ЫЛДАМ ВEELINE WI-FI СТУДЕНТТЕРГЕ МЫКТЫ БЕЛЕК!

Салам, студент! Ушул жылдын 6-сентябрынан баштап Beeline борбор шаардагы университеттерге ылдам Wi-Fi орното баштады. Бүгүнкү күнгө карата Бишкектеги 17 университет ылдам Beeline Wi-Fi менен камсыз болду. Beeline сенин жашооңду жеңилдетүүсүн уланта берет.

СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН АБДАН ЫҢГАЙЛУУ

Окуу жайларга Wi-Fi орнотуу практикасы көптөгөн чет мамлекеттерде ишке ашып келет эмеспи. Бул жеңилдик бизге да келди. Башкача айтканда, Вeeline бүгүнкү күнү мындай мүмкүнчүлүктү биздин студенттерге да берип жатат.

Сабакка байланыштуу кайсы бир маалыматты билүү үчүн интернетке муктаждык жаралып, айласыз учур болду беле? Тиешелүү маалыматты ала албай, кол алдыңда интернет жок болгондо эми ылдам Вeeline Wi-Fi жардамга келет. Ал сага маалыматты ыкчам алып, өз пайдаңа иштешине шарт түзөт. Ыңгайлуубу? Анда туташып ал да, дүйнө менен байланыш.

“WI-FI ГОРИЗОНТУН КЕҢЕЙТЕ БЕРЕБИЗ”

Компаниянын адистери бул долбоорду абоненттеринин суроо-талабы жана суранычынын негизинде иштеп чыгышкан. Вeeline’дын сегмент маркетинг жана продуктуларынын өнүгүүсү бөлүмүнүн башкы адиси Мээрим Ниязбекова "интернетке муктаждыгы жогору катмар – бул студенттер" дейт:

– Технология бүгүн ордунда турбай, күн сайын жаңыланып, өнүгүп жатканда Вeeline да заман агымы менен жүрүп, жогорку окуу жайларга Wi-Fi орното баштады. Интернет эң керек болгон адамдар студенттер эмеспи. Ушундан улам биз борбор шаардагы жогорку окуу жайлар менен атайын келишим түзүп, бул долбоорду ишке ашыруудабыз. Учурда Бишкектеги 17 окуу жайга орнотулган Wi-Fi ийгиликтүү иштеп жатат. Мындан ары техникум, колледждердин студенттерин да Wi-Fi’га туташтырып, андан кийин аймактардагы окуу жайларга жетебиз деген максаттарыбыз бар. Ошондой эле башка окуу жайлардан дагы “бизге да Wi-Fi орнотуп кетпейсиңерби” деген сунуштар болуп жатат. Демек, кулачыбызды кенен жая беребиз.

“СТУДЕНТТЕРДИН БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТУУГА САЛЫМ КОШКУБУЗ КЕЛЕТ”

Вeeline’дын дагы бир кызматкери, бизнес системаларын жөнгө салуу боюнча башкы адис Самат Мусаев атайын студенттер үчүн ушундай долбоор иштелип чыкканын айтат:

– Бул долбоордун негизги максаты – студенттерди интернет менен камсыз кылуу, алардын каражатын үнөмдөө жана билимин жогорулатууга салым кошуу. Wi-Fi’га кошулуунун артыкчылыгы көп. Ал мобилдик интернетке салыштырмалуу үнөмдүү эле болбостон, ылдам дагы. Ошондой эле уюлдук телефондун аккумуляторун үнөмдөйт.

СТУДЕНТ ҮЧҮН АТАЙЫН ТАРИФТИК ПЛАН ДА БАР

Урматтуу студент, эгер сен Вeeline’дын абоненти болуп, тарифиңдин абоненттик төлөмүн төлөсөң, анда сен университетте 24 саат бою чексиз жана ылдам Вeeline Wi-Fi`ды колдоно аласың. Эгер Вeeline’дын абоненти болуп, бирок тарифиңдин абоненттик төлөмү төлөнбөсө, анда Wi-Fi`ды 1 саат колдоно аласың. Ал эми башка операторлордун абоненти болсоң, сага колдонууга 30 мүнөт берилет.

Баса, жаңы “Можно Всё! 2.0” тарифи атайын студенттер үчүн иштелип чыкканын айта кетели. Анын тарификациясы төмөндө:

Абоненттик төлөм – жумасына 95 сом

Күндүзгү интернет – 8 ГБ

Түнкү интернет – чексиз

Түйүн ичиндеги чалуулар – акысыз

Башка уюлдук операторлоруна – 10 мүнөт

Ушул тарифтик планга туташкан СИМ-карталар айрым окуу жайлардын жанында сатылууда. СИМ-картанын баасы 50 сом. Кошумчалай кетчү жагдай, СИМ-картаны сатып алып жатканда промоутерлер сиздин балансыңызды 50 сомго толуктап беришет.

ТУТАШУУ ОҢОЙ

Эми университеттин аймагында Wi-Fi’га кантип туташуу керек экенин түшүндүрөлү. Алгач телефонуңдан Wi-Fi издөө баскычын басасың. Ал жерден Вeeline’дын Wi-Fi’ы көрүнөт. Аны бассаң авторизация боюнча “Вeeline’дын абонентимин” жана “Вeeline’дын абоненти эмесмин” деген эки баскыч көрүнөт. Өзүңө тиешелүүсүн танда да, Wi-Fi колдоно берсең болот. Айтмакчы, Wi-Fi’ды университеттердин ичинде эле эмес, сыртында да пайдаланууга болот.

Эгер сенин университетиңде орнотулган Wi-Fi боюнча суроо же маселе жаралса, анда компаниянын адистерине WhatsApp жана Telegram аркылуу кайрылсаң болот. 0771055155 Wi-Fi боюнча жаралган маселелерди жөнгө салуу боюнча кайрылууларды кабыл алат жана кандай кыйынчылык жаралбасын, кесипкөй адистер сенин окуу жайыңа барып, маселени чечип беришет. Компания Wi-Fi’дын сапатынын үстүнөн иштей бермекчи.

Алтынай Тынышова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 831, 5-11-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан