ТӨЛӨМ СИСТЕМАЛАРЫНЫН КООПСУЗДУГУ. АРАЛЫКТАН ТӨЛӨӨ

Инновациялык технологиянын өнүгүүсү менен банктык кызмат көрсөтүү өнүгүп-өсүп, учурда эл аралык жаңы деңгээлге жетишип жатат. Биздин азыркы жашообузду интернетсиз, уюлдук байланышсыз жана уюлдук аппараттарсыз элестетүү кыйын. Финансы кызматтарын көрсөтүүчү уюмдар дагы бир орунда турбастан, пайда болгон жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга аракеттенишет. Эгерде мурда банкка барбай эле төлөмдөрдү аралыктан төлөө мүмкүн эмес болсо, азыр ал жаңылык деле болбой калды. Жаңы технологияларды колдонуу менен төлөмдөрдүн улам жаңы түрлөрүн акырындык менен ишке ашырууга мүмкүндүк жаралууда. Кардарларга ыңгайлуулук тартуулаган аралыктан төлөм жүргүзүүнүн коопсуздугу жана анын өзгөчөлүктөрү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалар башкармалыгынын Төлөм системасына көзөмөл жана контролдук бөлүмүнүн башчысы Назгүл Өмүралиева маалымат берди.

– Назгүл Өмүралиева, банкка барбай эле аралыктан кандай төлөмдөрдү төлөөгө болот?

– Учурда бир катар төлөмдөрдү банкка барбай эле үйдөн, жумуштан же башка аралыктан жүргүзүп жатышат. Мисалга алсак:

• Коммуналдык кызматтар;

• Буюмдарды интернет-дүкөндөр аркылуу сатып алуулар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн (курьер, такси, химиялык тазалоо жана башкалар) төлөө;

• Байланыш кызматтары

• каалаган убакытта жана каалаган жерден акча которуу, которулган акча каражаттарын алуу;

• айрым мамлекеттик төлөмдөрдү төлөө (айып пул, салык, патент жана башкалар).

Албетте, бул абдан ыңгайлуу, анткени төлөмдөрдү күн-түн дебей каалаган убакытта төлөөгө болот.

– Төлөмдөрдү төлөп жаткан жабдуулардын коопсуздугу тууралуу эмне айта аласыз?

– Алдамчылар да артта калбай заманга ыңгайланышып келе жатканын унутпашыбыз керек.

Аналитикалык компаниялар талдап-иликтеген маалыматтарга таянсак, жаңы технологияларды колдонгон алдамчылар жылдан жылга өсүүдө. ThreatMetrix (тармактардагы коопсуздук боюнча иш алып барат) адистеринин айтуусунда, 2018-жылдын алгачкы 6 айы ичинде уюлдук алдамчылардын саны дээрлик төрттөн бир эсеге көбөйгөн: 2018-жылдын биринчи жарым жылы ичинде 150 миллионго жакын ушундай мыйзамсыз иш-аракеттер катталган, бул 2017-жылга салыштырганда 24 пайызга көп.

Эксперттер аралыктан төлөө системаларына чабуул коюуда уурдоонун төмөнкүдөй кеңири колдонулган жана тараган схемаларын белгилейт:

1) социалдык инженерия технологияларын колдонуу менен;

2) уюлдук жабдууга кирүүнү илип кетүү;

3) жасалма мобилдик тиркемелер же сайттар;

4) SMS-билдирүүлөр аркылуу илип кетүү же уурдоо ж.б.

Кадимки вируска каршы коргоо каражаттары менен алдамчылыктын бардык схемаларын алдын аласыз. Мисалы, социалдык инженерияны колдонгон учурду алып көрөлү: кылтакка илинген кардар алдамчыга ишенип, өз алдынча анын эсебине акча которгон учурда же анын реквизиттерин (логин жана пароль ж.б.) алдап алып алган учурда алдамчылар аларды андан ары акча чыгаруу же эсепке кирүү аракеттерин көрөт. Же кардар акыры зыян келтирүүчү программа болуп чыккан мобилдик тиркемени жүктөп алат.

– Алдамчылардан канткенде өзүбүздү коргой алабыз?

– Аралыктан төлөгөндө төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:

- коопсуз логин жана паролду/жеке идентификациялык номерди орнотуу/колдонуу керек, мында ар бир тиркеме үчүн ар башка логин жана пароль болуусу зарыл, ошондой эле аларды эч ким билбөөгө тийиш;

- өзүңөрдүн логинди, паролду жана жеке идентификациялык номерди (жеке компьютер, уюлдук байланыш ж.б.) аппараттын өзүндө же башка коопсуз эмес жабдууларда сактабагыла;

- мезгил-мезгили менен код, пароль жана жеке идентификациялык номер алмашып турууга тийиш;

- бейтааныш адамдарга жеке маалыматтарды ачыкка чыгарбоо зарыл;

- тийиштүү иш-аракеттерди туура аткаргандыгыңызды текшерүү үчүн дайыма операциялар жана көчүрмөлөр таржымалын текшерип туруу керек;

- операция жүргүзүү үчүн сиздин эсебиңизди бирөө колдонгонун байкасаңыз, сиздин эсебиңиз ачылган банктын адистерине күтүүсүз бул тууралуу билдирүү зарыл;

- Онлайн операцияларды ишке ашыруу же жеке маалыматтарды берүү алдында интернет-банкингдин же мобилдик тиркемелердин туура веб-баракчасын колдонуп жатканыңызды текшериңиз. Алдоо максатында ачылган жасалма веб-баракча менен тиркемелерден сак болуңуз;

- өзүңүздүн жабдууну (жеке компьютер, уюлдук телефон ж.б.) уруксатсыз кирүүдөн жана зыян келтирген программалардан коргоо керек, ал үчүн вируска каршы программаны дайыма жаңыртып туруу зарыл;

- уюлдук телефонду жоготуп же уурдатып алган учурда тезинен сиз тейленген банкка/төлөм системанын операторуна билдирүү кажет;

- кыска мөөнөткө кароосуз калтырылган болсо дагы электрондук операциялар ишке ашырылган сайттан/тиркемеден чыгуу керек;

- банк операциялары жүргүзүлгөн аппаратты башкаларга берүүгө болбойт;

- жеке финансылык маалыматты системага/тиркемеге киргизгенге чейин бул маалыматтардын пайдаланылышы же жайылтылыш шарттары менен таанышып чыгуу.

– Интернет сайттар (мобилдик аппарат менен интернетке кирген учурда) билгизбей акчаларды эсептен алып сала алабы?

– Коопсуздук эрежелерин сактабаган учурда мындай жагдайлар орун алышы мүмкүн, алсак, интернетке WI-FI тармагы аркылуу же мобилдик аппарат менен кирүүгө болот, мында алдамчыларга жеке маалыматтарга аралыктан кирүүгө мүмкүндүк берген вирус программасы аппаратка кирип кетиши толук ыктымал.

Мындай жагдайлардын алдын алуу үчүн, мобилдик аппараттардын колдонуучуларына мобилдик түзүлүштөр үчүн вируска каршы программасын колдонуу, ошондой эле сиз көп ишене бербеген SMS-билдирүүлөрдөгү, интернет сайттардагы, WhatsApp маалыматтарындагы шилтемелерге өтпөө сунушталат.

– Аралыктан төлөө үчүн сайттарды жана тиркемелерди тандоодо кантип алдамчыларга илинип калбоо керек?

– Мындай максаттар үчүн белгилүү компаниялар иштеп чыккан жана далилденген мобилдик тиркемелерден жана тейлөө кызматтарынан пайдаланган жакшы. Негизинен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган юридикалык жактардын тиркемелерин пайдалануу туура.

Мобилдик аппарат аркылуу төлөөдө сиз төлөм жүргүзө турган тейлөө кызматы, төлөм суммасы көрсөтүлгөн SMS-билдирүү менен төлөмдү тастыктоо кызматын кошуп алуу сунушталат. Акча каражаттарын которуу сиз тастыктоо берген учурда гана жүзөгө ашырылат.

– Көп учурда түрдүү SMS-билдирүү келет, алар канчалык кооптуу болушу мүмкүн?

– Белгисиз адамдардан келген SMS-билдирүүлөр кооптуу болуп саналат, жогоруда айтылгандай эле алар вирус алып жүрүшү мүмкүн. Алдамчылар ар кандай ыкмаларды колдонуп, ар түрдүү аталыштагы SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүшөт: "Өтө шашылыш", "Иш боюнча", "Сиз лотереядан утуп алдыңыз" жана башка.

Эгерде алдап жаткан мүнөздөгү билдирүү келгендигин сезсеңиз, андай маалыматты өчүрүп салыңыз дагы анда берилген шилтемелер аркылуу эч кандай сайтка/тиркемелерге кирбеңиз.

– Акыркы мезгилдерде телефон аркылуу алдоонун кандай түрлөрү пайда болду?

– Кеңири тараган схемалардын бири болуп: туугандын атынан чалып, бейтааныш номерге акча которуу же болбосо сиздин номериңизге жаңылыш которулган акчаны кайра “кайтаруу” өтүнүчү эсептелет. Ошондой эле SMSтеги же күмөн жараткан сайттагы зыян келтирген программалар – алар абоненттин телефонуна кирип, ага билгизбестен акы төлөнүүчү контенттерге уруксатсыз жазылат, керек болсо, жазылган контакттар боюнча вирустардын көчүрмөлөрүн жөнөтүүгө жетишет.

МОБИЛДИК АППАРАТТАРДЫ КОЛДОНГОНДОРГО КЕҢЕШ

Билдирүүлөр менен келген шилтемелерди баспаңыз, жеке маалыматтарды сураган билдирүүлөргө жооп бербеңиз. Мындай шилтемелер кооптуу болушу мүмкүн. Андан көрө интернеттен сайттын атын өзүңүз терип, түздөн-түз электрондук баракчасына кирүү керек, билдирүүдөн келген шилтемелерди көчүрбөңүз.

Электрондук почта/ WhatsApp/SMS аркылуу сиздин жеке маалыматтарыңызды же эсептин/банк картасынын/электрондук капчыктын номерин/логин/ паролду жана башкаларды сураган билдирүүлөр келген учурда алардан күмөн саноо керек. Билдирүүдө берилген номерге чалуунун кереги жок, андан көрө уюмдун расмий сайтында же банк берген көчүрмөдө же келишимде жана башка көрсөтүлгөн телефонго чалуу зарыл. Билдирүү жөнөткөндөр сиздин жеке маалыматтарыңызды алууну көздөгөн алдамчы болушу мүмкүн.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 831, 5-11-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан