ООРУГАН ТИШТИ ДАРЫЛАБАСА, ИЧКИ ОРГАНДАРДА ДА ООРУ ЖАРАЛАТ

Адамдын оозунда микробдордун 300гө жакын түрү жашайт. Эгер адам тишин убагында жууп турбаса, ошол микробдор көбөйүп, алгач кариес оорусун пайда кылат. Эгер кариести дарылабаса, анда ал башка оорулардын жаралышына себепкер болот. Микробдор ооздон ички органдарга өтүп, аларда да ооруларды пайда кылуусу менен коркунучтуу. Бул ирет тиштин кеңири таралган 3 оорусу тууралуу стоматолог Рустам Төрөгелдиев баяндайт.

ТИШ ООРУЛАРЫНЫН БАШЧЫСЫ – КАРИЕС

Кариес – бул белгилүү убакыт өткөндө жарылуучу бомба сыяктуу. Аны менен жаш балдар да, карылар да ооруйт. Жаш балдарды “бөтөлкө кариеси” тооруйт, анткени аларга таттуу жемиш суусундуктарын көп беришет жана упчуларын кыямга, кумшекерге малып алдап сордурушат. Карыларда жаш курагына байланыштуу бүйлөлөрү жукарат жана кичирейет да, тиштеринин түптөрү ачылып, эмалдары кетип, кариес жаралат.

Кариестин жаралышынын себептери төмөнкүлөр:

•Тишти убагында жуубоо же чала жуу. Тиштерде калган тамак-аштын калдыгы менен тамактануу үчүн ооздогу бактериялар ошол жерге үймөлөктөшөт. Ал калдыктар шилекей менен жуулуп кетпеши үчүн бактериялар жабышкаак зат бөлүп чыгарышат. Ошентип калдыктар тишке бекем жабышып калат. Бактериялар калдыктарды жеп да, көбөйө да башташат. Бактериялар бөлүп чыгарган сүт кычкылы тиштин эмалын бузуп баштайт. Эмаль бузулган жерде кичине так жаралат. Ошол кариес деп аталат. Убакыт өткөн сайын ал тактын өңү күңүрт тартып, ээлеген орду чоңоё берет.

•Таттууларды көп жегендик. Өзгөчө чоюлчаак, жабышчаак момпосуйларды жегенде алар тишке жабышып, жакшылап жуубаса толук кетпей калат да, бактериялардын чордонуна айланат.

•Шилекейдин коюу экендиги. Бул адамдын организминин өзгөчөлүгүнөн. Мындай болгондо тамак-аштын калдыгынын шилекей менен жулуп кетиши кыйын.

• Жемиш чайларын, шарапты көп ичип, цитрус жемиштерин көп жегендик. Аларда кычкыл көп болот. Аталгандарды көп жегенде эмаль өзүндөгү керектүү микроэлементтерди көп жоготот да, борпоң тартат.

• Суунун курамында фтордун аз же көп экендиги.

•Тамеки жана насыбай чегүү

Стадиялары

1-стадиясы – эмалда так бар, бирок оорутуу жок.

2-стадиясы – үстүртөн кариес. Эмаль бузулуп, кичине жаракалар кетет. Тишти жууганда, таттуу, туздалган нерсени жегенде оорутуу сезилет.

3-стадиясы – эмаль кайра калыпка келбегидей болуп бузулат.

Дарылоо

1-стадиясында атайын каражаттар менен жууп, тишти күтсө, эмалды бүтүн сактап калууга болот. 2-стадиясында кариес стоматологиялык атайын шайман менен тазаланып, пломба коюлат. 3-стадиясында кариести тазалап, пайда болгон оюктун түбүнө курамында кальцийи бар дарылык төшөлмө коюлат. Бул нервди бузулуудан сактоо үчүн керек. Анан пломба коюлат.

Эгер кариести дарылабаса, анда ал пульпит оорусуна өтөт.

ПУЛЬПИТ – ТИШТИН ТҮБҮНҮН ИРИҢДЕП, НЕРВИНИН СЕЗГЕНИШИ

Пульпит – бул тиштин “жүрөгү” аталган пульпасынын сезгенип, ириңдеп кетиши жана бүйлөнүн шишиши. Пульпа тиштин каналынын ичинде жайгашкан, анда нерв, кан тамырлар, байламталар болот. Кан тамырлар керектүү азык-заттар менен тишти ичтен азыктандырып турат. Пульпитте тиш ысык, муздак ичкенде ооруйт. Лукулдатып оорутуу кечинде күчөйт.

Себептери

1-себеби – кариестин өтө тереңдеп кетиши. Бактериялар, инфекциялар пульпага жетип, андагы нервди, кан тамырларды сезгендирип, ириңдетет. 2-себеби – туура эмес ортопедиялык дарылоо. Мисалы, сапаты начар пломбаны колдонуу. Коронка кийгизүү үчүн тишти көп өгөөлөөдө пульпанын ысып кетиши. Андыктан өгөөлөөдө суу бүркүп туруу керек.

Дарылоо

Дарылоо 1 же 2 күн жүргүзүлөт. 1 күндүк дарылоодо ооруну сездирбөөчү укол сайылып, тиш пульпага чейин оюлуп тешилип, канал ириңдерден тазаланып, нерв алынат. Пульпа сезгенгенден кийин нервди сактап калуу мүмкүн эмес. Анан дарылык төшөлмө, пломба коюлат. 2 күндүк дарылоодо каналдар тазаланган соң нервин өлтүрүү үчүн мышьяк, үстүнө убактылуу пломба коюлат. 2 күндөн кийин пломба, өлгөн нерв алынып, ал жер тазаланат. Каналдар атайын паста менен толтурулуп, үстүнө медициналык төшөлмө, пломба коюлат. Эгер төшөлмө коюлбаса, анда инфекция пломбадан өтүп, ал жер кайра ириңдеп кетиши мүмкүн

Нерви алынып, каналы тазаланган тиш өлүү тишке айланат. Керектүү азык-заттар барбай калгандыктан тиш борпоң тартып, акырындан сынып баштайт. Пульпитти дарылабаса периодонтит келип чыгат.

ПЕРИОДОНТИТ – ТИШТИН БҮЙЛӨСҮ МЕНЕН БАЙЛАМТАЛАРЫНЫН КОШО ИРИҢДЕШИ

Периодонтит – бул тиштин тамырын, нервин курчап туруучу ткандардын (периодонт) сезгениши. Башкача айтканда, тиштин бүйлөсүнүн жана тишти жаак менен байланыштырып туруучу байламталардын инфекциядан улам сезгенип, ириңдеши. Тиштин толук талкаланышына жеткирүүчү дарт. Кариес тиштин тамырына чейин жеткендиктен жаракалар кетип отуруп, тиш оюлуп калат.

1-себеби – пульпитти дарылабай коюудан (тиштин түбүндөгү ириң чаап кетет) же пульпитти дарылоодо мышьяктын 2 күндөн ашык калып кетүүсү. 2-себеби – тишке, жаакка сокку болгондо, айталы тиш түшүп же сынып кетсе, байламталар үзүлүп, ткандары сезгенип, ириңдейт. 3-себеби – организмде ириңдүү дарт болсо. Ириң кан менен барып, байламталарды сезгендирүүсү ыктымал.

4-себеби – пульпитти дарылаганда таза тазаланбай инфекция калып калса.

Оору белгилери

Бир нерсени тиштегенде, тамак ичкенде тиш оорутат. Бирок ысык-суукту сезбейт, анткени сезгенүүдөн улам нерви өлүп калган. Тиштин алдына ириң толуп калгандыктан тиш өйдө көтөрүлүп, өсүп кеткендей туюлат. Тиштин оюгундагы тамак-аш калдыктары чирип, ооз сасыйт. Тиш борпоң болуп, сынып кете берет.

Дарылоодо тиш рентгенге тартылат, каналдар ириңден тазаланат. Оюкка кальций же дарылык паста салынат. Үстүнө убактылуу пломба коюлуп, 2 аптадан кийин келүү керектиги айтылат. Ал убакта ириң жок болот. Кайра келгенде рентгенге тартылып, убактылуу пломба алынып, ордуна биротоло калуучу пломба коюлат.

Эгер периодонтитти дарылабаса ириң жаак сөөктөргө өтүп, ириңдетип, чиритип баштайт (остеомиелит оорусу).

Айтып кетчү нерсе, тиш ооруларын убагында айыктырбаса бактериялар жана инфекция ангинаны, гастрит менен ашказан жарасын, эндокардитти (жүрөк оорусу), тромбозду (кан тамыр оорусу) жаратып, инфаркт, инсультка чейин жеткирүүсү мүмкүн.

ТИШ ООРУЛАРЫНЫН АЛДЫН АЛУУ

  • 1 жашка чейинки балдардын тишин, ооз ичин апалары таза дакини колго ороп алып тазаласа болот.
  • 1жаштагы баланын тишин ата-энеси атайын чыгарылган резина щётка менен тазалап берсе, 2 жаштан баштап балага тишти жууну үйрөтүү керек. Балдар үчүн атайын пасталар бар, аларды балдар жутуп алса ашказанына зыян келтирбейт. Ошолордон алып берүү кажет.
  • Жылына 2 ирет стоматологдун текшерүүсүнөн өтүп туруу сунушталат.
  • Тишти агартуучу каражаттарды көп колдонбоо, тиштин түбүндөгү таштарды бир жылда 1-2 жолу тазалатып туруу кажет.
  • Тишти 2-3 маал жууп, чай ичкенден соң чайкоо зарыл.
  • Тиштин эмалы кетпеши үчүн сөөк же башка катуу нерселерди кемирүүгө, семичке, жаңгак чагууга болбойт.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Chaki2795
2018-10-09 13:28:04
Рахмат, пайдалуу кеңеш болду
0
№ 831, 5-11-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан