«ДАРАК ЫРЫН» ТАРТКАН ЖУБАЙЛАР

Бири режиссёр, сценарист, бири продюсер жубайлар тууралуу уктуңуз беле? Бүгүнкү конокторубуз дал ушул кесиптин ээлери. Бири-бирине жылуу карап жылмайган жан шериктер үйдө да, жумушта да бирге жүрүшөт. Гезитибиздин бул санында үлгүлүү түгөйлөр Айбек Дайырбеков жана Толкун Дайырбекованын 12 жылдык үй-бүлөлүк тарыхына көз салабыз.

– Алгач эле кепти сиздердин таанышкан күнүңүздөрдөн баштасак...

Толкун: – Сен айтып бер сенин көз карашың менен (күлүп).

Айбек: – Экөөбүздүн версиябыз эки башка беле (күлүп)? Жубайым экөөбүз 2004-жылы Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринен таанышканбыз. Ал жакта жаш лидерлердин лагери болуп, мен уюштуруучу, Толкун катышуучу катары барган. Башында байкаган деле эмесмин, катышуучулардын арасында кичинекей кыз бар экенин билчүмүн. Себеби ал учурда Толкун 16, мен 25 жашта болчумун. Ошол лагерде жүргөндө бир күнү келип «байке, сууга сүзгөндү үйрөтүңүзчү» дейт. Анан үйрөттүм. Көрсө, бул сүзгөндү жакшы эле билчү экен, мени менен таанышуунун амалын кылыптыр.

Т.: – Бул Айбектин версиясы да. Эми менин версиям. Анда мен колледже 1-курста окуп жүргөн кезим, апам барскоондук болгондуктан жыл сайын Көлгө барып эс алчубуз. Ошол жылы лагерге бардым. Таанышканыбыз боюнча айтсам, мен пристандын башында тургам, анан Айбек келип «башың менен сууга түшкөндү билесиңби?» деди, мен «жок» десем үйрөттү. «Бутуңду минтип-тигинтип коёсуң, анан секиресиң» деп. Бутум менен секиргенди билчүмүн, бирок башым менен секиргенди Айбек үйрөткөн.

Айбек уюштуруучу болгондуктан бардык сүрөттөр мында болчу. Ошондуктан кетип жатканда аты-жөнүн, электрондук дарегин жазып алып, өзүмдүн телефон номеримди берип, «сүрөттөрүбүздү жөнөтүп коюңуз» деп өтүндүм.

А.: – Мен айткан версия тамаша болчу (күлүп).

– Анан мамилеңер олуттуу болуп баштады...

А.: – Жо-ок. Андан кийин 1 жарым айдан кийин кокусунан «Ала-Тоо» кинотеатрынын алдынан жолугуп калдык. Бирөө келип эле «Айбек байке, кандайсыз?» дейт же мен эстей албайм, аты ким эле деп. Анан ошол жерден таанышып, Толкундун 16 жашта экендигин билдим.

Т.: – Ошондон кийин дагы 1-2 жолу жолуктук, бирок ортодо дагы жарым жыл көрүшкөн жокпуз. Мен ал убакта Кыргызстандын жаштар клубуна барчумун, анан ошол жактан жолугуп калып, сүйлөшүп кеттик.

– Айбек байке, Толкун эже менен таанышканыңызда үйлөнө турган убагыңыз келип калган экен. Канча жыл күттүңүз жубайыңызды?

А.: – Мен ал кезде «Боз салкын» тасмасында режиссёрдун ассистенти болуп иштеп жүргөм. Туура 2 жылдан кийин, Толкун 18 жашка чыкканда үйлөндүк. Биринчи 17 жашында Көлдө жүргөндө сунуш кылдым, бул болсо чалкасынан кетти «менин канча жашта экенимди билесизби?» деп. Анан «ойлонуп көр, азыр эмес, сен качан даяр болгондо» дедим. Мен айтчумду айтып алышым керек деп айткам. Анан макул болду.

Т.: – Бул да өзүнчө кызыктуу окуя. Мен Көлдө эс алып жүрсөм Айбек, анын достору да Көлгө келип калышты. «Көл жээгине чогулуп жатабыз, кел» дегенинен барсам, Айбек жок. Достору мени тосуп алышты. Анан Камчы Сарыбаев футболкасын чечип, көзүмдү таңып, пристандын башына алып кетип жатат. Мен болсо «азыр сууга ыргытып жиберсе эмне болот?» деп ызылдап жатам. Бир аздан кийин көзүмдү ачышса алдымда костюм-шым кийип Айбек кайыктын ичинде турат чыкыйып. Кайыктын ичин гүл, шамдар менен кооздоп коюптур. Ары өтүп, бери өтүп көндүрдү. Анан 2006-жылы, 5-ноябрда баш коштук.

– Айбек мырза, байкашымча, романтик окшойсуз?

А.: – Сунуш кылып жаткандан кийин бир өзгөчөрөөк, романтикалуу кылалы дегем. Дос балдар менен гүл теребиз деп пансионаттардагы гүлдөрдү бүт жулуп келип, кайыктын түбүнө төшөдүк. Камчы болсо гүл таппай калып, бактын бутагын жулуп келиптир (күлүп). Аны дагы коштук.

– Бул али кичинекей кыз, 17 гана жашта деген ой болгон жокпу?

А.: – Бул кичинекей болгону менен, кемпирлердей сүйлөйт да. Ортодо Толкунду ала качабыз дегендер да чыкты. Анан мен жалдырап жүргүчө бирөөлөр ала качып кетпесин деп кайтарып жүрдүм. Ошол дагы таасир этти го дейм. Шүгүр, азыр ортобузда 1 уул, 2 кызыбыз бар. Жумуштар чыгып калганда ата-энелерибиз каралашат.

– «Дарак ыры» аттуу тасмада да чогуу эмгектендиңиздер.

Т.: – Мен «Дарак ыры» тасмасына продюсерлик, Айбек режиссёрлук кылды. Тасма талаасында иштеп бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, кеңешип иш кылып жаттык. Андан сырткары, буюрса, 6-8-10-октябрда Түштүк Кореяда жашаган туугандарга «Дарак ыры» тасмасы Пусан шаарында көрсөтүлөт. Бул тасма менен «Пусан» эл аралык кинофестивалына катышканы жатабыз. Ошон үчүн кинону бардык жерден алдырып салдык. Фестивалдарга катышып алгандан кийин кайрадан элге тартуулайбыз.

– Сиздер «Карек» кинофестивалын да уюштуруп келесиздер. Бул тууралуу да айта кетсеңиздер.

А.: – Азыркы жаш балдарга телефондон башка эч нерсе кызык болбой калбадыбы. Негизги көтөргөн маселебиз ушул. Биринчиден, телефонду туура пайдаланууну үйрөтүү. Экинчиден, киночу, актёр болом деген балдар эртерээк жолун тапса экен дейбиз. Балким, бул тармактан ал өзүн табат же болбосо алыстайт. Эң негизгиси, эмнени каалайт, ошону аныктап алуу керек. 10-17 жашка чейинки улан-кыздар катышса болот. Быйылкыга «Бул менин дүйнөм» жана «Мен жана табият» деген эки тема койдук. Учурда кабыл алуу жүрүп жатат. 15-октябрда жыйынтыгы чыгат. Башында кандай тартыларын көрсөтүп багыт беребиз.

«Карек» деген аталышты Темир Бирназаров сунуштаган. Көптөгөн аталыштарды карап отуруп жыйынтыгында көпчүлүктүн добушу менен ушул аталышка токтолгонбуз. Бул кичинекей балдардын фестивалы болгондуктан, алардын дүйнөгө болгон көз карашы жана камеранын объективи деген маанини түшүндүрөт. Бул идея Алтынбек Максүтовго, Толкунга жана мага таандык.

– Бош убактыңарда эмне менен алектенесиңер?

Т.: – Бош убакыт болуп калса эле балдар менен сейилдейбиз. Акыркы күндөрү жаратылыш коюнунда эс алууга өтө баштадык. Таза жерде, таза абада көбүрөөк эс алалы деген ой да.

– Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

"Толкун 18, мен 27 жашымда баш коштук".
"Бош убакыт жаралганда чогуу эс алганды жакшы көрөбүз".
"Дарак ыры" тасмасын тартуу учурунда".

Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Shaa-82
2018-10-02 10:08:36
БАктылуу тугойлор экен, бактынар боксорбосун, коз тийбесин, улгулуу уй-булолордун катарын толуктап журо бергиле!
+16
Pandora
2018-10-02 11:19:01
Бактынар туболуктуу болсун!!! "ДАРАК ЫРЫ"-аталышы эле адамды озуно тартатго,тасманы кутуп калабыз.
+8
Kymbatym
2018-10-02 12:01:04
Pandora,суперге чыгышын күтүп каласыңарбы?кинотеатрга барып көрүп алгылада
0
Pandora
2018-10-02 12:08:58
Kymbatym,Суперге эмес интернетке чыгышын кутуп каламын))).Кинотеатырга барганга менде шарт,убакыт жок.Жакында эле мекенден башка шаарга келдим.
+5
Peri.00
2018-10-02 12:06:26
Мен дагы кастинге катышкым келип жатаат
+2
Shokoladka94
2018-10-02 13:24:33
Бири-бирине жарашкан парочка экен
+3
erkeleim
2018-10-02 14:39:31
Кичинекей болгону менен кемпирдей суйлойт))))))
+6
Brejneva
2018-10-03 02:12:25
Мен сыйлаган жубайлар... Бактылуу болуңуздар!
+1
№ 830, 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан