«АЯТ» ШЫЛУУНДАРДЫН АЙЫНАН ТАРТЫЛБАЙ КАЛА ЖАЗДАП...

"Толкундар, ак толкундар..." деп көл жээгинде толкундар менен сырдашкан Мухтар Атаналиевдин ырын сүйгөндөр ырчыны сахнадан таппай калышты. Бирок Мухтар мырза акыркы күндөрү кино дүйнөсүнө чыйыр салсамбы деп эмгектенип келет. Өзү сценарийин жазып, продюсерлик кылып тарткан эң биринчи тасмасы "Аят" деп аталып, кино сүйүүчүлөрдүн сынына коюлду.

Режиссёру – Санжар Абдыжапаров
Сценарийин жазган – Мухтар Атаналиев
Фильмдин директору – Абдыш Айылчиев
Ролдордо:
Али – Азамат Арыков
Аскар – Улан Султангазиев
Алинин аялы Фатима – Жазгүл Акбаралы кызы
Аскардын аялы Арууке – Айтолкун Жумаканова
Алинин ата-энеси – Мукамбет Токтобаев жана Жандат Жаманбаева
Фатиманын ата-энеси – Табылды Актанов жана Зухра Акылова
Мустафа – Тейит ажы Сурантаев

ЖАШООДОН БАКЫТ ИЗДЕГЕНДЕР
Адам баласы бул жашоо менен бактылуу болоюн деп күрөшөт эмеспи. Көп адам ой-туюмунда бай, атак-даңктуу, бийликтеги адам болгусу келет. Бул мүдөөлөрүнө жетсе деле жүрөгү тынчыбайт. Кинодогу баш каарман Али да бактылуу болсом деп ары-бери чайпалат. Досу Аскар байлык топтоп, бакыт даамын сезгиси келет. Бир жолу Аскар Алинин үйүнө келсе, дин жолунда жүргөн аялы досторго чай даярдап берип, өзү отурбай коёт. Анда Аскар “эмне, аялың биз менен отурбайт, мени жактырбай жатабы?!” деп таарынат. Али болсо “жок, шариятта ушундай экен, капа болбо” деп түшүндүргөнгө аракет кылат. Мындайды түшүнгүсү келбеген досу аялын менден кызганып жатат деп ойлойт. Көп өтпөй Аскар адамдарды тукуруп, мас болуп калган Алини сабатып, талаага ыргыттырып жиберет. Ошондо Алиге бир даанышман карыя жолугуп, үйүнө алып келет.
– Балам, атың ким?
– Али.
Мухаммед пайгамбардын күйөө баласынын аты да Али болгон. Ал адилеттүү, ыймандуу, дайыма элге жардам бергендиги менен адамдардын эсинде калган.
Али бул сөздөрдү угуп отуруп, “мен дагы ошондой ыймандуу боло аламбы?” деп ыйлайт.
Албетте, ыймандуу болуу сенин колуңдан келет.
Ошол күндөн баштап Алинин жашоосу башка нукка бурулуп, ыйман жолуна түшөт.

ТАСМАНЫН ЭЛ БИЛБЕГЕН ЖАКТАРЫ

  • Куранда ар бир сүйлөм аят деп аталат. Эгер адам ар бир аятты аткарса, бактылуу боло алат деген мааниде тасма "Аят" деп аталган.
  • Алинин ролун алгач "Учур" театрынын актёру Эрлан Шатемиров аткармак болуп, Ала-Буканын Сафед-Булан айылында өткөн үч күндүк съёмкага катышкан. Анан өзүнүн жеке маселелеринен улам кинодон баш тартууга аргасыз болгон.
  • Ала-Букадагы Сафед-Булан деген жерди Мухтар Атаналиев гастролдо жүргөндө көрүп, киного ылайык деп жактырган.
  • 12-мартта тартылчу кадрларга кар керек болуп чыгармачыл топ Суусамырга жөнөгөнү жатышса, бапылдап кар жаап жиберген.
  • Тасманын толук тартылып бүтү­шүнө беш ай кеткен. Анын бир жарым айы техника тапканга, бир айы тасманын тартылышына, бир айы монтажга, бир жарым айы дубляжга жумшалган.
  • Тасманын режиссёру Санжар – Эрнест Абдыжапаровдун уулу. Санжар буга чейин кыска метраждуу 2-3 фильм тарткан. "Аят" фильми жаш режиссёрдун биринчи толук метраждуу көркөм тасмасы. Фильмди тартуу учурунда атасынан кеңеш сурап турган.
  • Актёрлорго, операторлорго, монтаждагандарга келишимде көрсөтүлгөн гонорар төлөнүп берилген.
  • Тасма Бишкекте, борбордун четиндеги Ала-Арча, Ак-Өргө, Туңгуч сыяктуу жаңы конуштарда тартылган.
  • Киного жалпысынан 24 000 доллар сарпталган.

КҮТҮЛБӨГӨН ОКУЯЛАР МЕНЕН КОШТОЛГОН
Мухтар Атаналиев:
– Эртең тасманын алгачкы кадрлары тартыла баштайт деген күнү демөөрчүлөрдөн 6000 доллар алдым. Анын 400 долларын акча алмаштыруучу жайдан сомго айландырып, тиешелүү адамга бергени бардым. 5600 доллар машинада калган. Үйүнө кирип акчаны берип чыксам эле, кожоюндун кызы "байке, машинаңызды сындырып кетишти" деп калды. Көрсө, шылуундар акча алмаштыруучу жайдан эле артымдан түшүшкөн окшойт. Ошентип, беш мүнөт ичинде 5600 доллардан айрылдым. Элестет, эртең съёмка башталат. Техника, чыгармачыл топ мени күтүп отурушат. Акча уурдалды. Милиция кызматкерлерине барсам "табылбайт" деп коюшту. Намазымды окудум да, үйгө кетип калдым. Үйгө барсам келинчегим "акча уурдатканыңды угуп, бир таанышың келип кетти. Менде иштетилбей турган акча бар, алып турсун" деди дейт. Барсам, 1500 доллар берсе болобу! Демөөрчүлөргө да акчанын уурдалганын айтып койгом. Алар да чалып "маанайыңды бузбай иштей бер. Акчадан кабатыр болбо" дешти. Чынын айтыш керек, "берген акчаны да жөндөй албайт" деп айтышабы деп демөөрчүлөрдүн алдында катуу уялдым.
Фильмде Али Аскардын тарапташтары менен мушташып, таяк жеп калган жери бар. Ошол жеринде Али бир жигитти ээкке коёт. Улам-улам муштайт, бирок режиссёр жаратпайт. Тажаган Али болгон күчү менен уруп салганда, тигил жигит өзүн жоготуп коюптур. Ал учурда мен сыртта элем. Ээкке жеген бала мени шашпай карап жанымдан өтүп кетти. 15 мүнөттөн кийин дагы эле баягыдай таңыркап карап турат. "Эмне болду, тартылдыңбы?" десем, "ыя, эмне дейсиз? Мен каяктамын?" деп чочуп кетти. Көрсө, катуу муштан кийин эмне иш кылып жатканынын билбей, дендароо болуп калыптыр да. Ал жигиттин жагдайын көрүп, кино деп жүрүп бирөөнүн баласынын мээсине доо кетирдимби деп коркуп кеттим. Бирок жыйырма мүнөттөн кийин өзүнө келди.
Кино ушундай окуялар менен коштолду. Менин оюмча, бул тасманын жаштарга тарбиялык мааниси чоң.

АТАНАЛИЕВ ЖӨНҮНДӨ

  • Мухтар Атаналиев аты дүң болуп турганда ыр дүйнөсүнөн кетти. Сахна менен коштошушуна адамдардын бири-бирине кылган терс мамилелерине кыжалат болгону түрткү болуптур.
  • Жашоо-турмушту диндин негизинде изилдеп жатканына үч жыл болду.
  • Үч уул, бир кыздын атасы.
  • Жубайы, 11 жаштагы жана 4 жаштагы уулдары намаз окушат.
  • Концерт берүүдөн, ырдоодон таптакыр баш тартканы менен, учурда жаштарга ыр жазып берүүдө.
  • Жашоого каражатты чакан дүкөндөрүнөн алат.
  • "Динди түшүнгөндөн кийин гана адам бактылуу боло алат экен" деген Мухтар мырза өзүнүн билгендерин башкаларга жеткирүү үчүн "Аят" фильмин тартууга киришкен.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Жаку
2010-06-28 11:06:03
Бизде негизи эле биринчи ырчы болуп чыгышат анан эле актер кино режиссер болуп калышат.
бул кинонун да келечеги кандай болорун куто туралы,болбосо бизде саны коп сапаты жок кинолор коп эле болуп жатпайбы!
мындай кинолордун катарына кирбей сапатту болсо албетте жакшы.
0
rai
2010-06-30 14:19:39
Бул тасманы көрдүм бирок мага жаккан жок. Мисалы Фатима деген кыздын ролун ойногон Жазгүл Акбаралы кызы өз ролун жеткиликтүү ойноп бере алган эмес. Баласын уурдап кеткенде ушундай эмоцияны чыгарыш керек эле, калп эле кыйкырымыш болуп койгон, артында бир сезим менен аткарганы такыр туюлбайт. Негизи актерлорду тандоосу жаккан жок! Бир гана Аскар өз ролун жакшы ойноп бере алган дейм.
0
Belek
2010-06-30 21:07:32
Бул фильмдин тартылышына эмес негизги ойго, тупку маанисине конул бурсак туура болмок! Кандай максатта тартылса ошого жетсе экен деп тилейли!!!
0
ХАНЗАДА
2010-07-01 11:29:01
Мен бул кинону көрүп, таң калдым. Себеби андагы башкы ролду ойногон актер укмуш аткарып жатам деп ойлогон окшойт, бирок ага караганда терс каармандын ролун ойногон Аскар жакшы аткарыптыр. Анан да улам эле шурулдатып чай иче берет экен. Фатима болсо жиджабын чечип тойго барганы, ииши кылса көп түшүнбөгөн жактары бар экен. Алгач турмушка чыкканда кийген халатын баласы 4кө чыкканда деле кийип жүрөт. Алинин балдызы болсо кино бү
0
ilyaz
2010-09-21 13:35:17
Бул фильмди кантип корсо болот?!?!?!
0
№ 399, 25-июнь - 1-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан