БИР АЯЛДЫ БАКЫТТАН ЫЙЛАТСАҢ, СЕН ЧЫНЫГЫ ЭРКЕКСИҢ

Тойго бардык. Өзүм деле тойду көп жактыра бербеген кишимин, кыйылып жатып араң баргам. Үлпөт той болчу. Баары жаштарга каалоо айтып башташты. Жок, көбүнчө келинге. "Сен жакшы болсоң эле, кайненең, кайнатаң үн катпайт, ушу үйдүн эми ишенгени сенсиң. Жакшы аял жаман эркекти хан кылат, болбосо жок кылат. Кайненеңе ысык-ысык чай бер"...

Айтор, той башталгандан баштап келинге насаат. Жанында жолдошу деле отурат. Ага кайрылып койгон киши жок.Куду эркек тиги аялзатына үйлөнгөнү үчүн рахмат айтсын дегендей. Таң калдым. 19 жаштагы үлбүрөгөн бирөөнүн кызына ийинине туура келбеген жүктү үйүп жатышат. Эмнеге эркекке эмес? Деги эле эмнеге аял эле жакшы болсо баары зымга тизгендей сонун болот деп ойлошот? Адатта тост сүйлөгөндү да жактырбайм, бирок бул жолу сүйлөгүм келди. “Эмил, бул кызды алып жатасың. Эл алдында да, Кудай алдында да сага тапшырылган аманат. Мындан ары мунун ичкенине, кийингенине, балдарына, жашоосуна сен жооптуусуң. Сен жана бир гана сен! Ошого даярсыңбы? Нике бир тарап гана аракет кылса баары жакшы болуп кете турган нерсе эмес. Кышты улам-улам койгон сыяктуу эки тараптан тең аракет болгондо гана ал бекем болот. Сен бул кызды бактылуу кылышың керек!” дедим. Көбүнө жакпады.Айтайын деген оюм эки ооз сөз менен бүтүп калбасын билем. Бирок мейли...

Мен аялдар тең укуктуу болсун деп жар чакыргандан алысмын, аны далилдөө үчүн жиндилик кылышты деле каалабайм. Болгону аялдын көтөрө турган гана чакан жүгү бар экенин айткым келет. Биздин эркектер жоопкерчиликти көбүрөөк алса. Жаңы үйлөнүп жаткан учурунан тартып ошол нерсе айтылса дейм.

Тээ адамзат баласы жаралгандан тарта эки жан эриш аркак оокат кылсын деп аял күйөөнү жаратса керек. Аял – аты айтып тургандай эле “ая муну, камкордук көр, эртең менен ачынып калса жылуу жаап кой, үшүп кетсе жылыт, маңдайынан сылап жакшы сөзүңдү айт” деген маани окшойт. Күйөө! Хм, кайдан чыкты экен бул сөз? Балким, "суугуна тоңуп, ысыгына жылын, ушул адамга күй" деген мааниде окшойт.

Күйөө – жаныңды өрттөп сагындырган, энчиңдей бооруңа баскан эң жакын адамың. Ансыз төшөгүң муздак, элеңдеп ар кайсы добушка кулак төшөп, ээнсиреген жүрөгүңө ар кандай ойлор келет. Эшикти ачып киргенде ордуңдан тура калып, анын сак саламат келгенине ыраазысың. Жанагы коркуу жок, кучагында темир коргондун ичиндегидей ишенимдүү.

Күйөө – жаманыңды унчукпай ичиңе катып, жакшы жагыңды чыгаргың келген адамың. Кээде көңүлүңдү оорутса да, айрым учурда сени тебелеп-тепсеп, ар-намысыңа кол салса да, этиңди оорутуп сабаса да кечиресиң. Өзүңдү көз алдыңда актайсың. "Маанайы түшүп турганда унчукпаш керек, кокуй, ал иши жүрүшпөй жатат, азыр чыдап турайын" дейсиң. Кызык, атүгүл күйөө өз акыл-эси, эрки менен башка аялга кетсе да жан талашып актаганга аракет кыласың. "Тиги азгырды да" дейсиң. Демиш болосуң. Ичиңден, тышыңдан диалог кыласың. Өзүңдү жемелейсиң, "балким, мен ага жетишерлик көңүл бурбадым" дейсиң.

Күйөө – жетелешип баратсаң көзүң кубанат, боюң сергийт. Дүйнөдөгү бардык аялдардан өзүңдү сулуу сезесиң. Сага арнап алып келген белегин тиктеп жылмаясың. Жинди кылыктарына ичиң эзилет. Камкордугуна жүрөгүң жибийт. Жасаган тамагын мактап койсо ого бетер шыктанасың. Байкалбаган байкалган көп курмандыктарга барасың. Аттиң, ошол акталса кана?! Чын дилимден ошол ишеним акталышын каалайм, аялзат. Чын дилимден...

Мырза, эгерде ушул саптарды окуп жаткан болсоң, жубайыңды көз алдыңа алып келип бир ыраазы боло жылмайып кой. Жөн эле ичиңден ыраазы боло жылмай. Сага кылган, мындан ары да кыла турган жакшылыктары үчүн миң мертебе ыраазы бол. Майда барат “каприздерине” чыдап кой. Кээде жөн гана эркелегибиз келгенде бир нерсе ойлоп табабыз. Ал жиндилик эмес, демек, ага көңүл буруу жетишпей жатат. Сүйүү жетишпей жатканын бил.Же көңүлүңө жакпаган нерсеси болсо акырын айтып түшүндүр. Бирок көңүлүн оорута көрбө. Аа, эң негизгиси, ага кайдыгер мамиле жасаба. Капкайдагы ушакты мамлекеттик маанилүү иш сыяктуу көрүп сага айтса “аа” деп койбо. Кубаттап кой. Анткени анын табияты – сүйлөө. Эмоциясын чыгаруунун башка жолун билишпейт.

Ар дайым сулуу экенин, толук болсо да арык экенин, өтө арык болсо да келишимдүү экенин айт. Сен ансыз жашай албасыңды баянда. Кайсы бир күнү ал кыялданган нерсени сөзсүз жасаарыңды убада кыла бер. Убадаңды аткарганга аракет кыл. Сенден көп нерсенин кереги жок. Сүй, эркелет, тамагын макта, кайдыгер болбо, камкордук көр. Ал сага эки эсе жемишин берет.

Коё тургула, дароо эле башыбызга чыгып кетпейби деп чочуп кетпегиле. Турмуш бир жактуу эле эмес экени чын, ар түрдүү кыял бар экени да чын. Бирок сүйүү, мээрим берген учурда ал кайсы бир күнү баары бир сага айланып келет.

Тагдырдын кайсы бир бурулуштарында силер кезиктиңер. Демек, анын баары бекер эмес. Камчынын сабындай кыска өмүрдө бир аялды бактылуу кылдым деп өзүңө Кудай алдында отчёт берсең, анда чыныгы мырза экениң анык. Бир аялды бакыттан улам ыйлата турган болсоң, демек, сен чыныгы эркексиң. Анда сага таазим!

Акмарал

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Merelisha
2018-10-02 12:32:51
Эн тура создор... психолог эже окшойт. Жеткириптир бирок.
+13
kyrgyzka7
2018-10-02 13:15:09
Баары туура жазылыптыр.Рахмат сизге...Ушуну окуган мырзаларыбыз эми точно озгорот)))
+14
Pandora
2018-10-02 13:30:15
Кээде жөн гана эркелегибиз келгенде бир нерсе ойлоп табабыз. Ал жиндилик эмес, демек, ага көңүл буруу жетишпей жатат. Сүйүү жетишпей жатканын бил.Же көңүлүңө жакпаган нерсеси болсо акырын айтып түшүндүр. Бирок көңүлүн оорута көрбө
++++++++++++++++++++
+18
Linkin.
2018-10-02 13:54:47
сонун!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
+10
Jazhoo-soonun
2018-10-02 14:15:36
Соонун создор...наалыгым келбейт,бирок,биздин эркектеер.Тагыраагы кеебир эркектер окуса да меесине жетпет.аял кылыш,к.к. аял чыдаш к.к деген стреотип м.н жашайт биздикилер.
+18
Edelveis929317
2018-10-02 17:19:01
Биз аялдарга бир ооз жылуу сөз эле жетет,чоң белек бербесе да кичине эркелетип,мактап койсо бир ай сүйүнүп жүрөсүң.Өзүңдү бактылуу сезип "илибой"ишти кылып ийгиң келет го)))
+18
aliya-leyla
2018-10-02 23:01:27
Эн туура
+2
saza20
2018-10-03 22:12:07
Молодец! Кандай гана сонун! Только аял гана окуйтко. Эркектер окушуна козум жетпейт. Ысык суукка чыдап уй-булоо сактаган аялдарга таазим!
+2
Akylai_aktan
2018-10-03 22:49:01
Эркек аялды сыйлаш керек!Эмнеге эле ушул теманы коп козгоп калдынар кыргыз эли.Ооба сыйлаш керек , бирок аял дагы озунун ордун билиш керек.Куйоо деле сага эле окшош,анда да конул бар,аялбы , эркекпи , качан гана бири-бирине колдоо корсоткондо ортодо сый болот.Менин оюмча азыркы коомдо аялдар жаман жакка озгоруп кеткендей.Тен укуктуубуз деп эле , тапканын милдет кылмай,туурв азыр аял коп акча тапкан мезгил ,бирок кандай учур болбосун эркекти АТАны сыйлаш керек
+6
Akylai_aktan
2018-10-03 22:57:17
Балким менин чойромдогу эркектер боорукер болгондуктан эркектерди жаман коро албасам керек.Биринчи эле коз алдыма атам келет , омур бою бизди багам деп , колунан келбесе да аракетин жумшаган.Анан байкелерим , эч бир адамдын конулун оорутпаган , эч кимге жамандыгы жок,
куйоом ишенгеним , уулум -келечегим. Кантип бул адамдарды жаман дегим келсин.Аялдар канча чычаласанарда уйдо эне акылман,кечиримдуу болуш керек.Бул кийинки келечек учун.
+6
cfif03748
2018-10-04 11:02:56
Akylai_aktan,кандай аял тууду экен. Сендей акылдуу жанды. Ата-энене рахмат
+4
tattusha
2018-10-04 13:30:04
даа молодец, менин куйоом окуса соонун болмок да..., ал учун газетаны сатып алыш керек )))
+5
Jakjakynas
2018-10-05 08:04:32
Бул эженин башынан кооп нерсе откон болсо керек. Ошого чындыкка таянып эркектерге жазып атат. Бирок чындыгында ушундай дал ушундай. Жашоодо аялына кам коргон эркек аздай сезилет. Бул темада. Бул кээ бир эркектерге ачуу чындык. Мойунуна эчнерсени алгысы келбейт.
+2
faraon312
2018-10-08 00:34:25
Кечинде келинчегим экөөбүз чарт-чурт этип кеттик эле.. Бул маалымат ансыз да тызылдап турган көңүлдү өрттөп жиберди. Таарынышкандан кийин бир канча убакыт өткөн соң акырын артынан барып кучактап, имере тартып маңдайынан сүйсөң жашооң заматта өзгөрүп, жеңилдей түшөсүң... Эх, жашоо... Таарынышпай жашаганга бар аракет кыласың, бирок баары бир турмушта өйдө ылдый болот тура... Жашоо - аба ырайы сыяктуу... Көңүлдөр оорубасын... Баарыңарга бакыт каалап, бир алсыз пенде...
+2
dina
2018-10-09 00:22:17
Могуну окучу десен "ээ койчу аны бир зериккен аял жазды да, озуно окшогон зериккен бир нерселерди таап алып эле оку деп кыйнай бербей, мэ алчы баланды" деди))
0
talaa11
2018-10-15 00:29:54
Эх келинчегимди сагынып кеттимго
0
№ 830, 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан