Оптимизм жана пессимизм. Кайсынысы адамга көбүрөөк пайда, кайсынысы зыян? Психологдордун талашына түшкөн бул маселе азыркыга чейин так жооп жарата элек. Төмөндө биз ар биринин жакшы-жаман жагын талдаганга аракет кылдык, жыйынтыкты сиз чыгарыңыз.
ОПТИМИЗМ (латын тилинен “optimus – эң мыкты” деп которулат) – жашоого позитивдүү кароо, ой жүгүртүү. Оптимист адам жашоо сонун, каалаган нерсени ишке ашырууга мүмкүн, кыялдансаң, максат койсоң көздөгөнүңө жетесиң, кандай кыйын кырдаал болбосун андан чыгуунун жолу бар деген жашоо принцибин карманат.
ОПТИМИЗМДИН ОҢ ЖАКТАРЫ
Оптимист кайсы бир кырдаалдан чыгууда тоскоолдуктарга, чектөөлөргө (#элэмнедейт), ырым-жырымга, эски көз караштарга байланбайт.
Оптимист өзүнө ишенет, ийгиликке жетсе “менин эмгегим” деп өзүн баалай билет.
Оптимист адамдын маанайы көтөрүңкү жүрөт, көп нерсени үстүртөн карайт.
Оптимист адам тартынчаак эмес. Идеяга бай, бири болбой калса экинчисине аракет кыла берет. Мындай адамдар максатына тез жетет.
ОПТИМИЗМДИН ТЕРС ЖАКТАРЫ
ПЕССИМИЗМ – (латын тилинен “pessimus — эң начар” деп которулат) жашоого негативдүү көз караш. Келечекке, жакшы жашоого ишенбөөчүлүк, кандай абал болбосун терс тарабын байкоо.
ПЕССИМИЗМДИН ОҢ ЖАКТАРЫ
Англиялык психолог Фрида Голдман-Эйслер: “Бала менен эненин байланышы сыйкырдуу. Бала курсакта кезинен энеси ага мээрим төксө, позитивдүү маанайда жүрсө, кийин бала төрөлгөндө эмчек эмип чоңойгондо оптимизмдин пайдубалы куралат”,- дейт. Бул ойго кошулган орусиялык кесиптеши Екатерина Хломова баланын кандай болуп чоңоёруна ата-эне түздөн-түз көз каранды деп эсептейт: “Келечектеги оптимисттерди жаратуу “Азаматсың! Жасап көр! Жаңылсаң эч нерсе болбойт! Биз сени колдойбуз!” деген сөздөрдөн, мамиледен башталат. Ал эми пессимисттердин пайдубалы “Төгүп салдың, көзүңдү карабайсыңбы?! Тийбе! Кийлигишпе! Унчукпа!” деген сөздөрдөн куралып, чоңдор алдын ала баланын чоркок, тартынчаак адам болуусуна шарт түзүп беришет”,- дейт.
Чындыгында адамдын кандай болуп чоңоюшу, калыптанышы баары тажрыйбага келип такалат. Жашынан кандай тажрыйбага ээ болсо, келечегин да ошол калыптанган мүнөзгө, ойго алып келип камайт. Бир сөз менен жашоого оптимисттик көз карашта кароо керекпи же пессимисттикпи, эч ким айта албаса керек. Жакшысы “алтын ортону” таба алсаңыз, жеңиш сиздики.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg