АЧ КӨЗ ПОМИДОР

Чарбакта ач көз помидор болуптур. Ал өзү менен кошо өскөн чамгырга да суу бергиси келбейт. Арыкта жылжып аккан сууну ага жеткирбей күндө ичип койчу.

– Помидор, мага такыр суу жетпей калды. Азыраак иччи.

Помидор болбой эле жата калып суудан шимире берчү болду.

– Ай, помидор, ашыкча ичпе, сенин ден соолугуңа зыян болот!- деди чегиртке чырылдап. Помидор ойлоно түштү. Бирок ал эрди кеберсип чаңкап турган жанындагы чөптү көргөндө кайра ичи тарый түштү.

– Жок, мындай тунук сууну чөпкө бергиче өзүм ичем!- деди.

– Оо, кошуна! Мен аябай чаңкадым. Өзөгүм кургап кетти. Суудан коё берчи, бай болгур,- деди айласы кеткен чөп.

Ага помидор көнбөй шоркурата иче берди. Аны көрүп чөптүн шилекейи акты. Тамшанып кургаган эрдин жалады. Бир кезде тойгонуна карабай суу ичкен помидордун карды тарсайып чыкты. Аны баятан бери карап туруп чыдабай кеткен жер минтип айтты:

– Ичиң жарылат, сууну ашыкча ичпе.

Помидор көзүн алайтып чандайып чыккан ичин карап туруп калды. Бир кезде анын ичи “тарс” деп жарылып кетти. Ач көздүгү ашынган помидордун ичи ошентип жарылып калды. Жыйынтык, ач көздүктү жоюп, алыбызга жараша ичип-жеп көнсөк.

(Аман Кармышаков)

Нуржамал Жийдебаева

balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 831, 5-11-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан