчөөнүн ичинен бирөөсү байгелүү чыкты. Мурун лотереялык билеттерди алып жүрчүмүн, бирок эч качан уткан эмесмин. Эми минтип IPhone X 256 гб смартфондуу болдум. Элге айтарым, ойногула, уткула.

ОЮНДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ

http://www.kyrgyzloto.kg сайтында жана социалдык тармактарда: @kyrgyzloto.kg, ошондой эле «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланат.

«КЫРГЫЗ ЛОТО»: «АЛА-ТОО» ТИРАЖДЫК ЛОТЕРЕЯСЫНЫН БИРИНЧИ ЖЫЙЫНТЫГЫ

31-августта өткөрүлгөн биринчи тираждык лотереяда акчалай утуштар, 10 даана IPhone X жана баш байге Toyota Camry 70 унаасы ойнотулган.

Баш байгени утуп алган Ош шаарынын тургуну Рустам Эгамбердиев 10 билет сатып алып, анын үчөөсү утушка ээ болгонун айтат:

– Өзүм куруучу болуп иштейм. Ош шаарындагы Зайнабидин көчөсүндөгү чоң базардан 10 билет алгам. Алардын бирөөсүнөн 2018-жылкы Toyota Camry 70 үлгүсүндөгү автоунаага, калган экөөнөн 200 сомдук акчалай белектерге ээ болдум. Утуштарымды пенсиядагы ата-энеме белекке берем.

«Ала-Тоо» тираждык лотереясынын калган жеңүүчүлөрү 1000 сомго чейинки утуштарды сатуу түйүндөрүнөн, андан кымбат байгелерди мамлекеттик лотереялык компаниянын кеңсесинен, Чүй 114 дарегинен алып кетишүүдө. Бүгүнкү күндө лотереялык компания тарабынан төмөнкү сандагы утуштар байге ээлерине берилди:

► 4135 адамга – 200 сом утуш

► 413 адамга – 500 сом утуш

► 40 адамга – 1000 сом утуш

► 4 адамга – IPhone X 256 гб смартфондору

► 1 адамга – баш байге 2018-жылкы Toyota Camry 70

«Кыргыз лотонун» биринчи тиражынан калган байгелер жеңүүчүлөрүн күтүүдө.

«Мамлекеттик лотереялык компания» мамлекеттик ишканасы – Кыргыз Республикасынын бардык аймагында кесиптик лотерея (тираждык, көз ирмемдик) оюндарын уюштуруу менен алектенген юридикалык жак. Ишкана 2016-жылдын 17-июнунда түзүлгөн. Негизги максаты – спортту, маданиятты, билимди, илимди, искусствону өнүктүрүүгө жардам берүү. Ошондой эле жаш балдарды, карыларды, жаштарды, аялуу топторду жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү коргоого багытталган социалдык иш-чараларды өткөзүүгө финансылык колдоо көрсөтөт.

Мамлекеттик лотереялык компаниянын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат. Кошумча суроолор боюнча
+996 700 008 191 номери же kyrgyzloto.kg@gmail.com электрондук почтасы аркылуу байланышсаңыз болот.

ЛОТЕРЕЯ САТЫП АЛУУ ҮЧҮН БАЙЛАНЫШ ТЕЛЕФОНДОРУ:

"Кыргыз лото", тел.: 0312 623 925

Бишкек, Чүй облусу. Мирлан Даулетбаков, тел.: 0708 977 955

Өзгөн, Кара-Кулжа, Куршаб. Раимжан Ходжахунов, тел.: 0772 030 029, 0559 030 029

Ош, Ноокат, Кызыл-Кыя. Клара Жантөрөева, тел.: 0776 006 518, 0556 006 518

Жалал Абад облусу. Лута Асанов, тел.: 0771 111 182, 0704 111 182

Нарын облусу. Малика Казыбекова, тел.: 0708 080 871

Ысык-Көл облусу. Адилет Ариков, тел.: 0552 999 948

Талас облусу. Бакыт Суюналы уулу, тел.: 0 707 847 428

Баткен облусу. Алмазбек Анарбеков, тел.: 0 773 848 848

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын бардык бөлүмдөрүндө

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Makkambaev97
2018-10-02 09:29:18
Муну кандай кылып ойнойт экен
0
ady-88
2018-10-02 09:47:40
Ишенбедим утуп алганына Рустам деген несение. Булар жарым баасына машинаны сатып алып эле утуп Алды деп жатат. Албетте маалымат такталган эмес менин жеке пикирим
+1
Erlan_92
2018-10-02 09:54:49
500 1000 койгону уят эле элдерден миллиондорду топтоп алып ойнобогула ишенбегиле 5000 мин коротуп 500 утасын
0
Jyrgal_msk
2018-10-02 12:44:23
Оюндун журушу кандай болот?Эгер махинация менен откозсо,тез эле банкрот болот.Эл баарын угат,коруп турат.
0
№ 830, 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан