(Башталышы өткөн сандарда)
Аман ишине так эле. Эч нерсе таба албайт деп ишенип турду. Бирок Сыялы Тумановдун тору эбак эле жайылганын, андан чыгып кетиш мүмкүн эмес экенин билген эмес. Кандай ажыдаардын куйругун басканын, ал кийинки жашоосуна кандай кедерги тийгизерин да билбеген эле. Ажырашууга арыз жазган күндүн эртеси ага кайнатасы келди.
– Сага арыз жазба дедим беле?
– Мен баары бир ажырашам!
– Азыр ачуу үстүндө сүйлөп жатасың. Мен Нуриза менен сүйлөштүм. Ал сага жамандык кылайын деп боюнан алдырган жок. Коркконунан бул ишке барды.
– Анын абалы менен эми эч кандай ишим болбойт,- деди тиштенген Аман.
– Аман, мен кызымдын кылыгын актабайм. Бирок ага бир мүмкүнчүлүк бер. Ал сенсиз жашай албайт.
“А менчи?” деди ичинен Аман. Күндө жумуштан кайтып келгенде Нуризанын уйпаланган чачтарын, ичкилик менен баңгиден башка эч нерсе көрбөй калган көздөрүн элестетти. Ичиркенип кетти.
– Мен бул бүтүмгө бир күндө эле келе калган жокмун. Көп аракет кылдым. Болбоду, болбойт дагы. Биз кеч боло электе токтотконубуз туура.
Ары айтса да, бери айтса да “ажырашам” деп туруп алды.
– Көп жыл мурун кенде болгон окуя эсиңдеби?- деди Туманов акырында.
Аман селт чочуду.
– Ал кокустукту өз пайдаңызга пайдаланганы жатасызбы? Сөз жок экен сизге...
– Өлгөн адамдын туугандары эбак эле келишкен. Массалык маалымат каражаттарына чыга турган болгондо мен ооздорун жаап койгом. Азыр да мен ооздуктап турам.
– Ал кокустук болгон!
– Видеодо андай көрүнбөйт. Сен мага согуш ачардын алдында көп жолу ойлон!- деп чыгып кетти.
Аман отурган боюнча катып калды. Калтыраган колдору менен ноутбугун ачып флешканы салды. Унутканга аракет кылган кадрлар көз алдына тартыла берди. Ноутбукту жаап отуруп калды. Арызды эртеси кайра алганга мажбур болгон. Нуризаны Америкага дарыланганга жиберишкен. Аман ошол жылдын жазында Элинага жолукту. Чындыгында ошол кезде элден оолактап, көңүлү эч нерсени каалабай жалгызсырап жүргөн. Биринчи көргөндө эле сезим пайда болду. Алгач ал кызга жөн гана кызыктым деп ойлоду. Көңүлүн бир нерсе менен толтурганга аракет кылган. Баалуу белектер жана башка нерселер менен башын айлантмак болгон. Элинаны колго түшүрүш ушунчалык жеңил болду. Аны сүйдүрүп алыш баланын оюнундай нерсе эле.
Анан... Чекит коё турган жерден баары башталып кетти. Кучагына келип урунган жаш кыздын денесинен баш тарта албагандай эле, анын сүйүүсүнөн да баш тарта албады. Эгерде ата-энелүү кыз болгондо, балким, “кайдан көрдүм кара эшек” деп басып кетмектир. Бирок чоң энесинен башка карманары жок кызга андай кыянаттык кыла албады. Дал өзүндөй канаты сынык адамды ого бетер сындыра албайт эле.
Алгач “жашап көрөйүн, жаш неме жанын кыйып жибербесин” деп чочулаган. Кийин боюнда болуп калды. “Боюңдан алдырт” деп айтканда Элина аны ушундай жат көз караш менен карады. Дал өзү бир кезде Нуризаны ушундай караса керек эле. Көк бет экен, эч нерсеге карабай төрөйм деп туруп алды. Катуу сүйгөн аялынан өтмүшүн жашырып жашоо ал үчүн тозок эле. Бирок Элина менен балдары ал үчүн өзүнөн да маанилүү болчу. Өзгөчө Элина... Билинбей жашоосуна кирип келген бул кыз анын жүрөгүн эле эмес, акылын да бийлеп алды. Амандын кыялындагы үй-бүлө деген ыйык нерсени Элина колдору менен жаратып берди. Кимден билди? Кайдан үйрөндү үй-бүлөнүн ыйыктыгын? Ал табышмак... Аял кандай болуш керек экенин, эне кандай болорун ал Элинадан улам билди. Күн өткөн сайын аялынын бир кызыктуу тарабын таап алып сүйүнө бере турган. Эч кимге берилбеген, бирок кимдир бирөөнү сүйүүнү ушунчалык каалаган, ичиндеги мээримди кимге берерин билбей жүргөн Аман Элина аркылуу өзүн тапканын кийин моюнуна алды. Өзүнүн амбициясы үчүн үйлөнүп алып, андан эч бир жылуулук таба албай жаны кыйналганын да кийин сезди. Чыныгы сүйүү эмне экенин кийин туйду. “Эмне кыялдансам сенин көзүңдөн таптым” дей турган Элинага. Ал дагы чындык болчу.
xхх
Токмокко жакын айылдардын биринде бул үй-бүлө пайда болгонуна 5-6 жылдай болду. Айылдыктар алгач чочуй тиктешчү. Анткени узун кулактардын айтымында, аялы түрмөгө отуруп келген имиш. Болгондо да киши өлтүрүп отуруптур. Жанында чолоңдой баскан бир адам боло турган. Күйөөсү экен дешчү. “Күйөөсү болсо түрмөнүн доктуру болгон экен, ошол жактан таанышыптыр” дешчү. Алар кичинекей эки бөлмөлүү үйдө тирилигин кылышчу. Тиги киши бешик, сандык, стол, дагы башка майда барат нерселерди жасап сатчу. Ошону менен оокат кылышчу. Аял болсо ар дайым муңайым, ой баскан, адамдарга ишенбей сынай тиктеген, бою узун аял эле. Сулуу аял болчу.
Ошол аял көчөнүн башынан келе жатты. Дайымкы чачын катуу байлаган бир байлам жоолугу бошоп желкесине түшөйүн деп калгандай. Мурунку ар дайым санаа басып тургандай болгон жүзү ачык, көздөрү кубанычтуу.
– Жакшысыңарбы?- деп койду ал топтолуп турган аялдарга.
– Жакшы.
Аялдар анын нурданып турган жүзүнө таң кала тиктеп узата кала беришти. Үйүнүн эшигин ачып кирген аял эркегине баш ийкеп койду.
– Кандайсың?
– Жакшы.
– Жолуктуңбу?
– Ооба.
– Тааныдыбы?
– Жок, кайдан таанысын? Бирок жакын жерден көрдүм. Боорума кыстым. Ой, жок, мен эмес, ал кысты.
Көздөрүнөн бакыттын учкуну чачыраган бечара чолок жашын ирмеп алып кызы менен жолуккан кыска мүнөттөрдү кайра башынан айтып кирди. Аны бир сааттан кийин кайра айтты. Кечинде кайра айтты. Жүрөгүн алып учурган кубанычын жашыра албай айта берди.
– Сулуу кыз болуптур. Күчтүү кыз болуптур. Билесиңби, мен дайым кыялымда кызымды элестетчүмүн. Ар түрдүү учурун элестетчүмүн. Бирок ушундай акылдуу, күчтүү, сулуу кыз болот деп эч оюма келбептир. А балдарычы? Неберелеримчи... Көздөрүн бир көрсөң. Экөөнүн тең көздөрү энесиникине окшош.
– Балким, атасына окшоштур? Сен атасын көргөн жоксуң да?..
– Жок, Элинаны көздөрү.
– Эми качан барасың?
– Билбейм, билдирбешим керек. Шек санап калбагандай болушсун.
Тиги аялдын чачтарынан сылап койду да, тиричилиги үчүн сыртка чыкты. Эчен жылдан бери тааныса да аялдын көздөрү мынчалык нурданып кубанбаганын ойлоду. Аягы кандай болорун билбей турду.
(Уландысы кийинки санда)