(Башталышы өткөн сандарда)
Айсулуу Айназикти таң кала карады. Мунун эмне мынча көңүлү жайдары? Катуу кубанып алган. Көздөрү күлмүңдөйт. Эмне ойлошун билбей турду. Кызын мурда мындай көргөн эмес.
– Айназик?- жаагын таянып алып сыртты тиктеп бир кайрыкты мурду алдынан кыңылдап жаткан кызын суроолуу тиктеди.
– Сен башкача боло түшүпсүң го?
– Кандай башкача?
– Сени мурда мындай көрбөптүрмүн. Менден эч нерсе жашырып жаткан жоксуңбу?
– Жо-ок.
– Мектепте жакшыбы баары?
– Ооба.
– Сен таптакыр Азамат тууралуу сүйлөбөй калдың эле го?..
– Мен аны сагындым. Атам жөнүндө эми сүйлөй бергенге болот да. Тимур байке жок да.
– Азамат сенин атаң эмес. Сенин атаң Тимур.
– Ыкы. Менин атам Азамат,- кыз таарына түшкөндөй. Отурган ордунан туруп коңшу бөлмөгө кабагын түйгөн бойдон кирип кетти. “Эмне, Азамат келгенби?” түпөйүл ой жаралды, бирок “жок, келмек эмес. Унутту да” деген ой жеңди. “Мына, өз балдарын таштап, башканын этегин кармап кетип жатышат, анан бирөөнүн баласы үчүн миңдеген чакырым басып өтүп бирөө келеби?” деди ичинен. Бир эсе Айназиктин Азаматты унутпай жүргөнүнө таң калды. Кичинекей кыздын акыл-эсинде, жүрөгүндө ата катары сакталып калуу көбүнүн колунан келбесе керек.
ххх
– Назик, фокус көрсөтөйүнбү?- Айбек сырттан кирип келип эле жубайын чакырды.
– Эмне болгон фокус?- тамак жасап жаткан экен, эт туурап жаткан бычагын көтөрүп кире беришке чыга келди.
– Тада-ам. Азамат, сүйлөп кой, кана?
– Жөн турчу,- деди Азамат ыңгайсыз боло.
– Эй!- Назиктин көздөрү тостоё түштү.
– Мына фокус. Бул сүйлөп калды.
– Кантип?
– Билбейм, Айназикти көргөндө эле сүйлөп калды.
– Оо, Кудай. Ушундай да болот бекен, ээ?
– Болду антип карабагылачы,- Азамат жылмайып, жуунуучу бөлмөгө кирип кетти.
– Кантип сүйлөп калды?- Назик жанагындай эле көзү тостойгон калыбында турат.
– Буга чейин жөн гана сүйлөгүсү келбептир. Мага ушинтип түшүндүрдү. Билесиң го, мүнөзү бир сырдуу неме. Мен да таң калып бүтө элекмин. Элестетсең, 3 жылдан ашык сүйлөбөй коюу. Кантип жинди болуп кеткен эмес? Таң калам.
ххх
– Кантип ушунча убакыт сүйлөбөй жүрдүң?- Назик чыдабай сурап жиберди.
– Билбейм. Кайсы бир убакта толтура сыноо башыма үйүлүп калды. Апамдан айрылдым, кызымды алып кетишти, түрмөгө отуруп калдым. Сүйлөбөй эле коюуну чечтим. Башымда болсо кызыма барышым керек деген ой жашап жатты. Ошол ой күч берди окшойт. Ошол ой алаксытты. Андан башка нерсенин кереги жок болуп калды. Башкача айтканда, сөздөр мага керексиз эле үн болуп калды. Унчукпас болуп алдым. Эч ким менин башыма, ойлорума кирбей калды. Мага ошол ыңгайлуу болчу. Анын үстүнө эгер сүйлөсөм менде толтура көйгөй болмокпу дейм.
– Таң калтырдың. Бирок, Азамат, ачык айтканда, ал сенин кызың эмес да. Үйүңдү өрттөп качып, эмнеге ал үчүн ошончо азап тарттың? Сен дагы үйлөнмөксүң, дагы балалуу болмоксуң. Айназик өз жолу менен чоңоймок. Антип чоңоюп жаткандар канча дейсиң? Анын үстүнө сен Айназикти таптакыр кичине кезинде алып качтың, ошондо берип койгондо сени эстемек да эмес эле го?
– Ушундай сөздөр айтыларын билип туруп мен сүйлөгөн эмесмин,- Азамат күлүп койду. Анан саамга ойлонуп туруп “Мен атамын, Назик. Атамын. Калган сөздөр ашыкча” деди ишенимдүү.
ххх
Айназик өз партасында отуруп алып берилүү менен сүрөт тартып жатты. Анын мугалими Любовь Михайловна аны кызыгуу менен карап турду. Көздөрү бажырайган бул кыз бүгүн өзгөчө бактылуу экенин ал класска кирип келгенде эле сезген.
– Аня, сенин сүрөтүңдү көрсөм болобу?- деди жагымдуу үн менен мугалим.
– Мм,- баш ийкеди кыз.
– А бул сүрөттө ким?
– Атам, анан мамалак. Алар келишти. А бул жерде болсо мен аларга чуркап бара жатам.
– А сенин атаң алыста беле?
– Ии. Ошон үчүн чуркап бара жатам да ага. Кучактайын деп. Сагынган болчумун.
– А эмнеге Азамат деп жазылуу?
– Атам Азамат да.
– Сен Тимуровнасың го?- сураарын сурап алып кайра ыңгайсыз болуп кетти.
– Эми Азаматовна болом. Атам келди да. Эми мага Азаматовна деп кайрылсаңыз болот,- Айназиктин бул жообун орус мугалим көп деле түшүнө алган жок. Ал сүрөттү карады. Адамдын сөлөкөтүнө окшош бир чийимдер турат. Бул сүрөттү тартуу үчүн абдан аракет кылганы көрүнүп турат кыздын.
ххх
Кыз мектептен чуркап чыгып эле айланасын карады. Көз менен издеп барып арыраакта турган атасына чуркап жөнөдү. Атасы күрөң мамалакты алып келиптир бүгүн да. Чуркап келген кызын Азамат так көтөрүп бетинен сүйдү.
– Жаным десе. Берекем менин. Кандай гана сонунсуң!
– Көрдүңбү муну?- кыз колундагы ак баракты көрсөттү.
– Оо, бул мен экенмин. А бул болсо мамалак го, ээ?
– Туптуура.
– Сен ал жомокту унуткан жоксуңбу.
– Жо-ок.
Булар минтип бири-бирин жакшы көрүүгө, мээримге толгон көздөрү менен тиктешип турганда аларды мектеп терезесинен Айназиктин мугалими карап турган. Жана эле өзү көргөн Айназиктин сүрөтүндөгү мамалак кармаган атасын ал тааныды. Бир топко алардын божурашып турганын кызыга карап турду. Анан эмнегедир чочулап кетти. Журналды алып чыгып, Айназиктин апасынын телефонун терди.
– Ася, саламатсызбы? Бул мен Айназиктин эжекеси.
– Аа, Любовь Михайловна, саламатсызбы?
– Мен сизден бир нерсени сурайын дегем. Бүгүн Айназикке бир мамалак көтөргөн адам келди. Экөө аябай жылуу учурашышты. Ал анын атасыбы? Кыязы, кыз аны тааныйт окшойт.
– Жок. Ал атасы эмес! Любовь Михайловна...
Мугалим Айсулуу сүйлөп бүткөнчө күткөн жок. Телефонун коё сала сыртка чуркап жөнөдү. Мындайда кадам да шилтенбей калат экен. “Кароолчулар кайда?” деп кыйкырып бара жатты ал. Мектептен чыкканда эле безилдеп чуркап келе жаткан Айназикти көрдү.
– Ким? Ким ал? Аня, сага эч нерсе деген жокпу?- коркконунан калтырап калыптыр.
Айназик түшүнбөй калды. Мугалиминин көз карашынан чочуп кетти.
– Ал менин атам.
– Жок, антпе. Мен апаңа чалдым. Сен менин жүрөгүмдү түшүрүп салдың. Кайда кетти ал? Милицияга чалуу керек.
– Жок-жок, Любовь Михайловна, антпеңиз. Ал менин атам. Сиз эмне апама чалып жибердиңизби?
– Ооба. Тентек кыз, ал сенин атаң эмес турбайбы? Ким ал, айт? Эмне деп алдады? "Оюнчук берем" дедиби? "Таттуу берем" дедиби?
– Ал менин атам, Любовь Михайловна, апама бекер эле чалдыңыз да. Эми ал бизди көрүштүрбөй коёт,- кыз ыйлайын деп калыптыр. Эжекеси эми түшүнгөндөй болду. “Бул кыздын ата-энеси ажырашып, анан ата байкуш жашыруун көрүшүүгө келет окшойт” деп болжоду.
– Менде башка арга жок болчу, Аня. Мен сенин атаңды тааныбасам. А балким, башка адам алдап алып кетип калсачы сени? Апаңа сендей сулуу кызды мен кантип таап берем?- мугалим жароокерлене сүйлөдү.
ххх
Айсулуу мектепке чуркап кирип келди. Кире бериште отургучта Айназик менен мугалими отуруптур.
– Ким ал? Азамат келдиби?- Айсулуу тим эле Айназикти азыр колунан тарттырып жиберчүдөй коркуп алыптыр.
– Мен сага эч нерсе деп айтпайм,- кыз ыйлап жиберди. “Эми атамды дагы көрсөтпөй коюшат” деди ичинен. Ушул ой аны кадимкидей ыза кылып жатты.
– Мен билгем. Сезип жаткам. Айназик, ал сени алып кетип калса мен кантем? Кана, айтчы, ал келдиби сага?- Айсулуу да көзүнөн жаш тегерене сүйлөдү.
– Мен эч нерсени айтпайм. Эмнеге силер атамды жаман дейсиңер? Силер өзүңөр жамансыңар,- кыз ыйлап жатты.
– Ася, өзүңдү карма. Биз экөөбүз анан телефондон сүйлөшөлү. Мен басайын. Силер да үйүңөргө баргыла,- мугалим ордунан туруп жатып “мен сага анан айтып берем” дегендей көз ымдап койду.
– Жүрөгой, кызым,- Айсулуу кызын колунан жетелемекчи болду. Колун булкуп тартып алган Айназик таарынган түр көрсөтүп, кабагы салыңкы бойдон сыртка бет алды. “Келген экен” деди ичинен. Колдору калтырап чыкты. Эми кантет? Милицияга кайрылуу керекпи? Кайрадан муну уурдап кетсечи?..
(Уландысы кийинки санда)