Кайсы бир кылмышка шектелип укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган адам сот бөгөт коюу чарасы боюнча чечим чыгаргыча убактылуу кармоочу жайга камалат. Кармалгандардын айрымдары милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолорго туш болгонун айтып келишет. Бул сапар “Көз карандылыкка каршы Борбор Азиялык альянс” уюму өткөргөн "Кыйноолордун жыйынтыгынын баасы" долбооруна катышкан адамдардын убактылуу кармоочу жайда кандай кыйноолорго туш болгону тууралуу окуяларга орун бермекчибиз. Каармандардын каалоосу менен аты-жөнүн, окуя кайсы шаарда болгонун жазган жокпуз.
“КАНДАЙ ЖОЛ МЕНЕН БОЛБОСУН, МОЮНУНА АЛДЫРГЫЛА ДЕДИ”
“Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип кармалып, күнөөсүз эле 7 жылдык өмүрүмдү темир тор артында өткөрдүм” деген 47 жаштагы Мавлюда айым төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул каргашалуу окуя 2010-жылдын июнь айында болгон. Күндүзгү саат 10дор чамасы болчу, мен жумуштарым менен коңшу өлкөгө барып келип, үйгө барайын деп автобекетте турганымда милиция кызматкерлери келип кармап кетишти. РИИБге алпарып, бир кабинетке киргизишти да, 10дой кызматкер тегеректеп алып ар кандай суроолорду бере башташты. Эч нерсени түшүнбөй калдым. Көрсө, мени менен чогуу иштеген кесиптештерим массалык баш аламандык уюштурууга шектелип кармалышкан экен. Аларга кошуп мени да күнөөлүү кылып коюшту. Мен эч нерсе кылбаганымды кайталай бердим. Бир опер кызматкер “эгер моюнуңа албасаң, аял экениңе карабайм” деп коркута баштады. Кылбаган күнөөнү эмнеге моюнума алышым керек?
Сөздөн ишке өттү “эркектер”. Эшиктен кара дубинка көтөргөн бир адам келди да, аны менен колу-бутума 5-6 жолу чаап жиберди. Баары бир күнөөнү моюнума албай койдум. Ошондо алардын бири “Эмне карап турасыңар?! Кандай жол менен болбосун, моюнуна алдыргыла” деди. Ошентип кечки 9га чейин улам бири келип кезектешип сабай беришти. “көгөрчү жерлерине чаппагыла” деп бири-бирине үйрөтүп коюшат. Бир маалда “кислородун буугула” дешти да, башыма 2 целлофан баштыкты кабаттап кийгизип муунта башташты. Аба жетпей эсимди жоготкондо суу чачып жатышкан...
“ЧЫДАЙМ ДЕП ОЙЛОДУМ, БИРОК ЧЫДАБАДЫМ”
– Кечки саат 9дарда шаардык прокуратурага алып барышты. Бирок мага карата ал жактын кызматкерлеринин да мамилеси өзгөргөн жок, тескерисинче, эми шылдыңдоого өтүштү. Мен өмүрүмдө аялга карата ушундай ыплас сөздөр айтыларын уккан эмесмин. Менин ишимди жаш прокурор жигитке беришти. Ал “эгер моюнума алам деп жазып бербесең, сени атып салабыз да, качып кетүүгө аракет кылды деп ишти жаап коёбуз. Өзүңдөн көр” деди. Мен акырына чейин чыдайм деп ойлодум, бирок чыдабадым. Адамды адам ушунчалык кыйнай аларын ошондо көрдүм. “Балдарыңа “апаңар бузулган аял” деп айтабыз. Алар өмүр бою башын көтөрө албай жашашат” деп балдарыма да асылышты. Кыйнап ар кандай документтерге кол койдуруп алышты. Эмне документ деп караганга шайманым жок болчу, башкысы, жанымды коюшса болгону деп ойлодум. Анан убактылуу кармоочу жайдагы камерага алып келишти да, болгон күчү менен тепкилеп салышты. Денемде соо жер жок эле...
“АЗЫР БАЛДАРЫМ МЕНЕН БИРГЕБИЗ, БИРОК ОРТОДО ЖАРАКА БАР”
– Сотто менин үнүмдү уккан адам болгон жок. 20 жылга кесилдим. Жактоочуларым чуркап жүрүп, Жогорку соттон 9 жылым кыскартылып, 11 жыл жаза өтөмөй болдум. Кайсы күнөөм үчүн 11 жыл? Амнистияга кабылып, 7 жыл түрмөдө отуруп чыктым. Мени кармаган учурда улуу балам 18де, кызым 11де, кичүү уулум 6 жашта болчу. Мени түрмөдөн 25 жаштагы керилген жигит, 18 жаштагы сулуу кыз жана 13 жашка чыккан өспүрүм тосуп алды. Мен балдарымдын кантип чоңойгонун, кандай маселелерге туш болгонун, аларды кантип чечишкенин, кандай ийгиликтерди багынтышканын билбей калдым. Ооруганда жанында болуп маңдайынан сылаган жокмун, жыгылганда чуркап барып тургузган жокмун, ыйлаганда соороткон жокмун. Түрмөдө балдарымдын жанында өтө турган 7 жылдык өмүрүм уурдалды. Ден соолугум уурдалды. Келечекке болгон үмүтүм уурдалды... Психологиялык жактан калыбыма келемби, келбеймби, бир Кудай билет. Азыр балдарым менен биргебиз, бирок ортодо кандайдыр бир алыстык, жарака бардай сезилет.
“ТҮРМӨДӨН ЧЫККАНДАН КИЙИН БААРЫН КАЙРАДАН ҮЙРӨНҮШ КЕРЕК ЭКЕН”
– Түрмөдөн чыккандан кийин бардык нерсени кайрадан үйрөнүш керек экен, жадакалса адамдар менен мамиле түзгөндү да. Баары жаңы, баары чоочун... Өзүмө эч нерсе дебесе да, айланамдагылар колу менен көргөзүп, “сен чыккынчысың” деп жаткандай сезиле берет.
Өзүмдүн шаарымда тааныш адамдардын арасында жашай албай, башка шаарга көчүп кеттим. Жумуш издеп канча жерге бардым, бирок мага окшоп соттолгондор үчүн көп эшик жабык экен. Эптеп жумушка орношуп алсам, ден соолугума байланыштуу жумушумду жасай албай калып кожоюндар кетирип жиберишти. Азыр күнүнө 300 сом алган жумушта иштейм. Албетте, бул акча менен бирөөнү эмес, өзүмдү да бага албайм, бирок үйдө бекер отуруп балдарыма жүк болгум келбейт.
“АДИЛЕТТИК ИЗДЕБЕЙ ЭЛЕ, КАДИМКИ ЖАШООМДУ УЛАНТЫП КЕТКИМ КЕЛЕТ”
"Милиция кызматкерлери тарабынан сабалып оорукчан болуп калдым" деген 34 жаштагы Каниет да башынан өткөн окуясын айтып берди:
– Бир жылдан бери бизди сабаган милиция кызматкерлери менен соттошуп келебиз. Бирок жыйынтык жок. Кээде адилеттик издебей эле баарына кол шилтеп, кадимки жашоомду улантып кетким келет.
Бул окуя былтыр болгон. Агам экөөбүз саунада эс алып, бир аз ичимдик ичкен элек. Мас абалыбызда саунанын кызматкерлери менен уруша кеттик эле, алар милиция кызматкерлерин чакырышты. Милиция кызматкерлери келишти да, эч бир сөзгө келбей агам экөөбүздү сабап, колубузду байлап РИИБге алып кетишти. Убактылуу кармоочу жайдын камерасында каалашынча ур-тепкиге алышты. Денебизде тамтык жок, көпкөк эле. Эртеси эртең менен мени бутум сынган абалда коё берип, агамды дагы 5 суткага камап коюшту. Мени ошондой абалда 50 жаштагы апам алып кетти. Баласынын көпкөк болуп сабалганын көргөн эне үчүн оор болсо керек. Апама баарын түшүндүрүп бердим. Шаардык ооруканага барып бутума гипс салдырдык да кетип калдык, башка ооруган жерлеримди текшерткенге акча жок болчу.
“ЭКИ БӨЙРӨГҮМӨ ТЕҢ ДОО КЕТИП, КАБЫРГАМ, ЖОТО ЖИЛИК СЫНГАН ЭКЕН”
– 2 күндөн кийин өзүмдү жаман сезип, апам мени кайра ооруканага алып барды. Баш мээм чайкалып, эки бөйрөгүмө тең доо кетиптир, кабыргам, жото жилик сынган экен. Милиция кызматкерлеринин “белегинен” кийин 2 жарым ай төшөктөн турбай жаттым. Үй-бүлөм мени дарылатабыз деп карызга батты. Аялым 3 баламды карап үйдө эле, эң кичүүбүз 3 айлык болчу. Үйдө уруш-талаш көбөйдү, аялым күндө ыйлайт, “ажырашам” дейт. Биздин үй-бүлөнү апам сактап калды окшойт, акча таап келет, мени карайт. Аялым баламды апама таштап жумушка чыкты.
“БИРӨӨ МЕНЕН УРУШКАНЫМДЫН БААСЫ УШУНЧА КЫМБАТ БЕЛЕ?”
– Жакындарымдын кыйналганын көрүп мен өзүмдү күнөөлүү сезем. Бирок мас абалымда бирөө менен урушканымдын баасы ушунча кымбат беле? Аларды урбасам же мүлкүн талкалабасам? Мен күнөөмдү моюнума алам. Бирок кандай күнөө кетирсем да, аны мыйзам менен чечип, тиешелүү айып пул салса өзүм иштеп төлөмөкмүн го, чала жан кылып салгыча сабабай. Үй-бүлөмдү курулушта иштеп бакчумун, сабалгандан кийин 9 ай оор жумуш кыла алган жокмун. Азыр калыбыма келип, кайрадан курулушта иштеп жатам.
Прокуратурага милиция кызматкерлери бизди кыйнаганы боюнча арыз жазсак, ал кызматкерлер бизге кол салган деп кайра арыз жазып, кайра бизге кылмыш ишин козготуп коюшту. Бизди сабаганы боюнча бир дагы күбө же далил жок экен, баарын жаап коюшуптур.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg