«ЦЕНТЕРРА» «КУМТӨР» КЕНИНИН НЕГИЗГИ УЧАСТОКТОРУН ЖЕТКИРЕ ЧАЛГЫНДООГО 18 МИЛЛИОН ДОЛЛАР БӨЛӨТ

Канадалык компания кендин өмүрүн бир нече жылга узартуу үчүн алдына ачык да, жабык да ыкма менен казылып алынуучу запастарды арттыруу максатын койду.

4 ай мурда Борбор Азиядагы эң ири бийик тоолуу алтын кенинде акыркы жылдары Кыргызстандын өкмөтү менен канадалык инвестордун ортосундагы белгилүү бир келишпестиктердин кесепетинен каржыланбай келген геологиялык чалгындоо иштери кайра башталды. Ушул жылдын жаз айларында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушууда компаниянын геологиялык чалгындоого инвестиция салуу ниетин билдирген «Центерранын» аткаруучу директору Скотт Перринин ынандырганына карабастан, коомдо алтын өндүрүүчү иштерди белгиленген мөөнөттөн эрте жыйыштырууга даяр деген имиш чыгып кеткен. Эске салсак, Борбордук карьердеги тоо-кен иштери – 2023-жылы, ал эми алтын ылгоочу фабрикада руданы кайра иштетүү – 2026-жылы аяктоого тийиш. Андан кийин компания рекультивация жана кен ишканасын жабууну пландаган. Бирок жагдайларга байланыштуу бул мөөнөттөр олуттуу жылдырылышы мүмкүн. Белгилүү болгондой, инвестор негизги: борбордук, түштүк-батыш, түндүк-чыгыш жана Сары-Төр участокторун жеткире чалгындоо үчүн 2 жылдык геологиялык чалгындоо программасын баштады. Быйыл жыл аягына чейин геологиялык чалгындоо иштерине «Центерра» 6 жарым миллион доллар бөлдү. Дагы 11 жарым миллион долларды 2019-жылы геологдор чалгындоо иштерине коротушмакчы. Оң жыйынтык болуп жана запастар көлөмү өскөн учурда көбүрөөк жумшоолорго, ошондой эле алар менен байланышкан белгилүү бир татаалдыктарга карабастан алтын казуунун жабык ыкмасы да колдонулушу мүмкүн.

«Баары чалгындоо иштеринин жыйынтыгына жараша болот»,- деп түшүндүрдү «Кумтөр Голд Компанинин» улук геологу Сүйүнбек Бейшенов.

– 2013-жылдан кийин токтотулган геологиялык чалгындоо иштери бүгүнкү күндө кайрадан башталды. Бүтүндөй кен ишкананын аймагында жеткире изилденбеген келечектүү участоктор бар болчу. Кыска мөөнөт ичинде белгилүү натыйжаларды алдык, алар андан ары чалгындоо үчүн кеңири перспективаларды тастыктайт. Толук масштабдуу геологиялык чалгындоо программасы ийгиликтүү болсо, келечекте запастардын жакшы өсүшүнө жетебиз.

Бүгүнкү күндө кенде тогуз кубаттуу бургулоо жабдуусу иштеп жатат. Кайра түзүлгөн геологиялык чалгындоо бөлүмүндө «Ысык-Көл Ресурс» жана «Сталкер» подряддык ишканасынын кызматкерлерин кошо алганда жалпысы 250дөн ашуун жергиликтүү адис иштөөдө. Издөөчү сүрөткө тартуу иштерин, ошондой эле алтыны бар руданын бай концентрациясы менен участокту аныктоого жардам берүүчү визуалдуу изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн негизинде станоктун оператору 400-800 метр тереңдикте 10дон 70 градуска чейинки жантаюудагы скважиналарды бургулайт.

Бургулоонун натыйжасында скважинадан тоо-кен тегинин керн деп аталуучу үлгүсү бөлүнүп алынат, ал документтештирилгенден кийин жана таш кесүүчү станоктордо тилингенден кийин изилдөө үчүн лабораторияга жиберилет. Казылып алынган материалдын үстүнөн лабораториядагы кылдат көп баскычтуу иштин жүрүшүндө адистерге үлгүнү изилдөө жана тигил же бул тектин тоннасында канча грамм алтын бардыгын аныктоо турат.

Геологдор келечекке оптимизм менен карашууда жана «Кумтөрдө» запастар геометриялык прогрессияда гана улануучу жогору өсүшкө үмүттөнүшөт. Алдыда кен ишканасында өтө төмөн температурадагы татаал иш жана жылдын суук мезгилинде коштоочу көптөгөн кыйынчылыктарды жеңүү турат. Бирок өз ишинин чыныгы кесипкөйлөрүн алдыда күтүп турган кыйынчылыктар чочутпайт. Себеби аларды маанилүү бир максат – адамдарды жогору акы төлөнүүчү туруктуу иш менен камсыздоо жана эртеңки күнгө ишенимди бекемдөө бириктирип турат.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 831, 5-11-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан