"БАКАЙ БАНК" НАКТАЛАЙ ЭМЕС ТӨЛӨМДӨР БОЮНЧА КЫЗМАТТАРДЫ ӨНҮКТҮРӨТ

“Бакай Банк” ААКсы Кыргыз Республикасынын накталай эмес төлөм жана эсептердин үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны активдүү колдоп, өзүнүн кардарларына банк өндүрүмдөрүнүн түрлөрүн сунуштайт.


БАНК КАРТЫ МОДАДА

Накталай эмес эсептешүү – бул накталай акчаларды колдонбой жүргүзүлгөн төлөмдөр.

Ага:

• Банк карты

• Интернет-банкинг

• Мобилдик банкинг

• Электрондук капчыктар (акчалар) кирет.

Бүгүнкү күнү банк картын дүйнөнүн каалаган банкынан алууга болот. “Бакай Банк” эсеп карттарын алуу үчүн кардарларына ыңгайлуу шарттарды сунуштайт.

Эмнеге “Бакай Банктын” карттары?

• Төлөм жүргүзүүдө комиссия алынбайт;

• 100дөн ашуун банкоматы бар;

• Дизайны заманбап жана стилдүү;

• Карт адаттагыдан эки эсе ишенимдүү корголгон;

• Көптөгөн компанияларда арзандатуулар каралган;

• Дисконттук программа боюнча 2ден 100 пайызга чейин каралган;

Аталган банк карттардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, учурда ал үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатат. Алсак, пластик картты колдонуу жөнүндөгү аракеттер боюнча кардар ар убак кабар алып тура алат. Муну менен картка тиешелүү кандай аракеттер жасалганын эле билбестен, эсепте калган калдык боюнча да маалымат алууга болот. Алдамчылык боюнча шек жаралган учурда же картты жоготуп алганда банкка кайрылып, картты андан ары колдонууга бөгөт коюп койсо болот. Ошондой эле каалоочуларга карттын ПИН-кодун алмаштыруу кызматы каралган.

НАКТАЛАЙ ЭМЕС ТӨЛӨМДӨРДҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

• Убакыт үнөмдөлөт;

• Колдонууга ыңгайлуу;

• Коопсуз;

• Жеткиликтүү;

• Мобилдүү;


БАНКОМАТ АРКЫЛУУ АКЧА КОТОРСО ДА БОЛОТ

Үстүбүздөгү жылы “Бакай Банк” ААКсы кардарлардын ыңгайы үчүн каражатты бир карттан экинчи картка банкомат аркылуу которуу кызматын ишке киргизди. Ал үчүн кардар кабыл алуучунун картынын номерин жана анын мөөнөтү бүткөн-бүтпөгөнүн гана билүүсү керек. Анан өзүнө жакын банкоматка барып акча которо берсе болот.

Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан демилгеленген жана Кыргыз Республикасынын бардык банктары тарабынан колдоого ээ болду.

Программа коё берилген учурдан тарта Элкарт улуттук төлөм системи жана Бирдиктүү банктар аралык иштетүү борбору түзүлгөн. Муну менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктар менен биргеликте мамлекеттик деңгээлде жаңы кызматтарды жана накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн заманбап түрлөрүн сунуштоону камсыз кылды. Бул программага коммерциялык банктар эле эмес, өлкөбүздүн мамлекеттик мекемелери да колдоо көрсөтүүдө.

Мисалга, “Пенсионердин карты”, “Бюджеттик каражаттарды алуучу карт”, “Банктык карттарга коомдук төлөмдөр” деген сыяктуу долбоорлор Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте ишке ашууда.

ПЕНСИОНЕРЛЕР ҮЧҮН ЖАКШЫ ШАРТ

“Мындай долбоорлордун жардамы менен пенсионерлер мурдагыдай болуп почтанын алдында кезек күтпөйт. Болгону Кыргыз Республикасынын Социалдык фондундагы реквизиттерин берип “Бакай Банктан” пенсиянын которулуп турушу үчүн эсеп ачып коюусу жетиштүү. Банк Социалдык фонд менен атайын келишим түзгөндүктөн жана “Пенсионердин карты” боюнча кызмат көрсөтүүлөр бекер жүргүзүлгөндүктөн бул кызмат пенсионерлер үчүн ыңгайлуу”,- дейт “Бакай Банк” ААКсынын төлөм системдери боюнча башкармалыгынын башкы адиси Айжан Кылычбекова.


НАКТАЛАЙ ЭМЕС ТӨЛӨМ ЖҮРГҮЗҮП БЕЛЕКТЕРГЕ ЭЭ БОЛ!

Накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүдө кардарларга стимул берүү максатында “Бакай Банк” ААКсы банк төлөм карттары боюнча ар кандай акцияларды өткөрүп келет. Жакында компаниянын 20 жылдыгына карата дагы бир акция ишке киргени турат.

Бул акциянын максаты – банк карттарынын ээлерин накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө чакыруу. Аталган акция тууралуу Айжан Кылычбекова: “Накталай эмес төлөмдөр – коопсуз эле эмес, пайдалуу дагы. Анткени кардар акчасын карттан накталай алууда да, төлөм жүргүзүүдө да кошумча акы алынбайт. Анын үстүнө ким накталай эмес негизде ири суммадагы соода кылса, аларды жагымдуу белектер күтөт”,- дейт.

ЖАҢЫЛАНУУ. ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК

Карт менен жүргүзүлгөн негизги насыялардын бири – овердрафт. Овердрафт – бул насыя алуучу колдоно ала турган кыска мөөнөттүү насыя.

Негизинен ал маяна долбооруна кошулган компаниялардын кызматкерлерине берилет. Андан тышкары “Бакай Банк” – коммерциялык банктардын ичинен биринчилерден болуп картка берилүүчү насыянын жаңы түрү – инстоллментти ишке киргизди.

Инстоллмент – банктын кардары өзүнүн карызын бирдей өлчөмдө төлөй ала турган насыя түрү. Мындай насыя түрүнүн өзгөчөлүгү – соодага сарпталган каражаттын карттын балансына кайтарылганында.

Накталай эмес төлөмдөрдүн мүмкүнчүлүктөрү:

• Кызматтар жана сатып алуулар үчүн төлөм жүргүзүү;

• Насыяны заматта төлөө;

• Коммуналдык төлөмдөр, телефондун балансын толтуруу сыяктуу кеңири тараган кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү;

• Дүйнө жүзү боюнча интернет-дүкөндөрдөн соода кылуу;

• Бир эсептен экинчи эсепке же бир карттан экинчи картка акча которуу;

НАКТАЛАЙ ЭМЕС ТӨЛӨМ ЖҮРГҮЗҮП БЕЛЕКТЕРГЕ ЭЭ БОЛ!

Накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүдө кардарларга стимул берүү максатында “Бакай Банк” ААКсы банк төлөм карттары боюнча ар кандай акцияларды өткөрүп келет. Жакында компаниянын 20 жылдыгына карата дагы бир акция ишке киргени турат.

Бул акциянын максаты – банк карттарынын ээлерин накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө чакыруу. Аталган акция тууралуу Айжан Кылычбекова: “Накталай эмес төлөмдөр – коопсуз эле эмес, пайдалуу дагы. Анткени кардар акчасын карттан накталай алууда да, төлөм жүргүзүүдө да кошумча акы алынбайт. Анын үстүнө ким накталай эмес негизде ири суммадагы соода кылса, аларды жагымдуу белектер күтөт”,- дейт.

ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫКТАР – ЗАМАНДЫН ЖАҢЫ АГЫМЫ

Мындан тышкары “Бакай Банк” ААКсы накталай эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөргө өтүү мамлекеттик программасын колдоонун алкагында интернет-банкинг жана мобилдик тиркеме аркылуу ишке аша турган мобилдик-банкинг продукттарын ишке киргизди.

“Интернет-банкинг жана мобилдик-банкинг финансы-кредиттик мекемелердин кызматы болуп саналат. Ал эми электрондук капчыкты банк секторунан башка төлөм системдери да иштетиши мүмкүн”,- дейт электрондук коммерция бөлүмүнүн башчысы Дильгер Койлубаев.

Акыркы жылдары өлкөбүздүн рыногуна кирип, өз кызматын сапаттуу деңгээлде көрсөткөн бир нече электрондук капчыктар иштеп келүүдө. “Бакай Банк” ААКсы электрондук акча берүү үчүн Улуттук банктан лицензия алган. Уруксат кагаз алынган соң банк “Бакай Элсом” деп аталган электрондук капчык боюнча долбоорду ишке киргизген.

“Аталган продукт накталай эмес эсептешүү жана төлөм жүргүзүү дүйнөсүндө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул финансылык аракеттерди жүргүзүүдө жана кызматтарды төлөөдө ыңгайлуу келип, бир канча ишти жеңилдетет. Электрондук капчыкты колдонгондор төлөмдөрдү онлайн режимде жүргүзүп, ал эле эмес электрондук капчыктардын арасында акча которууларды аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ”,- дейт Койлубаев.

Анын айтымында, электрондук капчыктын жардамы менен 200дөн ашуун кызматтар үчүн төлөм жүргүзсө болот. Дагы бир баса белгилей кете турган жагдай – бул электрондук капчыктан банктык эсепке акча жиберип жана кабыл алуу кызматы иштейт. Ошондой эле электрондук капчыктын жардамы менен насыя төлөсө болот.

“Бакай Банк” ААКсы накталай эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөргө өтүү программасынын алкагындагы жасаган аракеттери менен токтоп калбастан, мындан ары да өзүнүн кардарлары үчүн төлөм жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгып, сунуштай бермекчи.

"Бакай Банк" ААКсынын башкы кеңсесинин дареги: Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 77

Телефону: 0312 61 00 61,

Чөнтөк телефондон чалуу: 6111

WhatsApp номери 0554 00 61 11

Сайты: www.bakai.kg

КРУБнын лиц. №043

Алтынай Тынышова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 830, 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан