Роза Отунбаева. ИШ САПАРЫ ЖАНА АНВАР АРТЫКОВ
УӨнүн төрайымы Роза Отунбаева 18-июнда Ош шаарына барды. Шаардык ооруканада жаткан жарадарлардын абалын сурап, Бишкектен келген 61 врач Ошто жардам көрсөтүп жаткандыгын билдирди. Кийин облустук администрациянын алдында Ош шаарынын тургундары менен жолугуп, жакындарын жана туугандарын жоготкон үй-бүлөлөргө терең кайгыруусун билдирди. Отунбаевага жолугушууга чыккан топ “гуманитардык жардам тең бөлүнбөй жатат жана чет өлкөлүк ЖМКлар окуяны бир тараптуу чагылдырышууда” деп нааразычылык айтышты.
21-июнда Роза Отунбаева Жалал-Абад облусунда иш сапары менен болуп, ал жердеги абал менен таанышып чыкты. Эл менен жолуккан учурда Жалал-Абад облусунун бир тургуну: “Азыркы учурда өлкөдө оппозиция жок. Бирок анын ордуна элдин душманы бар”,- деди. Алар бийлик өкүлдөрүнөн эл аралык издөөгө жарыялангандарды батыраак колго түшүрүүнү жана жоопкерчиликке тартууну суранышты. Бул сапарында Роза Отунбаева Ноокат, Өзгөн жана Араван райондорунун жашоочулары менен да кезикти.
Ош жана Жалал-Абад облустарында тарап кеткен “Роза Отунбаева Анвар Артыковго турмушка чыкты” деген ушак-айыңдарды УӨнүн басма сөз кызматы жокко чыгарды. “Бул чагымчылардын жайган кезектеги калпы. Алар Роза Отунбаеваны “улуттун чыккынчысы” катары жаманатты кылууну көздөшүүдө. Бул ушак-айың эрте же кеч эмес, дал Ош шаарындагы кан төгүү менен бирге пайда болгон. Мындай кадам Роза Отунбаевага ишенбөөчүлүк туудуруу, ошону менен бирге кыргыздарды өз жакындары үчүн өч алууга көкүтүү болуп саналат”,- деп жазылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Ислам Каримов:
“ӨЧ АЛАМ ДЕГЕНДЕР – БИЗДИН ЭЛДИН ДУШМАНЫ”
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Бухара облусуна барган иш сапарында Кыргызстандагы окуяга улуттар ортосундагы жаңжал эмес, сырттан уюшулган күчтөр себепкер болгондугун билдирди. “Мында өзбектер дагы, кыргыздар дагы күнөөлүү эмес. Уюшулган сырткы күчтөр бул карама-каршылыкка Өзбекстанды да аралаштырууга кызыкдар болушкан”,- деди И.Каримов. Өзбекстандын президенти “канга кан” деп кек сактагандарга каршылыгын айтып: “Мен буга каршымын жана өч алууну каалагандарды биздин элдин душманы деп эсептейм”,- деди. Ал “жети өлчөп, бир кес” деген макалды үлгү катары көрсөтүп, зордук-зомбулук эч качан жакшылыкка алып келбей турганын эскертти.
ЭКС-ДЕПУТАТТАРДЫН ҮЙҮНӨН КУРАЛ ТАБЫЛДЫ
Ош шаарында Жогорку Кеңештин экс-депутаттары болгон Жалалидин Салахутдинов менен Иномжан Абдрасуловдун үйлөрүнөн курал-жарак жана ок-дарылар табылган. Алгач Ж.Салахутдиновго таандык “Ошкрастекст” ишканасынан курал табылганын Ош шаарынын коменданты Курсан Асанов “Азаттык” маалымат агенттигине билдирген. Ал эми 24-июнь күнү УКМК И.Абдрасуловдун үйүнөн конституциялык түзүлүштү кулатуу боюнча китептер, 4 Калашников автоматы, Макаров тапанчасы, 8 граната, танк пулемёту жана башкалар табылгандыгын маалымдады.
ТҮШТҮК ОКУЯСЫ ҮЧҮН КАНЧА ТӨЛӨНГӨН?
“Түштүктөгү окуяны Максим Бакиев уюштурган” деген билдирүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымдады. “М.Бакиев апрелде Өзбекстандын ислам кыймылынын (ӨИК) өкүлдөрү менен байланышкан”,- дейт К.Дүйшөбаев. Кийин май айында Ооганстанда К.Бакиевдин үй-бүлөсү, “Талибан” кыймылынын жана ӨИКтин өкүлдөрү катышкан жыйын өтөт. “Эгерде буюртма аткарылса, М.Бакиев 30 миллион доллар төлөөгө сөз берген”,- деп билдирет УКМКнын башчысы.
Ошентип, өзбек улутундагы 15 согушчан Пакистан, Тажикстан чек арасы аркылуу Кыргызстанга келген. Анын айтымында, дал ошолор өлкөнүн түштүгүндөгү кагылышууну башташкан.
Ысык-Көл облусунун Түп районунда “Ата Мекен” социалисттик партиясы III партиялык конференциясын өткөрдү. Ага партиянын төрагасы Ө.Текебаев жана Э.Алымбеков, О.Абдрахманов, К.Самаков катышты.
Облустун жашоочулары “Ош жана Жалал-Абад облустарындагы окуялар алдын ала түзүлгөн акция” деген пикирлерин билдиришти. Алардын айтымында, Ысык-Көлдө да мурунку бийликтин өкүлдөрү референдумду болтурбоо үчүн иш алып барышууда. Ошого карабастан, ысык-көлдүктөр референдумга катышуу ниети менен тарашты.
КСДПнын КОШУУНУ ОШ МЕНЕН ЖАЛАЛ-АБАДГА
БАРУУГА ДАЯР
Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы жаш мүчөлөрүнүн демилгеси менен “Чүй Арашан” деген топ түздү. Ага катталган 150 жигит 17-июнда Арашан айылынан “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жөө жүрүш жасады. Бул кошуун Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча тартипти орнотууга жардам берүүдө. Зарыл болгон абалда ыктыярдуу кошуундун мүчөлөрү Ош, Жалал-Абаддагы абалды турукташтыруу үчүн жөнөп кетүүгө даяр.
БАКИЕВ ОРУСИЯЛЫК НАСЫЯНЫ КАЙДА БЕКИТКЕН?
Экс-президент Курманбек Бакиев Минск шаарында 23-июнь күнү 286,3 миллион доллар көлөмүндөгү орусиялык насыя тууралуу айтып берди. “Бул каражатты туура эмес пайдаланган же уурдап алган деген ушактар жүрөт”,- дейт К.Бакиев. “КРнын Өнүктүрүү фонду” Жабык акционердик коомуна тапшырылган орусиялык насыядан Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегатын иштетүүгө жана курулушу үчүн 100 миллион доллар насыя берилген. Андан сырткары 2010-жылга айыл чарбанын чакан насыясы боюнча долбоорго 1 миллиард сом которулган. К.Бакиевдин айтымында, орусиялык насыянын калган бөлүгү апрель айынын башында банктын эсептеринде болчу.
Окурмандын ою
«МЕЛИС – ЭЛДИН УУЛУ»
– Ош жана Жалал-Абаддагы каргашалуу окуялардан пайдаланган айрым саясатчылар жеңил-желпи ушактарды таратып упайларды топтоо менен шугулданышууда. Ушундай ушактар Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун тегерегинде болуп жатат. Ачык айтыш керек, Мелис мырза ордолуу Ош шаарын башкарган бир жарым жыл аралыгында бир топ алгылыктуу иштерди жасады. Шаардагы баш аламан курулуштар иретке келтирилип, соода түйүндөрүндө тартип орноп, тазалык маселеси жаркырай түшкөн. Баса, эгерде дал ушул М.Мырзакматов болбогондо, Оштогу окуялардын масштабы да кыйла оор болмок. Улуттар аралык майда кагылышууларды Мелис мырза өзү эле басып келген. Азыр “М.Мырзакматов гуманитардык жардамдарды сатып жатат” деген кеп чындыкка такыр коошпойт. Чынын айтуу зарыл, Мелис мырза гумжардамга күнү түшкөн адамдардан эмес. Ал мэрликке чейин эле белдүү бизнесмен, ишкер адам катары түштүккө белгилүү болгон. Анан ушундай азаматтарыбызга асылып, сокур саясатты «сасыта» берүү осолдук. Өкүнүчтүүсү, биз, кыргыздар, ар качан тың чыкма, журт керегине жараган уулдарды өзүбүз ар кандай ыплас ыкмалар менен жайлап келебиз…
Оштон Токтобек
СУПЕР-ФОРУМ ӨЗ ЖАРДАМЫН КӨРСӨТТҮ
“Супер-Инфо” гезитинин расмий сайтындагы Супер-Форумдун колдонуучулары Ош жана Жалал-Абад облустарында жабыркаган мекендештерине гуманитардык жардам жөнөтүштү. Демилгени колдогон форумчу Гүлзат Мамытканова: “Азыр Ош тараптагы мекендештерибизге көмөк көрсөтүүдөн башка арга жок”,- дейт.
Эльвира Караева
politika@super.kg