БЕЛОКТУУ ДИЕТА: АШЫКЧА МАЙЛАРГА ОРУН ЖОК!

Бүгүнкү күндө ашыкча салмактан арылууга арналган диеталардын түрлөрү көп. Алардын бири – белоктуу диета. Аталган диетанын оң жана терс жактары тууралуу туура тамактануу боюнча кеңешчи Калыбек Баякунов айтып бермекчи.

БЕЛОКТУУ ДИЕТА ДЕГЕН ЭМНЕ?

– Белоктуу диетаны башында бодибилдер булчуң чыгаруу максатында пайдаланып келишсе, кийинчерээк диетологдор диетанын курамына бир аз эле углевод кошуп өзгөртүшүп, ашыкча салмактан жабыркагандарга сунуштай башташкан. Аталган диетада жалаң белокко бай азыктар сунушталат. Белоктуу диетанын негизги максаты – углеводдорго «ачкачылык» жарыялоо, башкача айтканда, организмде тез жана кеч сиңүүчү углеводдордун таңсыктыгын жаратуу. Алсак, картошка, макарон азыктары, нан, күрүч, буурчак сыяктуу азыктар, таттуу мөмө-жемиштер, каймак май, туздалган, ышталган азыктар жана башкалардан баш тартуу. Бул учурда организм тери астындагы майлардын запасын иштетип, анын ордуна булчуңдарды жаратат.

Бул диетаны жылына 2-3 жолу 2 жумадан ашырбай кармоо шарт. Тез-тез диета кармоо анын таасирдүүлүгүн жайлатат. Белок диетасында тамактануу 1 күндө 5-6 жолу, аралыгы 2,5-3 сааттан кем болбошу шарт. Колдон келсе бууга, сууга бышырылган азыктарга ыктоо керек. Бир жолку тамактын көлөмү 200-250 граммдан ашпашы зарыл.

Диетаны кармоодон мурун дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, аны менен катар аталган диетанын оң жана терс жактары менен таанышып алган туура.

ОҢ ЖАКТАРЫ

  • Колдонууга оңой. Диетада көрсөтүлгөн азыктар колубузда бар, каалаган жерден сатып алууга болот. Менюдагы даамдарды даярдоо да жеңил, плитанын жанында көпкө кармалбайсың.
  • Эффективдүү. Ашыкча салмактан бат арылтат. 2 аптада 3-8 килограммга чейин арыктоого болот.
  • Ыңгайлуу. Белокко бай азыктар кандын курамындагы канттын деңгээлин көтөрүп же түшүрүп жибербегендиктен жана диетада сунушталган эт азыктарынын сиңимдүүлүгү жай болгондуктан курсак бат ачпайт.
  • Туруктуу. Эгер диетадан туура чыгып, туура тамактанууну колго алсаңыз, кеткен салмак кайра кеч кайтат.


ТЕРС ЖАКТАРЫ

  • Витаминдер жетишсиздиги. Белоктуу диета учурунда организмде витаминдерге, май кычкылдарына жана микроэлементтерге муктаждык жаралат. Мындан улам уйку бузулуп, өң кубарып, тери кургап, тырмактардын сынышы күтүлөт. Чачтын сапаты өзгөрөт. Организм мындай абалга кептелген соң атайын чыгарылган витаминдер да жардам бериши күмөн.
  • Бөйрөккө күч келтирет. Адам канчалык белоктуу азыктарды көп жесе, бөйрөк ошончолук активдүү иштеп, организм көп суюктук жоготот. Диетологдор белоктуу диетага отургандарга күнүнө 1,5 литрден кем эмес кайнатылбаган суу ичүүнү сунушташат.
  • Канды коюулантат. Организмде белоктун көбөйүшү кан тамырларда кандын уюшун жаратышы мүмкүн. Андыктан бул диета кары адамдарга, жүрөк-кан тамыр оорулары, панкреатит, колит, дисбактериоз жана подагра оорусу барларга сунушталбайт.
  • Ашказандын иштешин бузат. Клетчатканын жетишсиздиги ашказан, ичегилердин иштешин бузат, ич катат, холестериндин деңгээлин көбөйтөт. Андыктан диетологдор белок диетасында клетчаткага бай жашылчаларды (капуста, брокколи, бадыраң, помидор), көк чөптөрдү көбүрөөк кошууну сунушташат.
  • Чарчоону чакырат. Адамга энергиянын көп бөлүгүн углеводдор берери талашсыз. Углеводдордун жетишсиздиги адамды алсыратып, ойлоону, кабыл алууну начарлатат.


КИМДЕРГЕ СУНУШТАЛБАЙТ?

  • Өнөкөт ичеги-карын, боор, бөйрөк оорулары менен жабыркагандарга.
  • Кош бойлууларга жана бала эмизген энелерге. Түйүлдүктүн жана баланын өсүүсүнө терс таасирин тийгизет.
  • Диета учурунда дене бойдун, акыл-эстин өсүшүнө керектүү ар кандай витаминдердин, микроэлементтердин, минералдардын жетишсиздиги жаралгандыктан өспүрүмдөргө сунушталбайт.
  • Зат алмашуу процесси жайлап калгандыктан улгайган адамдарга сунушталбайт.

БЕЛОККО БАЙ АЗЫКТАР

  • Эт (уй, кой, тоок, коён)
  • Малдын боору, тили
  • Балык (сёмга, карп, сайра, сом, сельд, скумбрия жана башкалар)
  • Деңиз азыктары
  • Сүт азыктары (сыр, быштак, айран)
  • Тооктун, бөдөнөнүн жумурткасы
  • Бадам, грек жаңгагы

РЕЦЕПТТЕР

СЫР РУЛЕТИ

Керектелүүчү азыктар:

Жумуртка – 4 даана

Сыр – 80 грамм

Фарш – 400 грамм

Пияз – 1 даана

Өсүмдүк майы – 4 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Пиязды аарчып, майда туурап, фарш экөөнү майга кууруп алабыз.

2. Жумурткага сырды кошуп жакшылап аралаштырабыз.

3. Көмөч казанга бир аз май куюп, жумуртка менен сырдын аралашмасын куябыз.

4. Куймактын бети ката баштаган кезде куурулган фаршты себелеп, рулеттей кылып оройбуз. Тамагыбыз даяр! Рулетти жашылча салаты менен дасторконго беребиз.

ШИРЕЛҮҮ БАЛЫК

Керектелүүчү азыктар:

Балык – 400 грамм

Апельсин – 1 даана

Өсүмдүк майы – 1-2 аш кашык

Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

1. Балыктын сулп этин кагаз майлык менен аарчып кургатабыз.

2. Апельсиндин ширесин идишке сыгып алып, туз, мурч кошуп аралаштырабыз да, балыкты бул маринадга салып 15 мүнөт кармайбыз.

3. Электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, балыкты салабыз. Үстүнө 1 аш кашык өсүмдүк майынан куюп, 180 градуста 15-20 мүнөт бышырып алабыз. Даяр болгон балыкты ар кандай жашылча салаттары менен берүүгө болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Feiza1982
2018-10-12 23:56:17
Пайдалуу маалыматтынар учун рахмат.
+1
Aibako937
2018-10-13 18:30:53
Админ сураныч кантип семирсе болот ошол тууралуу да маалымат жазыныздарчы. Же адистерге кантип байланышсак болот?
+1
Suluwka_1992
2018-10-30 14:00:54
Супер Редуксин Жана 7 дней капсуласын ичип арыктоо жонундо дагы жазгылачы суранамын.
+1
bagira77
2018-11-07 02:26:48
Suluwka_1992,++
0
№ 831, 5-11-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан