БАЛАНЫН БОЮ ЭМНЕГЕ ӨСПӨЙ КАЛАТ? БОЙДУН ӨСҮШҮНӨ ТААСИР ЭТҮҮЧҮ ФАКТОРЛОР

Кээ бир балдардын бою бат, айрымдарыныкы кеч өсөт. Көпчүлүк учурда ата-энелер баласынын бою талаптагыдай өспөй жаткандыгына кабатыр болушат. Албетте, бойду кол менен жасап узартууга мүмкүн эмес. Болгону анын себебин аныктап, убагында тиешелүү чараларды көрүүгө болот. Баланын боюнун өсүүсүнө кандай факторлор таасир берет? Дарыгер Арина Казакбаеванын кеңештерине көңүл буралы.

ИЧКИ ФАКТОРЛОР

Тукум куучулук. «Алма сабагынан алыс түшпөйт» демекчи, ата-энесинин бою узун болсо, анда баланын дагы бою узун болот. Ал эми орто бойлуу ата-эненин балдары да орто бойлуу болушат. Андыктан факторду эске ала жүрүү туура.

Баланын боюн кантип эсептөө керек?
Кыздар: Атасынын бою (сантиметр менен)+ апасынын бою (сантиметр менен): 2-6,5 сантиметр

Мисалы, (175+160):2-6,5=161 сантиметр болжолдуу түрдө.

Балдар: Атасынын бою (сантиметр менен)+ апасынын бою (сантиметр менен): 2+6,5 сантиметр

Мисалы, (175+160):2+6,5=174 сантиметр болжолдуу түрдө.

Тубаса патология. Баланын боюнун өсүүсүндөгү көйгөй түйүлдүк кезинде патологияга (анын ичинде эндокриндик жабыркоого) учуроосунан келип чыгышы ыктымал. Андыктан эне кош бойлуу кезинде туура тамактанып, убагында эс алып, стресс болуудан жана ооруп калуудан сактанып, тамеки, ичимдикке жолобошу шарт. Өз алдынча дары ичпөөсү керек. Бул жагдайлар түйүлдүктүн өсүп-өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.

Гормоналдык фактор. Гормондор баланын боюна, салмагына, акыл-эсинин өсүшүнө түздөн-түз таасир этет. Бойдун өсүүсүнө жооп берүүчү соматотропин гормонун ортоңку мээдеги гипофиз бези иштеп чыгат. Эгер бул без аталган гормонду аз иштеп чыгарса эргежээл, тескерисинче, ашыкча иштеп чыкса бою өтө өсүп кетет (өзгөчө кол-буту, жаактары). Окумуштуулар «жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн бою түнкүсүн, саат 8ден 12ге чейин өсөт» дешет. Алар бойдун өсүүсүнө таасир этүүчү гормондун (соматотропин) көп бөлүгү дал ушул уктап жаткан убакытта иштелип чыгарын далилдешкен. Эгер баланын уйкусу толук канбаса, анда аталган гормон аз иштелип чыгат да, боюнун өсүүсү жайлайт. Андыктан 1 жаштагы бала 15 саат, 10 жаштагы балдар 10 саат, 11-15 жаштагы балдар 9-11, 16-25 жаштагылар 7-9 саат тынч уктоосу керек.

СЫРТКЫ ФАКТОРЛОР

Психологиялык абал. Организмди борбордук нерв системи башкаргандыктан өсүп-өнүгүү стадияларында, өзгөчө 2-3, 6-7, 12-14 жашында баланын психологиялык абалын көзөмөлдөө туура. Айрыкча кыздарда 11-12 жаш, балдарда 13-14 жаш курагында гормондордун таасири астында акырындык менен жыныстык жактан өөрчүүнүн белгилери пайда боло баштайт. Кыздарда сүт бездери өөрчүп (эмчек), балдарда денесине түктөр чыгып, үнү жооноюп дегендей. Мындай жетилүү убагында сөзсүз нерв системинде өзгөрүүлөр (стресс, депрессия, эмоцияга алдыруу) байкалат.

Социалдык-экономикалык фактор. Бул факторго баланын жашоо шарты, тамактануусу, гигиенасы кирет. Андыктан бала түйүлдүк кезинен баштап керектүү витаминдерди жетиштүү алуусу зарыл. Алсак, белокту жетишерлик өлчөмдө кабыл албаган баланын боюнун өсүүсү жайлайт. Балдарга «А» витамини бар тамактарды көп жегени жакшы таасир берет. Бул витамин боордо, сүттө, жумуртканын сарысында, ошондой эле сары, кызыл жемиштер жана жашылчаларда (сабиз, кызылча, ашкабак) болот. Мындан сырткары терс адаттар, тамеки тартуу, ичимдик ичүү бойдун өсүүсүн жайлатат. Алсак, тамекинин түтүнү кан айланууну жайлатып, канда кычкылтектин жетишсиздигин жаратат. Кычкылтек бойдун өсүүсү үчүн зарыл болгон нерсе.

Азыктардагы зыяндуу кошулмалар. Эгер баланын тамактануусунда ар кандай зыяндуу кошулмалуу заттар, зыяндуу углеводдор көп болсо, организмде инсулиндин деңгээли жогорулап, бойдун өсүүсүнө таасир этүүчү гормон аз иштелип чыга баштайт. Зыяндуу углеводдуу азыктарга эмнелер кирет? Тамак-ашка кошулган консерванттар, майлар, газдалган суусундуктар, кумшекер жана башкалар. Таттуу, газдалган суусундуктар организмдеги кальцийди жууп кетип, сөөктү борпоң кылат. Бул бойдун өсүүсүнө зыянын тийгизет.

Биологиялык фактор. Ар кандай жугуштуу ооруларды жаратуучу вирустар, бактериялар баланын боюнун өсүүсүнө терс таасирин тийгизет. Өзгөчө бөйрөк, боор, өпкө, эндокриндик систем оорулары бойдун өсүүсүн жайлатат.

Кара күч эмгеги. Бул дагы бойдун өсүүсүнө тоскоол болот. Баланын организмине күч келтирип, ашыкча кара жумуш жасатуу, узак убакытка отуруу бойдун туура өсүүсүн кечеңдетет. Себеби омурткаларга доо кетет. Ошондой эле баланын организмине күч келтирген спорттук машыгуулар дагы анын боюнун өсүүсүнө зыянын тийгизет. Андыктан бойдун өсүү мезгилинде сууда сүзүү, волейбол, баскетбол, секирүү сыяктуу спорттун жеңил түрлөрү менен алектенүү туура.

БАЛАНЫН БОЮНУН ӨСПӨЙ ЖАТКАНЫН КАНТИП БИЛСЕ БОЛОТ?

Кээ бир ата-энелер баланын боюна байкоо салбай жана маани бербей жүрө беришет да, качан гана бала мектепке барып башка балдардан бою кичинекей экенин көргөндө гана тынчсызданып башташат. Тилекке каршы, көпчүлүк учурда кандайдыр бир аракет көрүүгө кеч болуп калат. Ошондуктан убагында баамдоо керек. Анткени бойдун өсүүсү адамдын физиологиясына жараша 17-25 жашта токтойт. Андан кийин ар кандай бойду өстүрүүчү каражаттар же гормондор менен бойду өстүрүүгө болот. Бирок мунун ден соолукка пайдасынан зыяны көп болгон учурлар көп катталат. Мындай каражаттарды колдонгон учурда сырткы сөөктөр, буттун кетмени, жаак сөөктөр өсүп кетиши мүмкүн.

Негизи бала төрөлгөндөн 1 жашка чейин 25 сантиметрге, 2 жашында 8-12, 3 жашында 7-8 жана андан кийинки жылдары жыл сайын 4-6 сантиметрге өсүп туруусу талапка ылайык. Боюнун өсүүсүн жыл сайын бир убакытта ченеп, жазып туруу керек. Эгер ал 3 жашында көрсөтүлгөн өлчөмгө 4 сантиметр жетпей жаткан болсо, анда эндокринолог адисине кайрылышыңыз зарыл болот.

Хирургиялык жол. Бул жаатта ортопеддерге кайрылып, кеңеш алып, анан изилдөөлөрдүн жыйынтыгына карап чечим кабыл алуу шарт.


 

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Erlan_92
2018-10-02 09:58:00
Баарына ата энеси кунолуу арак ичип нас тамеки чегип и ата энесинин бою кандай болсо ошого карайт
+4
kenje-888
2018-10-02 10:26:08
эн жакшы маалымат экен
+4
raykray
2018-10-02 11:10:49
Эн окунучтуусу Кыргыздар биттей курттай болуп бара жатабыз((( эркек балдарыбызды карасам азыр ото эле кииичинекей, анан сигарет насывай чегип атышат анан алардан кийинки балдар кандай болот???
+9
Shokoladka94
2018-10-02 13:11:15
Мм мен балдарымдын бою жакшы оссо экен деп эле журом
+2
0102beka17
2018-10-02 17:04:08
жашым 17 боюм 170 норма эледа
+2
NURTILEK_KG
2018-10-02 22:36:00
Жашым 19 да боюм 160 ата энем кичинекей бирок вообще сигарет насвай арак пиво андай нерселерди оозума да алган эмесмин. Кантип боюмду остурсом болот кандай витаминдерди жесем болот билсениздер айтып коюнуздарчы туугандар
+2
beko.m
2018-10-05 13:26:54
Бойун эсептоо болбогон нерсе,менин 2 кызым бири 168,бири 153см,..атасы экообуздун боюбузду плюс минус кылсак да туура келбейт
+3
IL Suren
2018-10-06 14:20:15
Ата-энеме дагы бир ирет ыраазы болуп жатам :))
0
№ 830, 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан