АДИСТИН КЕҢЕШИ. «АЛИМЕНТ АЛГАНДАРГА ЖӨЛӨК ПУЛ ЧЕГЕРИЛЕБИ?»

Үй-бүлөгө көмөк каражаты тууралуу окурмандардан келген суроолорго Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын адиси Айкөл Турганбаева жооп берет.


«АЛИМЕНТ АЛГАНДАРГА ЖӨЛӨК ПУЛ ЧЕГЕРИЛЕБИ?»

– Жолдошум менен ажырашканыма бир жыл болду. Экөөбүздүн ортобузда 4 бала бар. Кичинекейим 9 айлык болду. Жолдошум алимент төлөбөйт. Өзүм эч жерде иштебейм. Убактылуу ата-энемдикинде туруп жатам. Балдарыма жөлөк пул чегерте аламбы? Эгер жолдошум алимент төлөп баштаса жөлөк пул да ала беребизби же кандай болот?

Барчын, Кызыл-Кыя шаары



– «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун чегерүүдө алимент киреше катары эсептелет. Бирок жөлөк пулду чегерүү алименттин өлчөмүнө жана башка кирешелерге көз каранды. Жалпы бир айлык кирешеңиз чогуу жашаган үй-бүлөнүн ар бир жандын башына бөлүнөт. Эгер сумма кепилденген эң төмөнкү кирешеден ашпаса (КЭТКнын өлчөмү 900 сом), анда «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун чегерте аласыз (өлчөмү 1 балага 810 сом).

«ЖӨЛӨК ПУЛ КАНЧА УБАКЫТТА ЧЕГЕРИЛЕТ?»

– Ош облусунун Ноокат районунда турам. Июль айынын орто ченинде жөлөк пул алалы деп документтердин баарын чогултуп тапшырганбыз. Бизге «документтер Бишкекке сентябрда жөнөтүлөт» дешти. Эмне, ушунча узакка кармалабы? Бул мыйзам чегинде туурабы? Ошондо мен кайсы айдан тарта жөлөк пул ала баштайм? Алдын ала рахмат.

Жаңыл, Ноокат району

– Бир ай аралыгында бардык тиешелүү документтер толукталган болсо жөлөк пул арыз берүүчүнүн жөлөк пул чектөөгө кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн артып чектелет. Документтер толук көлөмдө түшкөн учурдан кийин, жөлөк пул чектөө маселеси үйгө барууну, тапшырылган документтердин аныктыгын тастыктоону жана төлөө үчүн документтерди толтурууну эске алганда, бир айдан ашык эмес мөөнөттө каралат.

Эгерде жөлөк пул чектөө үчүн топтолгон керектүү документтер толук болбой калса, социалдык өнүгүү органдары (шаарларда) арыз берүүчүгө кошумча дагы кандай документтерди топтоо керектиги жана аны өткөрүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө түшүндүрмө беришет. Жөлөк пулду дайындоо жөнүндө же баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен жөлөк пулду дайындоодон баш тартуу тууралуу чечим 5 күндөн кечиктирбей арыз берүүчүгө билдирилиши шарт.

«ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ ЭКИ БАШКА ШААРДА КАТТАЛГАНБЫЗ»

– Үч балам бар. Учурда Кара-Балта шаарында турабыз. Мен ушул шаарда катталгам. Жолдошум болсо Ош шаарында катталган. Ошондо биз балдарга «үй-бүлөгө көмөк» каражатын алуу үчүн кайсы жакка кайрылуубуз керек, Кара-Балтагабы же Ошкобу?

Айдай, Кара-Балта шаары

– Факт жүзүндө жашаган жериңиздеги шаардык же райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылууңуз керек. Ал үчүн факт жүзүндө жашаган жериңизден маалым кат талап кылынат.

«АБАКТАГЫ КИШИНИН БАЛДАРЫНА ЖӨЛӨК ПУЛ ЧЕГЕРИЛЕБИ?»

– Балам абакта. Анын эки баласы жана келинчеги азырынча биздин карамагыбызда. Кемпирим экөөбүз тең пенсия алабыз. Машинабыз бар, бирок менин наамымда. Келиним эки баласына жөлөк пул чегерте алабы?

Калмырза, Кара-Балта шаары

– Бир нече үй-бүлө чогуу жашаган учурда, алардын бюджети чогуу болсо, бир айлык киреше чогуу жашаган үй-бүлөнүн ар бир жан башына бөлүнөт. Эгер сумма кепилденген эң төмөнкү кирешеден ашпаса (КЭТКнын өлчөмү 900 сом), анда «үй-бүлөгө көмөк» каражатын чегерте аласыз. Бүгүнкү күндө «үй-бүлөгө көмөк» каражатынын өлчөмү (бир балага) – 810 сом.

Кирешесин аныктоодо иштетүүгө жарамдуу автоунаа дагы эске алынат, эгерде даярдоочу завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан кем эмес, ошондой эле кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 2000 жана андан көп сантиметр куб (2 жана андан көп литр) болсо.

Ошондой эле жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, 2018-жылдын 1-июлунан тарта жөлөк пул үчүн үй-бүлөнүн кирешесин аныктоодо чогуу жашаган улгайган жарандардын пенсиясы эсептелбейт.

Жаза өтөөчү жайларда жүргөн, соттолуп кеткен үй-бүлө мүчөлөрү үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо эске алынбайт.

«ЭКИ КАЙНИМДИН ТАПКАНЫ ДА ЭСЕПТЕЛЕБИ?»

– Менин 4 балам бар, кайнатамдар менен чогуу турам. Балдарыма «үй-бүлөгө көмөк» каражатын чегертүүгө документтерди топтоп барсам, «эки кайниң тууралуу иштейт же иштебейт деген маалым кат керек» деп албай коюшту. Жаңы кабыл алынган мыйзамда бул жагы кандай каралган? Ал экөө үчүн 4 балама жөлөк пул албай каламбы?

Наргиза, Тоң району

– Эгерде бир нече үй-бүлө чогуу жашаган учурда, алардын бюджети чогуу болсо, бир айлык киреше чогуу жашаган үй-бүлөдөгү ар бир жандын башына бөлүнөт.

Үй-бүлөнүн курамын аныктоодо айыл өкмөттөрдөн, шаардык кварталдык комитеттерден берилген маалым каттар тапшырылат. Жалпы чарба жүргүзүп, чогуу жашаган ата-энелери жана анын балдары кирешесин аныктоодо үй-бүлөнүн курамында эсепке алынчу адамдардын катарына кирет. Демек, эки кайниңиз эмгекке жарамдуу болсо, анда алардын иштеген жери боюнча дагы маалым кат талап кылынат. Эгерде эч жерде иштебесе, иш менен камсыз кылуу бөлүмүндө каттоодо турат деген маалым кат тапшыруу шарт. Эгерде айыл чарба багытындагы аянты 5 сотыхтан кем эмес сугат жери болсо, ал жаран иш менен камсыз болгон жаран катары эсептелет. Мындай учурда маалым кат талап кылынбайт. Үй-бүлөдөгү жер иштетүүдөн түшкөн кирешелер атайын белгиленген ченемдердин негизинде жөлөк пул чегерүүдө эсепке алынат.

«НЕБЕРЕМДИН АТАСЫ КАЗА БОЛУП КАЛГАН...»

– 2,5 жашта неберем бар. Кызымдын баласы. Күйөө балам каза болгон. Кызым жогорку билимдүү болгону менен, учурда жумуш жок үйдө отурат бала менен. Небереме атасынын өтүп кеткендигине байланыштуу 1640 сом пенсия төлөнөт. Сурайын дегеним, небереме «үй-бүлөгө көмөк» каражатын чегертүүгө болобу?

Акмаанай, Базар-Коргон району

– «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун чегерүүдө багуусунан ажырагандыгы боюнча пенсия, дегеле пенсиянын бардык түрү киреше катары эске алынбайт. Бул норма 2018-жылдын 1-июлунан тарта киргизилген. Ошондой эле кызыңыз жашаган жери боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылса, бекер окууларга (кыска мөөнөттүү курстарга) окутуп, жумушка киргизүүгө көмөктөшөт.

Окурман, сизде жөлөк пул, пенсия боюнча суроолор барбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет.
Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз!

Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756311 WhatsApp номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
arno2008
2018-10-02 11:40:41
810 сомго бир ай, бир баланы багыш кыйын го?
+9
shumkar929292
2018-10-02 13:46:15
arno2008,ошого деле шүгүр кылсанар бул жакта албай деле жүргөндөр бар жакыр болсо да баланы мамлекетке тануулабай эле коёлу ал толук багыш үчүн эмес жардам катары берилет өзүбүз да иштеп багалы балдарды мээнет менен
+5
Muratmipa
2018-10-03 22:39:27
arno2008,каяктагыны айтасынар мен ьир кызыма бир кунго 250сом расход кылам
+1
nazi25
2018-10-02 23:31:16
Машинанын
биографиясы да керек болобу)
0
zinagull1996
2018-10-03 02:56:18
Адис кенеш берет дейсинер. Жвзса жооп жок
+5
№ 830, 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан