Казат Акматовдун “Мунабия” аттуу чыгармасын көпчүлүк окурмандар окусак керек. Бир эркек үчүн өмүр бою турмушка чыкпай жүрүп өткөн аялдын сүйүүсүн даңазалаган чыгарма эми тасмага айланып, эл аралык “Киношок” фестивалында Гран-прини жеңип алды. Аны тарткан режиссёр Таалайбек Кулмендеев менен маек курдук.
– Агай, “Мунабияны” тартууга эмне түрткү болду?
– Мен көп жыл жетекчилик жумуштарда иштеп жүрдүм. “Кино үйүндө”,“Кыргызфильмде” жетекчи болуп калдым. Кино тармагында 1990-жылдардан бери жүргөнүм менен, чыгармачылыкка жакшы деле аралашканга мүмкүнчүлүк болгон жок. “Мунабия” менин дебюттук тасмам.
– Жазуучу Казат Акматовдон макулдук алдыңыз беле?
– Казат абама жолукканда ал киши “эмнеге муну тасма кылып тарткың келип жатат?” деп сурады. Мунабиянын сүйүүсүн айтпай туруп эле, мен муундардын кагылышы тууралуу айттым. “Мисалы, мен атама жасаган мамилемди уулумдан көрө албайм. Атамдын айтканы биз үчүн мыйзам болсо, азыркы муун үчүн, биздин балдарга такыр андай эмес” дедим. Агай менен бир топ баарлашуудан кийин ал мага уруксатын берди. Чыгарма турмуштан алынган экен. Сталиндин убагы болсо керек, Бостери айылына карачай улутундагы адамдарды көчүрүп барышкан экен. Убакыт өтүп алардын кайра кетүү учуру келет. Бирок алардын арасынан бир аял калып калат. Өңдүү, түстүү да болсо керек. Айылда ал тууралуу ушак-айың кеп болот. Билип билбей “ал бузулган аял экен, ал антиптир, минтиптир” дей беришет. Көрсө, ал байкуш бир кыргыз улутундагы эркекти сүйүп калып, туугандары менен кошо кетпей, жалгыз калган экен. Эч бир эркекке төшөгүн ачпай, балалуу болбой өтүп кетиптир. Ошого таасирленип анан "Мунабияны" жазып чыгыптыр.
– Азыркы учурда Мунабиялар барбы? Кандай деп ойлойсуз?
– Ал кезде Совет доору болчу, Жанузак Мунабияны экинчи аял кылып ала алмак эмес. Муну азыр дин оңой эле чечип берип койбодубу. Экинчи же үчүнчү аял кылып алып жатышпайбы. Мен аялдын баарынан баш тарткан чоң сүйүүсүн бергим келген. Айрымдар “эми тасма тартып коюптур да” деп теңсинбегендей мамиле кылышты. Бирок мен айтайын деген оюмду айта алсам керек. Фильмдин дүйнөлүк премьерасы Корея Республикасынын Пусан шаарында болуп өттү. Башка долбоор башталганына байланыштуу башка деле фестивалдарга катышпай эле коёлу дегенбиз. “Киношокко” жибергенде деле жеңерине ишенген эмесмин. Жеңди! Сыйлык мага болгону менен, сыймыгы кыргыз киносуна болду.
– Классикалык чыгармага дасыккан актрисаны тандайсыз го деп ойлогом. Мунабиянын ролуна ырчы Гүлзинат Суранчиеваны тандаганыңызга таң калдым...
– Ролго Гүлнур Сатылганованы, маркум Гүлбү Ороскул кызын, дагы көптөгөн чыгармачыл инсандарды чакырып сүйлөшүп көргөм. Максатым – Мунабияга дал келгендей образды жаратуу эле. Өзүмө койгон тапшырма боюнча, кино башталгандан тартып көрүүчү Мунабияны шуркуя, бузуку катары көрүп, тасманын аягында, Жанузакка кошок кошуп келген учурунан баштап көрүүчүнүн пикири өзгөрүп, “жок, бул аял андай нерсеге бара албайт” деген жылуу сезим пайда болушу керек эле. Гүлзинаттан Мунабияны көрө алдым. Андан тышкары Мунабиянын жаш кезин актриса Мээрим Атантаева ойноду. Мен ойлойм, экөө тең Мунабиянын образын жеткире аткара алды.
– Кино тармагына кантип келип калдыңыз?
– Мектепти кызыл аттестат менен бүткөм. Аскердик кызматта жүргөндө кытай тилин окутуп үйрөтүштү. Тилди жакшы өздөштүргөндүктөн дипломат болом деп ойлогом. Москвага окуу жайга тапшырып өтпөй калып, ошол жакта туруп калдым. Туугандарымдын бири кино жаатында эмгектенгендиктен “жумушта балдар жетишпей жатат, эки айдай иштеп бербейсиңби? Тыйының да болуп калат” деп сунуш кылды. Жардам берип жүрүп кызыгып, аралашып, сиңип кеттим. Кийин Италиядагы киноакадемияны бүтүп келдим. 5 жыл Италияда жашадым. Кайтып келгенден кийин кайрадан кино жаатына аралаштым.
– Учурда кыргыз киносу оор уйкудан силкингендей сезилүүдө, кандай дейсиз?
– Мурун технология башка эле, киноплёнканын метри 3 доллардан ашык турчу. Тасма тартуу тозок иш болчу. “Курманжан датканын” тартылышы улуттук кинонун тарыхында техникалык прогресске себеп болду.
Жакшы техникалык база түзүлүп, Садык Шер-Нияз биздин тармактын оош-кыйышын жакшы түшүнгөндүктөн техникалык жабдуулар менен камсыз кыла алды. Бирок азыр мамлекеттик деңгээлде эч кандай алгылыктуу иштер аткарылбай келет.
– “Ак илбирс” сыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири экенсиз, бул идея кимдики?
– Кино үчүн жан дилин берип, күйүп-бышкан адамдар чогулсак эле талашып-тартышып калчубуз. Убакыттын өтүшү менен “Восьмёрка” деген тайпа да түзүп алган элек. Садык Шер-Нияз, Актан Арым Кубат, Артык Сүйүндүков, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу, Нурлан Абдыкалыков, Темир Бирназаров болуп отуруп улуттук киносыйлык болсун деп чечкенбиз. Айтылган идеяны акырындап ишке ашырып келе жатабыз. Дагы да кыргыз киносун өнүктүрүү максатыбыз бар.
– Кандай үй-бүлөдө тарбияландыңыз?
– Атам мага мыкты тарбия берген экен деп ойлойм. Элдин балдарындай болуп чөп чаап, мал кайтарган сыяктуу иштерди кылчу эмесмин. Болгону мага короо-жайдын тегерегиндеги иштерди жасатчу. Фантазиям менен жасаганга түрткү болгон экен, азыр ойлосом. Жакшы үй-бүлөдө тарбияландым.
– Кандай атасыз, күйөөсүз?
– Жаман. Үй-бүлөгө карамдуу эмесмин. Бош, эркин жүргөндү каалайм. Көңүлүм каалаган нерсени гана кылгым келет жана ошол нерсени кылам. Эми мени чөйрөмдөгү адамдардын баары билишет. Азыр “укмушмун” деп интервью берип койсом, эртең эле алар тамашалашат (күлүп). Рамкага түшүп алып эле “ал болбойт, бул болбойт” деп жашагым келбейт.
– Сиз башка адамды байлап туруп, өз эркиндигиңиз үчүн жашаганыңыз кызык экен...
– Бул сиздин аялдык тилектештигиңиз (күлүп). Мени кимдир бирөө түшүнүшүн каалабайм деле. Бир мисал айтайын, Маяковский бир аялды жактырып калып, Парижге апта сайын гүл жөнөтүп турчу экен. Жылдар бою жөнөтүптүр. Ал каза болгондон кийин деле гүлдөр бара берет. “Өзү батирде жашап жатып, бирөөгө гүл бергендин балакетин алабы?” деп айтасыз азыр, көрүп турам. Бирок бул көңүл да.
– Макул, бизди кайсы чыгармаңыз менен дагы сүйүнтөсүз?
– Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” кинодолбоорунун үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, иш башталды.
– Ишиңиз ийгиликтүү улансын, маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg