РУСЛАН АКУН, РЕЖИССЁР: “КАЗАКТАР ТАСМА ТАРТЫП БЕР ДЕП КӨП СУНУШТАШАТ”

Руслан Акун учурдагы ийгиликтүү жаш режиссёр. Анын ар бир тасмасын эл күтүп көрөт. Руслан мырза муну менен гана токтолуп калбай, жакында дагы бир чоң эл аралык долбоорду ишке ашырууну пландап жатканын айтат. Маекте казак боордоштордун Руслан Акунга көз артып жатышканы, экран артындагы оош-кыйыштар, режиссёрдун аталык мээрими жана бир топ кызыктуу темалар козголду.

– Саламатсызбы, Руслан. “Көк бөрү” тасмаңыз купулуңузга толдубу?

– Саламатчылык. Киночулар айтып коюшат, “экран көрсөтөт” деп. Эл өзү көрүп, өзү баамдайт. Бирок алгачкы жолу көк бөрү тууралуу тасма тартып жаткандыктан чоң жоопкерчиликти сезип, кылдаттык менен болгон күч-аракетибизди жумшадык.

– Эмне үчүн көк бөрү темасына кайрылдыңыз?

– Бул идея көптөн бери бар эле, көпчүлүк сунуштап да жүргөн. Ал кезде билим жагынан, тажрыйба, чеберчилик жагынан быша элек болчубуз. “Апамды издеп” тасмасынан кийин байкасам команда бышып, даяр болуп калыптырбыз. Ошентип тартуу иштерине киришип кеттик.

– Тасманын идеологиясы кандай? Улуттук оюнубузду дүйнөгө жайылтуубу, же учурдун талабыбы?

– Тасма аркылуу “кыргыздарга учурда намыстан бийик нерсе барбы, мекен, Ата Журтубуз канчалык даражада бизге ыйык, керек?” деген ойду бергибиз келген. Ошол идеологияны көк бөрү оюнуна камтып тарттык.

– Буга чейин автордук кыска метраждуу тасма тартыптырсыз. Автордук тасмаларга дагы кайрылайын деген оюңуз барбы?

– Мен кинону автордук, коммерциялык, элдик деп бөлбөйм. Мен үчүн тасма эки эле топко: таланттуу жана таланты жок болуп бөлүнөт.

– Киночуларда дайым искусство же сатык деген суроо болот. Сиз көбүнчө эмнеге басым жасайсыз?

– Буга заман жооп берет. Кимдин тасмасы 15-20 жылдан кийин деле сыналгылардан берилсе, жаңы муундарга кызык болсо, анда ал “таланттуу кино” болот. Эгер бүгүн укмуш болуп, 15 жылдан кийин унутулса, анда ал убактылуу тасма.

– Тасмаларыңызда дайым бир көйгөйдү көтөрүп, юмор менен жеңилдетип бересиз. Эки башка багытты жуурулуштуруп элге жугумдуу кылып берүү оңойго турбаса керек?

– Албетте, оңой эмес. Мен бир нерсени түшүндүм, бирөөнү сындап, кемсинткенден эч нерсе чыкпайт. Тескерисинче, бири-бирибизди мактап, даңазалап, туура багытта, маданиятыбызды бийигирээк көтөрсөк ошондо жакшы жыйынтык болот. Юмор кошконумдун себеби – эл окуяны күлкү аркылуу кабыл алып, кийин терең ойлонуп, өзүнчө тыянак чыгарса дейм.

– Тасмага тема тандоодо элдин суроо-талабына кайрыласызбы, же жүрөгүңүздү өйүткөн, жан дүйнөңүздөн чыккан тасмаларды тартасызбы?

– Биринчиден, тема жан дүйнөдөн чыгышы керек. “Салам, Нью-Йорк!” тасмасындагы айрым эпизоддор өзүмдүн жашоомдон алынган. Менин да бир кезде сейил бакта түнөгөн учурларым болгон. “Апамды издеп” тасмасы балалуу болуп, аталык сезимдер ойгонгондо жаралган идея. Акыркы кезде "чыныгы эркек болбосок мекенибиз, өлкөбүз чоң коркунучта" деген ой коё бербей жүргөн. Бул оюмду жогорку тасмада бердим.

– Көрүүчүлөр “Көк бөрү” тасмасында кыргыз жигиттеринин ойногонун жактырып жатышат. Казактардын рыногун алуу үчүн сөзсүз казак актёрлорун кошуш керекпи деп суроо салгандар да көп болууда...

– Менден да "эмне үчүн казак?" деп сурагандар болду. Жок дегенде маданият чөйрөсүн, искусствону, кинону саясатка аралаштырбасак. Саясат эки элди уруштурса, биз жакындатканга аракет кылабыз. Уруштуруп жиберүү өтө оңой. Достукту, мамилени сактап калуу оор. Биз өзүбүздүн казаныбызда кайнабай, чет жактарга да чыгышыбыз керек.

– Режиссёр үчүн карьерасында эң коркунучтуу же түйшөлткөн нерсе эмне?

– Мен буга чейин режиссёр катары мамлекеттен бир да тыйын алган жокмун. Каражат жагын досум Нурбек Айбашов чечип келет. Бизди ойго салган нерсе – бул тасма кетирген каражатты актайбы жана кийинки тасмага акча жетеби?

– Чыгармачылык жактанчы? “Оюмду элге жеткиликтүү бере аламбы? Тасма ишеничти актайбы?” деген ой болобу?

– Режиссёрдун чоң катачылыгы – жасалмалуулуктун артынан түшүүсү. Өзүңө ишенсең, элге жагынуу максатында эмес, жан дүйнөңдөн чыккан нерсени тартсаң ошол жугумдуу. Негизгиси киночулар саясатчы болбошу керек. Саясатчылар эмне көргүң келсе, эмне уккуң келсе ошону айтып, кулагыңа бал куюп кетип калат эмеспи. Бизде андайга жол берилбеши зарыл.

– Бул тасмада каражат маселеси кандай болду?

– “Көк бөрү” тасмасына деле 30 миллион сомдой каражат жумшалды. Аны акташ үчүн биз 70 миллион сом чогултушубуз керек. Анткени салыкка 12 пайыз төлөйбүз, акчанын тең жарымын кинотеатрларга беребиз. Бизге орточо 37 пайыз калат. 30 миллионду акташ үчүн жок дегенде кинотеатрга 350 миң адам келип көрүшү керек.

– Чет өлкөлөрдө мамлекет тарабынан киночуларга жакшы шарт түзүлөт. Бизде ошондой колдоо жок деп өкүнгөн учур болобу?

– Бизде шарт түзүлөт. Мамлекет тарабынан кино тартууга жылына 20 миллион сом каралат. Бирок, менимче, мамлекет акча бөлбөшү керек. Анткени мамлекеттен колдоо алган соң акчаны актайбызбы, элге жагабызбы деген ой 3-4-планда калат. Ошондуктан 3 жылга бөлүнгөн акчага техниканы жаңылап, күчтөө зарыл. Себеби техника жактан биз аман эле бололу, абдан жардыбыз. Биздеги эң көйгөйлүү темаларга басым жасап, аны тартууга жеке студияларды кызыктырсак. Аларга техникаларды бекер берсе, жакшы жыйынтык болмок деп ойлойм.

– Казакстан сизди ийгиликтүү режиссёр катары билип калышты. Боордоштордон тасма тартууга сунуштар түшүп турабы?

– “Салам, Нью-Йорктон” кийин сериал тартууга сунуш түшкөн. “Апамды издеп” тасмасы чыккан соң чакыргандар андан көбөйдү. "Кайрат Нуртастын “Арман” тасмасын тартып бериңиз" деп продюсери да кайрылган. Буга чейин буюртма менен иштеп көргөн эмесмин. Кала берсе мага жакын тема болбогондуктан баш тартып келем.

– Казакстандан башка кино рыногуна чыгуу планыңызда барбы?

– Жакында премьерага Голливуддун “Оскарына” тете Орусиянын “Кинотавр” сыйлыгынын баш байгесин жеңип жүргөн продюсерлер келишти. Мен “Көк бөрү” кайда, Москва кайда деп ойлогом. Көрсө, адашыпмын. Алар тасманы аябай жактырышты. Кудай буюрса, орустар менен жакында бир долбоор камдап жатабыз. Ал долбоор менен бүтүндөй КМШ өлкөлөрүнө чыгуу планыбыз да бар.

– Эми жеке жашооңузга да кайрыла кетели. Сизди олуттуу мырза катары билебиз. Бирок Инстаграмдагы баракчаңыздан жубайыңызга кайрылган билдирүүлөрүңүз жалаң тамаша иретинде жазылат. Бул сиздин эркелегениңизби же эркелеткениңизби?

– Мен үйдүн улуусу болгондуктан эркелеген сезим кандай экенин деле билбейм (күлүп). Иним менен карындашыма каралашып, кам көрүп жүрүп ал сезимди сезген эмесмин. Менимче, эркекке эркелеген жарашпайт.

– Деги эле жашоодо кандай дос, жар жана атасыз?

– Жаңы дос пайда болбойт экен. Бала кездеги достор дос боюнча калган. Эгер чыныгы досум бар деп ишенсең, досуң болот. Баары акчага карап мамиле кылат десең ошондой мамилени күтөсүң.

Ал эми мүнөзүм боюнча, өтө чатакмын (күлүп). Жубайыма рахмат, мүнөзүмө чыдап, көнүп келгенине. Учурда 2 баланын атасымын, аларды аябай жакшы көрөм. Балдарым төрөлгөндө жашоого болгон көз карашым аябай өзгөрдү. Мурун мотоцикл айдап, сноуборд тепсем, андайга азыр жолобойм. “Аман болсом экен, үй-бүлөм кор болбосо экен” деген гана ой мени бийлеп алган.

"Энелер күнүнө карата апам Канышай Акунова Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон уулдарды тарбиялаганы үчүн Ардак грамотага ээ болду. Атам Кубан менен апама бизге татыктуу тарбия бергени үчүн ыраазымын".

"Азыр мени аман болсом экен, үй-бүлөм кор болбосо экен деген гана ой бийлеп калды".

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
erkeleim
2018-10-09 09:28:07
Ийгилик!!! Ар бир кинонузду кутуп,суйуп кором. Кийинки ата-энеси небересине барыш учун Акшга бет алат деген фильминизди Европада эмес Туштук Кореяда тартып корбойспу
+2
Diana123
2018-10-09 11:57:52
Руслан, сизге ийгилик каалайбыз. Кок боруну кордум. аябай жакты. Сонун кино болуптур. Негизи, сизздин бардык тарткан кинолорунуз жакшы чыкты. Бирок. Бирок мени бир нере окундурду. Руслан, мен тушуном баарын кыргыз-казак бир тууган. Бирок башкы ролду кыргыз эле актеруна берсениз жакшы болмок да.(менин оюм боюнча) Бизде деле аябай жакшы таланттар бар да. Кок боруда эн бакшы ролду казак ойногонун билип, мен эмнедегир капа болдум.
+4
dobrajelatel
2018-10-09 13:08:25
Руслан Акун таланттуу режиссер. Ар бир тасмасын баалайм. Маани маныздуу, адамды ойго салган салмактуу, бир соз менен айтканда керемет! Сыйлык бербей коюу уят. Эмгегин баалоо керек бийликтегилер.
+1
bosmos77777
2018-10-09 18:16:05
Кыргызда! Ушундай уулдары,Айсулуудай кыздарын коруп. Мекеним, улутум деп. Баш которуп сыймыктана жашайсын. Бар бол! Жигит пири колдосун! Коз тийбесин. Аман бол! Бут дуйного "Кыргыз"Ким экенин тарт. "Манас" атабызды, Кыргыздын нукуралуугун. Азыркыдай араб менен турктун диний кошулмасы жок. Кыргызды тааныт. Биз ишенебиз!
0
Cherik.777
2018-10-09 22:47:02
Азамат кыргыздардан чыккан дагы бир патриот жигиттерибиздин бири бар бол...Сизди да тушунобуз Кыргызстанда эч бир кино (эгер коп каражат жумшалса) чынында акталбайт.
+1
Bayanova
2018-10-12 02:56:58
Чыныгы патриот режиссёр! Сиздей патриотторду коруп, сыймыктанып келебиз! Ар бир киносу маанилуу! Мамлекетибизге каттуу таарынгансыз го? Туура мамлекеттен эч кандай материалдык колдоо жок. Бирок биз МАМЛЕКЕТ учун, ЭЛ учун,УЛУТУБУЗ учун аракет кылсак, ин шаа АЛЛАХ созсуз онугобуз! Албетте мээнетинизди, эн башкысы ЭЛ СЫЙЛАЙТ жана КОЛДОЙТ!!! Сиздердей инсандар тарыхыбызда да каласыздар!
+1
№ 831, 5-11-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан