ОСМОНАКУН ИБРАИМОВ, КООМДУК ИШМЕР, ЖАЗУУЧУ: “ОСМОНБЕК АРТЫКБАЕВ МАҢДАЙ ТЕРИ, ТАМАН АКЫСЫ МЕНЕН БАЙЫГАН”

Коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата козголгон кылмыш иши тууралуу өз пикирин билдирди:

– Учурда эл ичинде аткаминер болсо эле «ал сөзсүз жемкор» деген пикир абдан таралып кетти. Буга биздин массалык маалымат каражаттарынын, айрыкча ушакчы гезиттердин салымы өтө чоң. Мен, маселен, чоң кызматка баргандын баары эле ууру, жемкор же паракор деген пикирге эч качан кошулбас элем. Турдакун Усубалиев менен Апсамат Масалиевдин заманында деле паракорлор, ошону менен бирге акактай таза иштеген инсандар көп болчу. Ошол эле көрүнүш Аскар Акаевдин убагында да кайталанды.

Ырас, бир системден экинчи бир системге өткөн транзит доорунда мамлекеттин каржысын жең ичинен жеп-ичкендер 2-3 эселеп көбөйүп кеткени да чын. Андайлардын ана башында бийлик өкүлдөрү турганы да чын. Бирок ошол кризис доорунда, «жалкоолор менен аңкоолор гана уурдабаган» заманда да таза адамдар болгону кашкайган факт. Ага ишенбегендерди «ишенгиле» деп үгүттөштүн да эч бир кереги жок, анткени тарых бүт баарын орду-ордуна коюп, уурусун ууруга, тазасын тазага чыгарып келе жатат.

Башкасын коёлу, «бийликти эле бергиле, Кыргызстанды май көл менен сүт көлгө бөлөп коёбуз» дегендерди алалы. Көрсө, май көл менен сүт көлгө өздөрү гана малыныш үчүн элдин башын айлантып, 2 жолу Кыргызстандын чаңын асманга сапырышкан экен. Эң эле мыкты жана тажаал деген «революционерлердин» уят-сыйытты билбеген уурулугун, каратып туруп талаган жемкорлугун угуп да, көрүп да жатабыз.

Ошол аты аталып, «коррупционер» дегендердин арасына кошулган адамдарга да дыкаттык менен көз салсак. Мен, маселен, азыр абакта жаткан кай бир адамдар ошол Кытай банкынын кредитине кол салган деген божомолго ишене албай эле турам. Маселен, Осмонбек Артыкбаев. Мен бул жигит менен эч кандай туугандыгым да, досчулугум да, илик-чатыштыгым да жок, бирок ТЭЦтин реконструкциясындагы коррупцияга андай азаматтын тиешеси болушу мүмкүн эмес. Анткени анын таза адам, аракетчил бизнесмен экенин бери болгондо 20 жылдан бери билем. Осмонбек “элге жардам берем, карапайым элдин жашоосун өзгөртөм” деп саясатка келген. Осмонбек эч нерсе аябаган патриот ишкер. Мен билгенден кичи мекени Токтогулга тапкан каражаттарынын теңинен көбүн берип да келатат, таратып да келатат. Ал эми жердештери жардам сураса бир тыйын ыраа көрбөгөн миллионерлер канча?

Абды Сүйөркуловдун 100 жылдыгы, Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы негизинен ушул Артыкбаевдин жеке демилгеси жана жардамы менен өткөн. Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата энциклопедияны өз каражатынан чыгарып берген. Осмонбек оңдоо иштерин жүргүзүп берген мектептер, жолдор, көпүрөлөрчү? Мен аны санап отургум келбейт, анткени ал абдан узун тизме.

Азыр Осмонбек СИЗОдо, жүрөгү ооруп, башка оорулары күчөдү деп уктум. Мен укук коргоо органдарынын ишине кийлигишким келбейт, анткени алар мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон адамдар. Ошондой болсо да, кыргыздын мыкты бизнесмен уулдарынын бири абакта жатканы кейитпей койбойт. Себеби Осмонбек бизнесин бир кезде эң жөнөкөй иштен баштаган болчу. Маңдай тери, таман акысы менен байыган эле.

Азыр да ишенип турам, Осмонбектин абийири таза, ал сөзсүз акталып чыгат. Ал – атагы чыккан касиеттүү Артыкбай калпанын небереси, акча каражаты ансыз деле жетиштүү бизнесмен. Ошондуктан анын коррупцияга тиешеси болушу да мүмкүн эмес.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 830, 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан