Пил чоң болуп туруп өзүнөн кичинекей чычкандан коркорун айтышат. Күлкүлүү, ээ? Анда силерге чычкан кантип пилди коркутары тууралуу сөз кылалы. Пилдин таманынын алдында өтө назик, талуу жери бар. Тырмактары менен корголуп турганы менен, так ошол жерине орточо чычкан бата турган орун бар. Кирип алды дегиче пилдин жанын чыгарат. Кытыгылайт, терисин жейт. Пилдин таманынын ошол жери таттуу болгондуктан чычкан ал жерден чыкпай жашап алуу коркунучу да бар. Алардын угуу жөндөмү жакшы өнүккөндүктөн чычкандын үнүн алыстан билишет. Пил таманына кирип кеткен чычкандан эмне кылса да кутула албайт. Уктатпай кыбыраган чычкан пилдин таманын тиштеп, канатып, жара пайда кылышы мүмкүн. Чычкандан корккон пил ошондуктан туруп уктаганга мажбур.
Бирок зоологдордун айтуусунда, чычкандан да мурун пил аарылардын үйүрүнөн коркот. Окумуштуулар экспериментинде пил кичине жаныбарлардын бардыгынан эле жатыркап турары белгилүү болгон.Зоопарктагы пилдин клеткасына коён, аары, чычкан киргизип көрүшүп, пилдин реакциясын байкашкан. Ошондон улам алар пил эмне үчүн алардан коркорун анализдеп башташкан.
Нуржамал Жийдебаева